Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1717   26
13.03.2020
Балаң үчүн оку жана бөлүшүп кой Балам үчүн жашап жатам, балам болбогондо эчак эле жыйыштырып коймокмун баарын-деп напсинин сөзүнө алданып, шайтандын тузагына түшпө. Балдарыңа бооруң ачып жатса ук анда. Ортоңордогу ызы-чууну көрүп чоңойгон баланын жан дүйнөсү ансыз да талкаланып чоңойот. Бала үчүн жашап жатам деген жалган шылтоо менен баланы кошо кыйнап жатасыңар. Ата-эненин ортосундагы көңүлсүз, бактысыз жашоого курчалган балаланын бактылуу балагы кошо талкаланат. Балам үчүн жашап жатам - дебе мага, балалыгын талкалап туруп. Өзүңдү бактылуу сезмейинче балаң бактылуу болбойт эч качан. Балаңдын бактылуу балалыгын өзүң менен кошо талкалабай, жашоону жакшы жакка өзгөртүү өз колуңда турат. Аялыңды болушунча сүй же барынча сүй, кандай болсо ошондой сүй. Күйөөңдү болушунча сүй, жоктон бар кылып сүй. Унутпа Аллах Таала силерге жаман көрүнгөн нерсенин аркасына жакшылыктарды жашырып койгон... Үй-бүлө чырын үшкүрүнүп ар кимге айта бербей, сабыр жана акыл менен элдешип, жакшы жакка чечиңиз... Ата-энени баласы үчүн аткара турган эң чоң жакшылыгы, АТА МЕНЕН АПАНЫН БИРИН БИРИ СҮЙҮҮСҮ ЖАНА СЫЙЛООСУ. 13.03.20 ИДРИС АКЫН
786   15
13.03.2020
ҮМҮТ... Кече бир жерде семинар бердим. Жаштардын берген суроолорунун көбү өлүм тууралуу болуп калыптыр. Ата-энелердин балдарынан алыс жүргөндүгү, тарбия менен машыкпай бардыгын материалдык кызыкчылык менен чечүүгө аракет кылгандыгы кайсы бир деңгээлде ушунун баарына себеп болууда... Бала кезимде бир баланын асынып өлгөнүн угуп апама айтсам, апам өтө катуу ыйлап, өз баласы өлгөндөй кайгырып кирди. Эмнеге ыйлап жатасыз десем... Ошончо жыл жебей жедирип, ичпей ичирген апасын ойлобойбу. Бир өлүмдөн калып төрөсө, бир болбогон нерсенин айынан өзүнө зыян кылса туурабы анан. Ар бир абалыңда ата-эненин канчалык кыйынчылык менен чонойткону эсиңден чыкпасын деп бакырып салды. Аябай таасирлендим. Бүт нерседен үмүтүн үзүп жипке асынган адамдын да акыркы үмүтү: "УШУЛ ЖИП ҮЗҮЛҮП КЕТСЕ ЭКЕН, ЭКИНЧИ МЫНДАЙ КЫЛБАЙТ ЭЛЕМ" - деген үмүт болот. Демек үмүт эч качан үзүлбөйт. Ошол кезден бери кыйналганымда апамдын ошондогу ыйлап айткан сөзүн эстей берем. Балдарга апалардын жана аталардын мээримин сездирген семинарларды, жолугушууларды уюштуруп туруу керек. Мектепте мени "агай сизди" АТА" десем болобу" - деп кучактап ыйлаган окуучуларым болгон... 13.03.20 Идрис акын
Загрузка...
1071   17
23.03.2020
ЖАКШЫ... Жакшы адам жер эсебинен, жаман адам эл эсебинен жансактайт... Жакшы-арына кул, жаман-малына кул... Жакшы болсо катының келип турат жакының... Жакшы болсо катының - табыла берет акылың, кууса да кетпейт жакының... Жакшы зайып таранчыны таеке, бөдөнөнү бөлө кылат... Жакшы келин - келин, жаман келин - өлүм... Жакшы кыз эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт... Жакшыны уккуң келсе, жаманды айтпа... Жакшы чыкса келиниң - уулкңду кайра төрөйсүң, жаман чыкса келиниң - өз уулуңа өгөйсүң... ____________________________________________ Жакшы көрөт деп бара бербе, берет деп ала бербе... Апасы коңшунун үйүнөн чуркап келген беш жашар уулун бооруна катып: "уулум, коңшунун үйүнө кире бербе. Алардын да балдары көп, өздөрүнүн ызы-чуусу өздөрүнө жетет. Сен кирсең апасы жаман көрөт, кире бербе" - десе, баласы апасына карап: -жоок апа , андай эмес . мен кирсем апасы дайым мага карап " КЕЛ-КЕЛ ТӨРГӨ ӨТ, ӨЗҮ СЕН ЭЛЕ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ ЭЛЕҢ" - дейт имиш 😊🤣😊🤣😎😎 23.03.20 Идрис акын
845   20
23.03.2020
БАБАЛАР жана БАЛДАРЫ БАБАЛАРДЫН АЙТКАНЫ: Бөтөлкө менен достошконуң, өмүрүң менен коштошконуң... Бузук адамга түзүк адам кас көрүнөт... Аракка чөгүп өлгөндөрдүн саны, деңизге чөгүп өлгөндөрдүн санынан алда канча арбын... Аракеч үй-бүлөнүн көз жашын жейт, анан өз башын жейт... Арак ичип чардагандын ата-энеси зар какшайт... Арак ичип чайпалгандын, балдарынын келечеги чайпалат... Аракка кандым дегиче, азапка калдым дегин... Арактан ичип кутулбайт, качып кутулат... Арактын арты жаман, айыкпас дарты жаман... БАЛДАРЫНЫН КЫЛГАНЫ идеологиянын жоктугу, же ишкерлердин шоктугу! Арак чыгарган иш каналар мекенге миллиондогон киреше алып келгени менен, миллиарддаган чыгашаларды да жасап жатат: ажырашуу, авария, кырсык, өрт, мушташуу, адам өлтүрүү, жетимдер, жесирлер, майыптар, таштандылар, оборт, зына, талак.... санай берсең кете берет. Бабаларыбыздын аттарын жана уюткулуу-уңгулуу улуу сөздөрдү - атың өчкүр аракка коюп алганы да арманыңды арттырат... Карантинде кадырыңды кетирип ичпегилечи, кагылайындар. Төбөлдөрү баш болуп арамга үгүттөгөн өлкөгө айланып баратабыз😔😔😔 23.03.20 Идрис акын