Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
831     5840
22.11.2019
Өзүңө өзүң ЗАРЯД бер! (психологиялык кеңешим кыйналгандардын эсине) Эгерде көп сыгылсаңыз: 1 Жолдошуңуз менен ынтымакты күчөтүү керек... 2 Ибадатты күчөтүү керек. 5 убак намазга бекем болуңуз... 3 Эне өзүн өзү бактылуу кылмайынча балдары бактылуу боло албайт... 4 Психолог бар болсо жолугунуз, жок болсо айылдагы жакшы адамдар менен көп-көп баарлашыныз, беш даана психологдон жакшыраак... 5 Күчтүү имам дамла менен байланышып 7 жолу дем салдырыныз, үйгө да куран окутуп дем салдырыныз, кой союп курмандык чалуу да жакшы болот, жетим-жесирлерге этинен таратып бересиз... 6 Жүрөгүңүздү көтөртүрүп алыңыз... Үйдө көбүрөөк куран окуңуз... Китеп окуп оюңузду таза кармаңыз... 7 Фалк, нас сүрөлөрүн 100 жолудан окуңуз... 8 Керек болсо эски кийимдериңиздин баарын өрттөп салыңыз... 9 Жакшылык иштерди көбөйтүңүз... Жолдошуңуздун туугандары менен мурдагыдан да жакшы болууну сунуштайм. Айрыкча ата-энени үйгө алып чогуу отурунуз, апа деп койнуна кирип алганга аракет кылыңыз... 10 Дүйнө-байлык менен ишиңиз болбосун. Ден-соолук кымбат экенин унутпаңыз... 11 ҮЙ иштерин аткарып жатып рахат алганга аракет кылыңыз. УФФ эми идиш, эми кир, эми тамак- деп жаман көрбөй сүйүп аткарыныз... 12 Үй-бүлө менен бир жерде камалып отура бербей сейилдеп туруңуздар 13 Ушул дуаны да 5 убак намаздан соң 100 жолудан кайталаныз. Сизди жаман ойдон арылтат: Алохумма иинни аузубика минал хамни вал хазан Ва аузубика минал ажзи вал касал Ва аузубика миналжубни вал бухл Ва аузубика минголабатиддайни ва кохриррижаал.... Аллах сизден ыраазы болсун, көп жашаныз, бир тууганым. Баары жакшы болот буюрса.... 22.11.2019 Идрис акын. Жума майрамыңыздар менен, достор.
Загрузка...
906     4400
01.11.2019
ЭЛ ЭМНЕ ДЕЙТ?! 1. Эл эмне дейт экен? - деген суроону жакшы ишти аткарып бүткөндөн кийинкиге таштап үйрөнөлү. Антпесек, эмне дейт экен- деп отуруп, эч кандай ЖАКШЫЛЫК ЖАСАБАЙ ЖАТАБЫЗ. 2. Ал эми жаман иштерди болсо, тескерисинче: эл эмне дейт, кокуй уят, эл караган жүзүм жерди карап турбасын, "Алланын каарына калбайын, элдин каргышын албайын" - деп, эл менен эсептешип туруу керек. Анткени калк айтса калп айтпайт - деген кеп бар кыргызда. 3. Пикирди ар кимден ук жакшыдан да, жамандан да, достон да, душмандан да, жаштан да, улуудан да, аялдан да, эрден да, бирок ЧЕЧИМДИ ӨЗҮҢ ЧЫГАР. Анткени өзүң үчүн озуң гана жооп бересиң. Эл оозуна элек тутсаң, ар нерсени айта берет. Жаңылбоонун бир гана жолу Жараткандын буйругуна бекем болуу! ЭЛ СУУ БОЛСО, МАМЛЕКЕТ СУУ ҮСТҮНДӨГҮ КАЙЫК. КАЙЫКТЫ СҮЗДҮРГӨН ДАГЫ СУУ, ЧӨКТҮРГӨН ДАГЫ СУУ. Конфуций (Элден уялууну билбеген элиталарга жана элитаны өзү шайлап өкүнүп отурган элге жаздым) 01.11.2019 Идрис акын
670  
15.11.2019
АСМАНДАГЫ АКЫЛЫМ (Бишкек - Ош 15.11.2019) БИЗДИН АЯЛДАРДАН АЙЛАНЫП КЕТСЕҢ ЖАРАШАТ Европа же башка өнүккөн өлкөлөрдүн аялдарын кара. Тең укуктуубуз деп отуруп:😔 -Түнү бир маалда кирип барса аялын ойготпойт... -жумуштан чарчап келип кийимиңди ордуна илбесең сүйлөнөт... -өзүң үйдө болуп жеген тамагыңдын идишин жуубай калсаң карганат... -кайын ата-энеге кызмат кылуу кыялына да кирбейт... -көңүлү чаппаса көчөгө уруксаты жок чыгып кете берет -келе турган мейман планы жок айттырбай келип калса, "кечирип койосун көчөгө чыгып бара жатканмын" - деп өзү менен кошо көчөгө чыгарып койот. Биздегидей заматта сабиз туурап аш демдей калбайт... -кол көтөрүп эмес, үнүңдү көтөрүп көрсөң көрөсүң баарын, "кыргызстандагы катындын колун өпкөнүм жакшы экен"- деп арманыңды ичке жутуп жашайсың... -күйөөнүн туугандарына кызмат кылууну кулдукка теңеп, жаагыңды жабып койот. Биздегидей күйөөнүн бардык туугандарынын сайылган сасык сөзүн укканда өлүп калышат... -"кийимимди үтүктөп бер"- десең," өзүңдүн колуң жокпу"- десе асынып өлүп алгың келип кетет.... КАРОЧИ ЕВРОПА ДЕП ЭШИЛБЕЙ ЖӨН ЖАШАГЫЛА😊😏😎 Идрис акын