845 20
23.03.2020
БАБАЛАР жана БАЛДАРЫ
БАБАЛАРДЫН АЙТКАНЫ:
Бөтөлкө менен достошконуң, өмүрүң менен коштошконуң... Бузук адамга түзүк адам кас көрүнөт... Аракка чөгүп өлгөндөрдүн саны, деңизге чөгүп өлгөндөрдүн санынан алда канча арбын... Аракеч үй-бүлөнүн көз жашын жейт, анан өз башын жейт... Арак ичип чардагандын ата-энеси зар какшайт... Арак ичип чайпалгандын, балдарынын келечеги чайпалат... Аракка кандым дегиче, азапка калдым дегин... Арактан ичип кутулбайт, качып кутулат... Арактын арты жаман, айыкпас дарты жаман... БАЛДАРЫНЫН КЫЛГАНЫ
идеологиянын жоктугу, же ишкерлердин шоктугу!
Арак чыгарган иш каналар мекенге миллиондогон киреше алып келгени менен, миллиарддаган чыгашаларды да жасап жатат: ажырашуу, авария, кырсык, өрт, мушташуу, адам өлтүрүү, жетимдер, жесирлер, майыптар, таштандылар, оборт, зына, талак.... санай берсең кете берет. Бабаларыбыздын аттарын жана уюткулуу-уңгулуу улуу сөздөрдү - атың өчкүр аракка коюп алганы да арманыңды арттырат... Карантинде кадырыңды кетирип ичпегилечи, кагылайындар. Төбөлдөрү баш болуп арамга үгүттөгөн өлкөгө айланып баратабыз😔😔😔 23.03.20 Идрис акын