741
03.10.2019
УЛУУЛАРГА УЧКАЙ КЕП
Коомдук транспортто кызымды бала бакчасына жеткирүү үчүн койнума алып биринчи катарда отуруп бараткам. Бир учурда мектепти дээрлик аяктап бараткан баласы менен бир апа чыгып калды. Айланамды карасам эч ким орун бошотуп турган жок. Бир аздан түшө турган жерге жакындап калдык деп апага орундук бошоттум. Кабагы салыныңкы апа мен бошоткон орундукка отурду, жылмайып кубанган жок же мага рахмат айтканга жараган жок. Мейли деп баратсам бир аздан жанындагы адам тушуп калды. Бошогон орундукка баласы отуруп алды. "Тур балам, акең мага орундугун бошотту эле, акең отурсун" - деп мени чакыра алган жок... Ошондон улам улууларга кайрылгым келип жатат. Сизге орундук бошоткон, жүгүңүздү көтөрүшкөн, колуңузга суу куйган, жардам берген жалпы жаштарга бир ооз жакшы сөзүбүздү аянбасак. Бир бала орундук бошотсо башка балдар уга турган кылып "рахмат балам, өмүрүңдөн береке тап. Тарбия берген ата-энеңе рахмат. Сенин да ата-энеңе башкалар ушундай урмат сый көрсөтсүн" - деп койсоңуз, ошол жердеги орундук бошоткусу келбей уктамыш болуп көзүн жумуп алган кулактар укмак жана мен дагы ушинтип орундук бошотуп дуа алам деп ойлонуп калышмак. Биз улуулар жаштардын кылган жакшылыгын мактай албасак, рахмат айта албасак анан кайсы жаштар бизге жакшылык кылсын.... Өзгөлөргө акыл айтаардан мурун, өзүбүз өрнөктүү бололу, урматтуу улуулар!!! 03.10.2019 ИДРИС АКЫН