Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3792   27
29.05.2020
ТАЗА ЖҮРӨК Мектепте мугалимдин, иш канада башчыбыздын, армияда жетекчинин, үйдө ата-эненин айтканын заматта кылып, алардын алкышын алгыбыз келет да, эмне үчүн баарыбызды жараткан Аллахтын айтканын аткарып, Анын да алкышын алгыбыз келбейт? "Сен эмне буйрук берсең бер, менин андан да маанилүү иштерим бар!" дегенсип, намаз кылбастан жүрөбүз! НАМАЗ ыйман келтиргенден кийинки эң маанилүү ибадат. Баарына жооп беребиз. Керек болсо телефонуна жооп бербеген адам жок. Ким чалды экен? - деп, тааныбаган номурга да жооп кайтарабыз. Аллахтын чакыруусуна жооп бербеген жалкоо жаныбыз Жаннатка кантип кирет? Аллахка шүгүр - Аллахтын айтканын аткаруу менен билдирилет. "Намаз окубасам да, орозо тутпасам да ЖҮРӨГҮМ ТАЗА менин" - дегендер уккула: -жүрөгү таза адамдар Жараткандын буйругун аткарат!!! Ислам дини ушунчалык укмуш, оңой, маанилүү, пайдалуу, керектүү, жеңил экендигин билсек кана... Аны үйрөнбөй туруп, дин менен жашоо кыйын экен - деп татаал көрүп алдык... Китеп текчеңизде Алланы, акыретти, динди, исламды, шариятты, Куранды, Пайгамбарды, сахабаларды тааныткан жана үйрөткөн китептер да турсун... ТАЗА ЖҮРӨК - ЖАРАТКАНДЫН БУЙРУГУН АТКАРАТ! Алланын айтканын аткарбай туруп, "жүрөгүм таза" - деп айтууга шашпай туралы. Кантип байыгандын сырын үйрөткөн китептерди талашып жаткандар, кантип татыктуу жашоонун сырын үйрөткөн Курандын да маанисин үйрөнгөнгө шашалый... Аллах баарыбызга бекем ыйман берсин! ИДРИС АЙИТБАЕВ
6188   26
18.05.2020
30 күндө 30 сабак 24-күн ТУУГАНЧЫЛЫКТЫН БЕРЕКЕСИ Эки нерсенин акыбети инсанга өтө тез берилет. 1. Эгерде тууганчылыкты уласаңар анын берекеси жашооңордо тез байкалат. 2. Эгерде тууганчылыкты үзсөңөр, бой көтөрүп сүйлөсө же зулумдук кылса, ал анын азабын тез эле өз көзү менен көрөт. Тууганчылыкты улаган адамга Аллах Таала 3 белек берет. 1. Өмүрүн узартат 2. Ырыскысын кенен кылат 3. Жаман өлүмдөн сактайт Тууганчылыкты улоо дегенге шарият белгилеп берген бардык туугандар кошулат. Тууганчылыкты улоо Аллах Таалага өтө жагымдуу амал. Үйдөгү адамдар күнөөкөр болсо да алардын ынтымактуулугунан бала-чака жана мал-дүйнөнү көп берет. Ошондуктан сиз карап көрүңүз, канчалаган адамдар намаз окушпайт. Алланын өкүмүнө каршы келген үрп-адаттар менен жүрүшөт. Ошого карабастан, өтө бай жана балдары да көп. Анын себеби алар бири-бири менен ынтымакта жашашат. Күнөөкөр пенделерге да Аллах Таала ушундай белектерин берет.... Идрис акын
1717   26
13.03.2020
Балаң үчүн оку жана бөлүшүп кой Балам үчүн жашап жатам, балам болбогондо эчак эле жыйыштырып коймокмун баарын-деп напсинин сөзүнө алданып, шайтандын тузагына түшпө. Балдарыңа бооруң ачып жатса ук анда. Ортоңордогу ызы-чууну көрүп чоңойгон баланын жан дүйнөсү ансыз да талкаланып чоңойот. Бала үчүн жашап жатам деген жалган шылтоо менен баланы кошо кыйнап жатасыңар. Ата-эненин ортосундагы көңүлсүз, бактысыз жашоого курчалган балаланын бактылуу балагы кошо талкаланат. Балам үчүн жашап жатам - дебе мага, балалыгын талкалап туруп. Өзүңдү бактылуу сезмейинче балаң бактылуу болбойт эч качан. Балаңдын бактылуу балалыгын өзүң менен кошо талкалабай, жашоону жакшы жакка өзгөртүү өз колуңда турат. Аялыңды болушунча сүй же барынча сүй, кандай болсо ошондой сүй. Күйөөңдү болушунча сүй, жоктон бар кылып сүй. Унутпа Аллах Таала силерге жаман көрүнгөн нерсенин аркасына жакшылыктарды жашырып койгон... Үй-бүлө чырын үшкүрүнүп ар кимге айта бербей, сабыр жана акыл менен элдешип, жакшы жакка чечиңиз... Ата-энени баласы үчүн аткара турган эң чоң жакшылыгы, АТА МЕНЕН АПАНЫН БИРИН БИРИ СҮЙҮҮСҮ ЖАНА СЫЙЛООСУ. 13.03.20 ИДРИС АКЫН
2656   25
13.05.2020
ГАМБУРГДАГЫ АЭРОПОРТТОГУ КЕЗЕК Сапарым аяктап кайра мекенге кайтуу үчүн аэропортто билетке кезекте турган болчумун. Алдымда болжол менен 200 киши, артымда болсо 100дөй киши бар эле. Жанымда мени күзөтүп келген Санжар деген тагам ошол жерде иштейт жана немис тилин жакшы билет. Биздин алдыбызда эки немис аял кезекте турган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин алардын жанына бир киши келип, лентанын сыртынан аларга кошулуп алууну суранда. Көрсө таанышы экен. Аялдын бири макул десе, экинчиси жок болбойт, элдин акысына кирип калабыз деп тартышып жатты. Бир аздан кийин эки аял катардан чыгып, жаңы келген киши менен кошулуп, эң акыркы катарга турушту. Мунун баарын эмнеге кетип калды деп сураганымда, тагам түшүндүрүп берди. Ошол кезде мага айтпайт белеңиз "кире бер деп, кошуп коймокмун" -десем; "сен макул болгонуң менен, сенин артыңдагы 100 киши макул болбойт да" - деп мени ойго салды.... АДАМ АКЫСЫНАН ЭТИЯТ БОЛОЛУ... Сенде калган 20 сомун сурап келген кишиге "мынча майдаланасың, 20 сом үчүн өлүп жатасыңбы" - деп жек көрбөңүз. Кыяматта ушул майда нерсенин азабы катуу болот!!! 13.05.20 Идрис акын
Загрузка...
1554   21
22.06.2020
АЛЫСКЫ САПАР САБАГЫ Досуңду билүүнү кааласаң, аны менен сапарга чык. Анткени адамдын асыл жүзү сапарда ачылат. Эмне үчүн сапар "сапар" деп аталган билесизби? Адамдын адеби жана асыл жүзүн ачып таштагандыгы үчүн. "САФАРА" арапча этиш сөзү "бет капты ачты, жүзүн ачты" деген маанини билдирет. Азыркы самолёттогу сегиз сааттык же унаадагы он сааттык сапарда адамдын ким экендиги даана билинбейт. Апталап, айлап, жылдап чогуу болгон сапар адамды жакшы таанытат. Ал эми бир өмүр бүтпөй турган эрди-катын сапарында шеригиңизди күн сайын үйрөнүп жашайсыз. Сапарымды токтотом десеңиз, бул ирет алсыздык жана жалгыздык менен андан да оор сыноо менен беттешесиз. Андыктан турмуштун оор жүгүн турмуш сапардагы түгөйүңүз менен бөлүшүңүз. Узак жолдо чарчабайсыз... Жаман эрдин аркасына жашырынууну үйрөнүү керек. Сизге жаман көрүнгөн иштин артына Аллах Таала жакшылыкты жашырып койгон. Мусулманмын деген ар бир эркек кишинин көзүн күйдүргөн хадис: "аял киши төрт эле нерсени аткарса бейиштин каалаган эшигинен кирет: намазын окуса, парз орозосун кармаса, уятын жапса, жолдошуна баш ийип - сыйласа"... Эрим менден кетпесин десең, жогорудагылар жадыңдан чыкпасын, карындашым😊
2196   21
21.05.2020
30 күндө 30 сабак 28-күн АР КИМ ӨЗҮНҮН ЫРЫСКЫСЫ МЕНЕН ЖАРАЛАТ Баягыда бир отунчу болгон экен. Кедейликтин айынан шаарга отун терип келип, мына ошол отунду сатып күн көрчү. Бирок ар дайым отунду сатып болгону 200 сом (дирхам) сабат экен. Эч качан андан көп акча таппайт экен. Күндөрдүн биринде бир оолуя аксакалга жолугуп, аз акча тапканынан арызданып калат. Оолуя аксакал: -уулум, Аллах сенин ырыскыңды 200 сом деп жазган болсо сен эч качан 202 сом да таппайсың - деп жооп берет. Жообуна арданган киши отунчулукту таштап салып, көп акча табуу максатында кара жумуш аткара баштайт. Биро бары бир ошол эле акча табат. Күндөрдүн биринде бир колунда бар бай манапка жолугуп калат. Бай киши: -менин короомдо, багымда жумуш бар. Келип аткар, күнүнө мен сага 200 сом кызмат акы төлөп берейин-деп айтат. Оолуянын "Аллах сенин ырыскыңды 200 сом деп жазган болсо сен эч качан 202 сом да таппайсың" - деген эсине келет да: -макул барайын, бирок жок дегенде 202 сом кызмат акы бериңиз - дейт. Анын бул сунушун уккан бай киши: -жок, короомдо үйүм бош, кааласаң бекер жатып жаша. Бирок ашыкча акча бере албайм - деп жооп берет. Жок дегенде ушул жумуштан кур калбайын деген үмүт менен макулдук берет. Ошентип иштеп жүргөн кишини жумушун бай киши жактырып калат да, аны кенже кызына үйлөп, ошол үйгө жайгаштырып койот. Ошентип биз билген отунчу үйлүү болот, балалуу болот, жерлүү болот. Ушинтип отуруп байып кетет. Күндөрдүн биринде жанагы оолуяны издеп таап: -оолуям, сиз мага ушундай дедиңиз эле. Мына азыр байып кеттим, эми эмне дейсиз! - деп суроо узатат. Оолуя киши баарыбызга сабак боло турган жооп берет: -уулум, сенин ырыскың азыр деле 200 сом. Ал эми сен ээ болгон мына бул байлыктар аялың жана балдарыңдын ырыскысы-деген экен... АНДЫКТАН Урматтуу эркектер, үйлөнгөндөн кийинки ийгилик же береке жалгыз эркектики эмес. Ал ийгиликте аял менен бала-чаканын акысы бар... Идрис акын
4014   20
18.05.2020
30 күндө 30 сабак 25-күн УЛУУЛАРДЫ УККУЛА Илим байлыктан жакшы, анткени байлыкты сен сактайсың, ал эми илим сени сактайт. Азырети Али РА Дүйнөнү көр, саякат кыл; ичине кир, бирок этият бол: дүйнө сенин ичиңе кирбесин. Хазрат Шейх Мухаммад Содик Мухаммад Юсуф Акчанын каерден келип жатканын билгиң келсе, каякка жумшалып жатканын кара. Имам Аазам Байлар байлыктын ээси эмес, байлык байлардын ээси. Диоген Базарда кайсы товар көбөйсө, анын баасы арзандап кетет. Адамдагы адеп болсо анын тескериси- көбөйгөн сайын баасы ашат. Шамс Табризий Адепти үйрөнбөй туруп, илимди үйрөнүп болбойт. Суфен Саври Туура болсоң Өсүп барып гүл болосуң Ийри болсоң Өсүп барып кул болосуң... Чыныгы байлык, мал-дүйнөнүн көптүгү эмес, напсинин токтугу. Алдынан келе жаткан малга Имамазам жол берет. Себебин сурашканда ушинтип жооп берет : -малдын мүйүзү болсо, менин акылым бар! Картайып калган кишиге : "эми карып калдыңыз, өзүңүздү чарчатпаң, дем алыңыз", деп айтышты. Ал болсо ушинтип жооп берди : -эгер бир мелдешке катышып калган болсоңуз жана маарага жакындасаңыз, секиндешет белеңиз?.... Достор жаш өткөн сайын өлкө үчүн аткара турган ар бир ишибиз атуулдук парзыбыз экенин унутпайлы Идрис акын