Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3273   35
30.04.2020
30 күндө 30 сабак 7-күн ЖЕТИ ОЙ 1-ой Даарыны убактында ичкенге аракет кылгандай эле, намазды да убактында окуганга аракет кылыңыз. Убакыт бар али - деп убакыттын акырына, же али жашмын - деп өмүрдүн акырына сүрө бербеңиз. Намаздын жашоодогу орду, баштын денедеги орду сыяктуу. 2-ой бийик тоого же имаратка чыктым же болбосо палан мамлекетке бардым деп мактанабыз. УНУТПАҢЫЗ Жайнамазга чыгара албаган, же мечитке алып келе албаган бутуңуз ЖАННАТКА АЛЫП БАРА АЛБАЙТ. Аллах баарыбызга бекем ыйман берсин. 3-ой АДАМДЫ АЧКАЛЫК ӨЛТҮРБӨЙТ, ТОКЧУЛУК ӨЛТҮРӨТ. Ар дайым ток болгон адам моралдык жана материалдык жактан ооруй баштайт. Ашказаны толо болгон адамга баян, кеңеш таасир бербейт. Эң кымбат асыл ойлорду айтсаң да акылга албайт. Себеби ашказан толук, көз менен көңүлү өлүк болуп калган. Рамазан өлүк жандарды тирилтсин😔Иншаллах. 4-ой Адамдын денеси да бир фабрика сыяктуу, ал эми анын дене мүчөлөрү, ички органдары фабриканын иштеп жаткан жабдуулары сыяктуу. Орозо болсо, ошол фабриканын дем алуусуна, бузулбай жакшы иштөөсүнө жардам берет. Денедеги чогулуп калган зыяндуу майлар, туз-таштардын, семирүүдөн улам пайда болгон ашыкча салмак жана эттер жоголот. Бүгүн ашыкча салмактан арызданган адамдар көп. Бул орозонун көзүңүзгө көрүнгөн сүйүнүчү, ал эми акыреттеги Алланын бере турган сүйүнүчүн Аллахтан бөлөк эч ким билбейт. Бирок орозолууга убада кылган Фирдавсына- Райянына жетүү баарыбызга насип кылсын иншаллах. 5-ой -Түногон уйдун түтүнүн сыйла, кенешкен кептин бүтүмүн сыйла -Кепти баамы менен уккан адам сөздү даамы менен сүйлөйт... -жок болсо эгер сабырың, жоголуп кетет кадырың... Идрис 6-ой Теңчиликти мактайбыз Тентип издеп таппайбыз Теңчилик ал МАЗАРДА Мазар жакка баспайбыз!!! Идрис Акчалуу коркпойт базардан Ыймандуу коркпойт мазардан Момун болсоң бул айда Көп шүгүр айт Кудайга... Идрис 7-ой Бирөөгө осуят айтсаң осуяттын тартибин сакта. Биринчи өзүнө айт. Элдин көзүнчө шермендесин чыгарба... Сен мындай кылдың деп эсептешип (разборка) убактыңарды коротпогула. Эсептешүүгө Аллах атайын кыямат күндү коюп койгон.... ОШОЛ ЭСЕПТЕШҮҮДӨН ЭТИЯТ БОЛОЛУ .... ЭРКЕК Эркек жекеме жеке чыгам дейт, сен мага чыкпай жайнамазга чыгып ал. Чыкчы эркек, эки саат чыга аласыңбы, э
3373   35
10.06.2020
ЧЕКПЕГИЛЕ! Эгерде СИГАРЕТАНЫ "АДАЛ" деп эсептесениз, эмне учун чегээрден мурда "БИСМИЛЛАХ"ты ал эми бүткөндөн соң "АЛХАМДУЛИЛЛАХ"ты айтпайсыз? Эгерде аны ЫРЫСКЫ деп карай турган болсоңуз, эмне үчүн таманыңыз менен тебелеп өчүрөсүз? Эгерде аны ЖӨНӨКӨЙ КӨНҮМҮШ десеңиз, эмне үчүн ата-энеңиз менен отуруп чекпейсиз? Эгерде аны ЫРАХАТ (КАЙФ) десеңиз, эмне үчүн балдарыныз менен бөлүшпөйсүз жана аларга да эмнеге үйрөтпөйсүз? *** Тамеки тартуу бул: 20 жашта жөн эле кызыгуу; 30 жашта көнүмүш адат; 40 жашта атеросклероз; 50 жашта дененин чириши; 60 жашта анык өлүм ; Акыретте оор эсып-кысап. Никотин - өлүм себепчиси болуп эсептелинет. Аллах баарын билүүчү ЗАТ. Сураныч, ЧЕКПЕГИЛЕ достор! *** Дененин айыбын бир метр материал тосот. Бирок пикирдин айыбын эч кандай материал тосо албайт... *** Жакшы сөз сулуу кушка окшойт Тилиңден чыкса башканын Көңүлүндө сайраган Өзгөнү барып кубантып Өзүңө келет кайрадан... Идрис акын
4138   34
23.05.2020
30 күндө 30 сабак 30-күн КОШ БОЛ РАМАЗАН, КАЙРАДАН КӨРҮШКӨНЧӨ! Жакшы адам бергенин унутуп алганын унутпайт. Муткаждарга жардам бергендер, акыретте Пайгамбарыбыз Саллаллахи Алайхи Васаллам менен чогуу болушат. ОЙГО САЛГАН ОКУЯ Ата: -Уулум, ЭҢ ЖАКШЫ ТАМАКТЫ ЖЕ, ЭҢ ЖАКШЫ ЖЕРДЕ ЖАТ, ЭҢ ЖАКШЫ ҮЙДӨ ЖАША. Баласы: -Ата, өзү биз кедей болсок. Кантип эң жакшы тамакты жеп, жакшы жерде жатып, жакшы үйдө жашамак элем? Атасы: -Уулум, ушул айткандарымды эч качан унутпа: -таза эмгек менен, таза тамакты курсагың ачканда гана жесең, ошол тамак эң жакшы тамак. -эмгектен чарчап уктаган жериң эң жакшы жер. Мейли базар, мейли машына, мейли талаа, мейли иш бөлмөңүздөгү парта болсун, ошол жерде чарчап аз болсо да уктап калсаңыз деле ошол жер эң жакшы жер саналат. -адамдарга жакшылык кылсаң алардын көңүлүнөн орун табасың. Адамдардын көңүлүндө жашаганың- эң жакшы үйдө жашаганың менен барабар... Бүгүн элим барсыңбы фонду менен биргеликте, берешен ага-эжелерибиздин жардамы менен акча чогултуп эки үй-бүлөгө саан уй тапшырып кайттык! Мекенибизде мээримдүү жана берешен бир туугандарыбыз көбөйө берсин... БҮГҮНКҮ КАЙРЫМДУУЛУКТАН АЛГАН САБАК Ошол жерде токсондогу чоң энем айтат: -көрдүңбү, байлык топтобой дос топтош керек экен. Ушул аялдын жолдошу кайтыш болду. Алты баласы менен жалгыз калды. Бирок анын жолдошу абдан жакшы киши болгон экен. Өзү топтогон деле акчасы жок эле. Бирок анын топтогон жакшы достору көп экен, эмигече эшигинен ошол достору кетпейт. Күн алыс келип, жардам берип турушат... Андыктан, акча топтобой, Аллах үчүн дос топтогула.... Идрис акын
Загрузка...
3512   32
14.05.2020
30 күндө 30 сабак 21-күн 21:00 Бир кезде ширибом-бомбибомго сүйүнгөн балдар, бул кезде бир ноутбукка канааттанбай калышты... Азыр пайпак жамалбаган заманда жашап жатабыз... Балдарды ыраазы кыла албагандын айынан суицид көбөйүп кетти. Анткени алардын каалаганын берип өстүрдүк. Эми каалаганын бере албай калдык.... Адамга бир күндө 60 миң ой келет, ошонун 80пайызы жаман ой экен... Ооруу адамдын денесине ой аркылуу кирет... Капа болгон адам мойнун ийип басып калат, ал адам оңойлук менен кубана бербейт... Психологиялык травма алгандын кесепети деп биле бериңиз... Баланын түзүлүшү генден кандан келсе, баланын аракети ата-энесинин аракетине калыптанат... Университетти таштап салган баланы урушабыз, чет өлкөдө таштап салган баланы демек сенин багытын башка экен деп коюшат... Бизнестен банкрот болсоң бул сага тажрыйба дешет... Бала он жашка чейин өзүнүн эне тилин үйрөнүүсү керек!!! Балдарды роборт кылбагыла. Курстарга бере бербей айылдагы кой баккан Курска жибергиле. Репетиторго акча бербей чоң ата энесине акча берип ошол жакка жибер.... Калыгул оолуя Шабдан баатырдын зиректигин көрүп койчуга бер дейт. Ошончо койду таанып зиректигин өсөт... Бабаларыбыз козуну аяп сойгон эмес. Козуну да аяган... Хусейн Карасаев 16 тил билген... Сый дегенди билиши керек бала. Бала ошону көрүп үйгө конок келүүсүн жактырып калышы керек... Үй-бүлө менен чогуу тамактанып баарлашууну билгиле... Кочоттор да башында жакын жакын өсө берет, кийин кочотту да бөлөсүң. Балдар да көчөт сымал... Детский площадка жасап жасалманын үстүндө ойноп калды. Суу таш Терек балык сүт айран чөп ушуларды көрсүн... Кооз ойлонуу үчүн кооз нерсени көрсөткүлө... Саламдашканды, рахмат айтканды, суйунгонду уйротолу.... Өзүңдө турган нерсени өзгөдөн издебе... Аялдын аялдык - эркектин эркектик сезими жоголуп баратат... Бирөөнү көчүрбөй өзүбүздүн улуттук салтыбыз каадабыз менен бололу... Интернеттин ичинен чыгып, реалдуу жашоо менен жуурулушалы!!! 14.05.20
2472   29
18.05.2020
30 күндө 30 сабак 23-күн БАЙ жана УСТА Баягыда колу гүл устага колунда бар БАЙ киши бир кооз үй салдырат экен. Эмгегин аяктаган УСТА байдын келип үйдү кабыл алуусун суранат. Үйдүн абдан кооз, кыялындагыдай салганына ыраазы болуп, уста менен маектешип сыртка чыгат. Бай киши, эмгек акысын күтүп турган устага: - мобул үйдүн каршысында турган бош жерге дал ушул үйдүн шеригин сал, анан сүйлөшөбүз" - деп кетип калды. Акчасын ала албаган уста айла жоктун айынан экинчи үйдү баштайт. Үй бүткөнгө чейин: "ушунча үйү бар, бул үйдү эмне кылат, башына тартабы?" - деп, байдын акылы жетпеген жана көрбөгөн жерлерин эптемей кылып, арзан материалдар менен бүтүрүп салат. Экинчи үйдү бүтүрүп, аягына чыгарып байды чакырат. Келген бай экинчи үйдү биринчи үй менен салыштырып, таң кала тиктеп айланып чыгат. Уста болсо, кемчилигин сезбей калса экен-дегендей ой менен үн катпай артыраакта басып бараткан. Бир убакта сыртка чыгып: -устам, колуң дард көрбөсүн. Абдан сонун иш жасадың. Экинчи үйдү каршылык кылбай жасаганыңа да абдан ыраазы болдум. Чынында бул үйгө муктаждыгым жок. Мен аны сендей колу гүл уста менен коңшу болгум келип жасаттым. Ачкычын ал, бул менден сага белек болсун-деп айтат. Ачкычын колуна алган уста үн катпай катып калат. Тилинде рахмат айтып, көзүндө кубанычын билдирген менен ичинде өзөгүн өрттөгөн жалгыз бир ой: "эгерде мен экинчи үйдү өзүм үчүн салып жатканымды билгенимде, биринчиден да кымбат материалдарды колдонмокмун, каап"... Достор, жогорудагы окуядан ала турган сабак чоң. Биз да бул дүйнөдө убактынчалык калуучу үйүбүз менен алаксып, акыретте бара турган үйүбүздү унутуп калбайлы. Ал үйүбүз Аллахтын колдоосу менен буюрса орозо кармагандар үчүн убада кылынган РАЙЯН эшигинен кирип, ФИРДАВСТЫН төртүндө болсун иншаллах. Идрис акын