Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6365   37
01.05.2020
30 күндө 30 сабак 8-күн УЛУУЛАРГА Мурдагылар балдарга башынан өткөн жакшы-жаманды, кыйынчылык сыноо заманды сүйлөп берген, биз угуп отурат элек. Азыр жаштарга суйлоп берген аксакал жок....баарына интернет... акты - ак, караны - кара - деп сүйлөгөн кишини "АКСАКАЛ"- деп айтат. Сакалына ак түшкөн кишиге "ЧАЛ" - деп айтылат. Аксакалдар азайып Азыр бизде чалдар көп Мына ошонун айынан Адеби жок балдар көп... Идрис ЖАШТАРГА Карантинде карыяларды, ата-энени, улууну сыйлап, телефондон да көбүрөөк аксакалдын акылын, турмуш тажрыйбасын алалы! Ата-энени нааразы кылып-намазыңдан, орозоңдон, зекетиңден, умраңдан, ажыңдан, садакаңдан сооп таба албайсың. Бакытты башка жактан издебей, ата-энеңдин батаасынан изде... БИР ТУУГАНДАРГА -Акеңди сыйласаң - жеңеңе жакшы мамиле кыл -эжеңди сыйласаң - жездеңди урматта -иниңди сыйласаң - келиниңди жамандаба -карындашыңды сыйласаң - күйө балаңды кадырла... мына ушуларды түшүнбөгөн бир туугандар эки жашты эки жакка бөлүп жатышат... ЭКИ ЖАШКА -Кайын энесинин купулуна толгон келин гана башка келиндерге караганда бактылуу жашайт. Өз энеси мактап турган келинди жаман көргөн күйөө баланын же көзү көр, же акылы анча иштебейт. -Аял менен айтышып жаткан эркек, өзүнүн эркектик касиетин жоготот... -Айтышпаганга үйрөн. Айтышкан эркек барибир аялынан акын болсо да жеңилет. 😊 Айтышып кетсең, кайра кучакташып жатканды үйрөнүү керек. -күйөөңдөн сөз укпайын десең, анын көзүнө, кулагына жана мурдуна этият бол. Көз, кулак жана мурдуна жакпаган нерселерден алыс бол. -күйөөм менин айтканымды кылсын десең, сен да анын ата-энесин жана туугандарын сыйла - жат кылба. Мына ошондо сени башында көтөрүп жашайт... Төмөнкү кишилердин намазы кабыл болбойт экен: -эрдин ачуусуна тийген аялдын -момун шеригине 3 күндөн ашык таарынган кишинин -тынымсыз арак ичкен кишинин -коому жактырбаган имамдын. Хадис НАМАЗ, ОРОЗО, САДАКАДАН ДА ДАРАЖАСЫ УЛУУ БОЛГОН АМАЛ БУЛ- АРАЗДАШКАН АДАМДАРДЫ ЭЛДЕШТИРҮҮ. Хадис ДОСТОР, ДОСТУККА КЫЗМАТ КЫЛАЛЫ. анткени ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ КЫЯНАТКА ЧЕЙИН, ЧЫНЫГЫ ДОСТУК КЫЯМАТКА ЧЕЙИН! Кыргыз-казак достугуна көз тийбесин! Балгынбек агабыз менен Кара-Шородон эстелик сүрөт. Атамдын батасын алып берген унутулгус күн 2019-жыл 17-июль 2020 Идрис акын
1000   16
30.11.2019
БИР ООЗ СӨЗДҮН КЕСЕПЕТИ. Бир келин төрөтканадан чыгат.Аны көргөнү келген досу сөз ортосунда күйөөсү ага эмне белек кылгандыгын сурап калат. Келин: - Эчтеке белек кылган жок . Досу: - Ой-ий,кандайча...Ушулбу сенин кадыр - баркың? - деп,келиндин жашоосуна бомбаны таштайт да кетет. Ошондон тарта жумуштан чарчап келген күйөө менен жубайынын ортосунда жаңжал көбөйөт. Болбогон нерседен экөө урушуп-чырдаша турган болот. Ар бир сөзүндө өзүнүн кадырын,баасын ортого сала берген келинди акыры күйөөсү кетирип тынат. Көйгөй эмнеден башталды эле өзү, байкадыңызбы? Келиндин досунун бир ооз сөзүнөн... ___________________________________________ Жаагыңды жап жаман сөздөр чыкпасын Жыргап жаткан жашоолорду жыкпасын Жарты сөзүң жакпай калып уу сымал Жакшылардын жүрөктөрүн сыкпасын... Сүйлөшүү күмүш болсо Унчукпоо алтын болот Акылдуу кеп кура алсаң Ар дайым баркың болот 30.11.2019 Идрис акын
2357   45
29.11.2019
БОЙДОКТОРГО Өзүңөргө аял тандабай, болочок БАЛДАРЫҢАРГА АПА-АТА тындагыла!!! ЭРКЕКТЕРДИ 25 жашка чейин зарылчылык болбосо үйлөнүүсүн сунуштабайм... КЫЗДАРДЫ мектепти аяктаган болсо, жогорку окуу жайда окуп жаткан болсо да эң биринчи орунда адеп-ахлактуу ата-эненин уулунан, жакшы үй-бүлөдөн колун сурап келе жаткан болсо, өзү да моралдык жактан даяр болсо, баланын адамгерчилигин кара да мүмкүнчүлүктү качырбай турмушка чыгып кеткен оң деп айтам. АЗГЫРЫЛБА Азыр болочок өмүр шеригинин: Адебин карабай-аудисин карап, Үмүтүн карабай - үйүн карап, Билимин карабай - кийимин карап, Атасын карабай - акчасын карап, Апасын карабай - дүйнө запасын карап, Сөзүн карабай - өзүн карап, Өнөрүн карабай - көйнөгүн карап Ден-соолугун карабай - оролгон жоолугун карап, Сөзүнүн мани-макалын карабай - топу-сакалын карап, Тирлигин карабай - бойолгон каш-кирпигин карап Адеп-ахлагын карабай - авторитетин карап АЛДАНЫП ЖАТКАНДАР ТОЛТУРА!!! Бала кезден баарын ата-энеңден сурап аткаргандан кийин ЭҢ МААНИЛҮҮ УЧУРДА ДА АТА-ЭНЕҢ МЕНЕН КЕҢЕШИП ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУНУ УНУТПА БАЛАМ!!! 29.11.2019 Идрис акын
Загрузка...
1360   5
28.11.2019
АЛТЫНДАН АСЫЛ ОЙЛОР (Ата-энелердин эсине) 1 Өз балаңа берип жаткан ТАРБИЯҢДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ чоңойгондо эмес, ҮЙҮҢӨ МЕЙМАН КЕЛГЕНДЕ же МЕЙМАНГА БАРГАНДА эле БИЛИНЕТ. Эгерде тарбияда кемчилик байкасаңыз, анда сиздин кемчилигиңиз. БАШКА ИШИҢИЗДИ ТОКТОТО ТУРУП ТАРБИЯ МЕНЕН МАШЫГЫҢЫЗ. 2 Жашоодо ийгилик жаратууну каалаган балдарга кеңешим, биринчи орунда: -турар замат өзү жаткан төшөгүн жыйнашты үйрөнсүн! 3 Мектептен келген баланы үйдөгү жумуштарды айттырбай аткарууга үйрөтүңүз. Тапшырманы үйдөгү иштер бүтсө гана аткарсын. Болбосо мектептен тапшырмасын бүтүрүп келсин. Антпесек мектептен келген бала эч кандай жумуш аткарбай жеп-чычар, жалкоо, аңкоо болуп баратат... 4 Мектепке эрте менен өздөрү туруп баратышат. Азыр мурдагыдай балдарын ойготуп, чайын берип, курсагын тойгозуп сабакка жиберген апалар азайып кетти. Апалар өздөрүнүн балдарына НЯНКАГА айланып баратышат... Курсагы ачса бир нерсе алып жейт- деп отуруп, берген акчаңызды санап, балдарыбыздын сабак менен иши жок. Ачкарын баланын башына эч нерсе кирбейт. Сабакка кирүүгө коңгуроо бир мүнөттөн соң чалынаарын билип туруп тамак алышат. Биздегидей сумкасына нан салып келген балдар азыр жок. Мен болсо университетте да сумкама нан салып сабакка барган элем... 5 300 сомдук китеп алып бер - десем, акча жок- деп сүйлөгөн ата-эненин баласынын колундагы телефонунун баасы 13000 сом... Мектеп формасы деген шым 200-500 сом арасы, ата-эне алып берген джынса шым 1500-2000 сом. АНАН ЭЛЕ МЕКТЕП ФОРМАСЫНА АКЧАСЫ ЖОК ИМИШ 6 ПЕРЕХОДНЫЙ ВОЗРАСТ БАЛАГАТ ЖАШЫ Балагат жашындагы баланын катасы, балагат жашына чейинки тарбиянын кемчилигинен улам болот. Балагат жашы келген бала физиологиялык жана гармониялык жактан гана жетилет. Бул учурда тарбиясыз, өзүм билем, кайсар, эрке болуп кетет деп ким айтты, сиздерге?! 28.11.2019 ИДРИС АКЫН
424  
17.10.2019
УСТАТ менен УСТА (бөлүшкөндү унутпайлы достор) Уста: Бирөөнүн чала таштап кеткен ишин алып бүтүрүү өтө кыйын. Андан көрө башка үйдү башынан баштаганың жакшы Устат: Ээ балам, мен сага андан да кыйын ишти айтайынбы? Бирөөнүн чала тарбияланып ташталган баласын тарбиялоо - сен сүйлөнүп жаткан үйүңдөн 3 миллион эсе кыйыныраак... Бала эч качан сен каалагандай болбойт, бала сен тарбиялагандай болот! Өз балаңдын тарбиясынын жоопкерчилигин өз мойнуңа ал, ошондо баары жакшы болот! Балдар - жазыла элек актай баракка окшош, ак кагазда сенин гана жазгандарың көрүнөт. Балдар - бош турган эгин талаасына окшош. Эмнени эксең ошону оросуң. Эч качан бош турган жерге картөшкө эгип, ордуна буудай жыйнабайсың... Сенин ордуңа бирөө уста, директор, инженер, механик, грузчик, таксист боло алат, бирок сенин ордуңа эч ким эч качан АТА-АПА болуп бере албайт!!! Ушуларды унутпа балам... 17.10.2019 Идрис акын
3297   240
01.06.2020
БАРАКЧАМА АДАШЫП БАШ БАККАНДАР! "атаңын жашына жеткенде акыл айт" - деп сүйлөгөндөр пайда болду.😊😔😊 Атам да 35 жашында акыл айткан экен. Мен демек атамдын ошол жашына жетиптирмин. Анын үстүнө "достор" - деп кайрылып макала жазам. Досмун-дегениң оку, дос эместериң акыл айтпай ары чыгып кете бергиле. Мен да интернеттен өзүмө керек инсандар менен достошом, калганынан өчүрүп чыгып кетем... Интернетте менден: -сабак өтүп туруңуз - деп суранган окурмандар үчүн гана кирем, болбосо эмне зарыл өзөгүңдү өрттөгөн өзгөнүн жаман сөзүн угуп! Жаштарга акылды сен айтпасанэң, мен айтпасам, анан ким айтат! Баарыбыз интернеттен ушакташып эле отура берели анда! Жеген тамак менен кийген кийимди көргөзүп, кылыктангандардын кылыгына карап жата берелиби? 😔😔😔 Кыскасы, менин макала же сабактарымды "ДОСМУН" дегендер окугула, калгандар подпискаман чыгып кете бергиле, көзүм учуп жаткан жери жок!!!