Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1769   48
11.05.2020
30 күндө 30 сабак 18-күн СУРАНЫЧ Соц. тармактагы достор! Арак ичпейм! Орозо кармайм! Беш убакыт намаз окуйм! Зекет берем! Ажыга, умрага барып келдим! - деп коюп БИРӨӨЛӨРДҮ УШАКТАП жатабыз. Жогорудагылардын бардыгын жасап аягында тирүүлөй адамдын этин жеген менен барабар болгон күнөөгө көңүл буруп ойлонбойбуз, же коркуп да койбодук. Келгиле достор, башка бирөөлөрдү гыйбат кылган макалаларды бөлүшпөй өздөрүнө барып айталы же алардын күнөөлөрүн желкебизге артпайлы.... _______________________________________ Жаман ой жаныңды алмайынча тынбайт... Ар дайым негатив ой менен жүргөн адамды уга берсең, сенин позитив энергияңды кошо соруп салат... ЖЫЛМАЮНУ БИЛБЕГЕН КИШИГЕ БАКЫТ ДА ЖЫЛМАЙБАЙТ ________________________________________ ЭЧ КИМГЕ КИМ ЭКЕНДИГИҢДИ ДАЛИЛДЕБЕЙ ЭЛЕ КОЙ. СЕНИН ЖАМАНДЫГЫҢДЫ КӨРГҮСҮ КЕЛГЕН АДАМ ЖАКШЫЛЫКТАРЫҢДЫ ЭЧ КАЧАН КӨРӨ АЛБАЙТ... АДАМ АКЫЛЫ ЖЕТКЕН НЕРСЕНИ ГАНА КӨРӨТ. ДАГЫ ДА КӨП АКЫЛДЫ ТАЛАП КЫЛГАН НЕРСЕ МУРДУНУН УЧУНДА ТУРСА ДА КӨРӨ АЛБАЙТ... Көзүнө бирөөнүн кемчилигинен башка нерсеси көрүнбөгөн КӨРЛӨР көбөйүп баратат.... ___________________________________________ -Сен үчүн качан майрам? -мен үчүн БИР КҮНҮМДҮ КҮНӨӨСҮЗ ӨТКӨРҮҮ майрам. АЛЛАНЫН БУЙРУГУН КЫНТЫКСЫЗ АТКАРУУ майрам... ___________________________________________ Алынган аманатты бергенге шашылг ыла!!! -аке карызга акча берип турасызбы? -алгач КОЛУМДУ өп, анан жардам бергенге аракет кылам -эмнеге КОЛУҢДУ өбүшүм керек -анткени берген акчамды сенден кайра алуу үчүн мен сенин эртең БУТУҢДУ өбүшүмө туура келет... Бардыкы өтүп барманда Жоктуку өтөт арманда Ар кыл адам көрөсүң Алты күндүк жалганда Ар кишинин айрыкча Билген менен кылыгын Биле албайсың а бирок Ичиндеги былыгын.... ДОСУҢА КАРЫЗГА АКЧА БЕРБЕ ЖЕ ДОСУҢДУ ЖЕ АКЧАҢДЫ ЖОГОТОСУҢ. БАЛКИМ ЭКӨӨН ТЕҢ ЖОГОТОСУҢ!!! (ТУУГАН ДЕЛЕ УШУНДАЙ) ТУУГАН ЖАНА ДОС АКЧАДАН БИЙИК ТУРУШУ КЕРЕК. ОРТОГО АКЧАНЫ АРАЛАШТЫРЫП БИЙИК ДОСТУКТУН ЖАНА ТУУГАНДЫКТЫН КАДЫРЫН ЖОГОТПОГУЛА!!! (берчү болсоң жөн эле жардам кылып бер. Ошондо жаның кыйналбай, тескерисинче рахат менен рахмат алат) Берип жаман көрүнбөй, бербей эле жаман көрүнгөн жакшы экен... Бирөөгө аманат бергенден корккон заманда, кыздарын аманат берип жаткан аталарды аяймын😔😔😔 11.05.2020 Идрис ак
1888   18
10.05.2020
30 күндө 30 сабак 17-күн АРАМ жана АДАЛ 2-БӨЛҮМ В. КОШ МЕКЕНДҮҮЛӨР Кургакта да, сууда да жашоочу кош мекендүүлөр, мисалы, бака, ташбака, рак, краб, суу жылан, крокодил өңдүү айбанаттар адал эмес. Айбанаттардын жумурткасы менен сүтү алардын эттеринин өкүмүн ээрчийт, этин жегенге боло турган адал жаныбарлардын сүтү менен жумурткалары да адал. Эти арам жаныбардын сүтү менен жумурткалары да арам болуп саналат. Жаныбарларды «БИСМИЛЛА» АЙТЫП МУУЗДОО МАСЕЛЕСИ жөнүндө Алла Таала Курани Каримде мындай дейт: «Эгерде Алланын аяттарына ишенсеңер, Алланын аты аталып (мууздалган) айбандардын этин жегиле». «Алланын аты аталып мууздалбаган айбандардын этин жебегиле. Бул Алланын жолунан чыгуу». Жогорку аяттарда ачык-айкын баяндалгандай «бисмилла» айтылып мууздалбаган малдын этин жешке болбойт, т.а.: • Бир айбан эң оболу эти желчү адал айбандардан болсо; • Ислам эрежесине ылайык мууздалса; • Мусулман адамдын колу менен мууздалса гана эти желет. Ошону менен катар жалпылай көз караш боюнча еврей жана христиан диндериндеги «китептүүлөр» аталган адамдардан кай бирөөсү жагынан мууздалган жаныбарлардын да этин жешке болот. Бирок исламдык таза жашоодо «шектүү нерселерден сактануу» маселеси да негизги орунда тургандыктан мүмкүн болушунча этият болуу, б.а., жебей эле коюу купталат. «Бисмиллах» айтылып же айтылбай мууздалганы белгисиз айбан-малдардын эти жөнүндө да так ушул мамилени кармануу зарыл. Ханафийлер боюнча «бисмиллах» айтууну унутуп калып мууздалган малдын этинде маселе жок. Бирок мууздаган адам атайылап «бисмиллахты» айтпай койгон болсо ал малдын эти халал болуп эсептелбейт. ЗАРЫЛЧЫЛЫК жана АРГАСЫЗДЫК АБАЛДАР ЖӨНҮНДӨ Ачкачылык жана суусоо жөнүндө өлүп калбаш үчүн жанын сактагыдай өлчөмдө жеп-ичүү ар бир адамга парз. Адамдар ушул чектин ичинде гана намаз окуп, орозо кармап, ибадаттарын аткарганга жетише алары белгилүү. Ал эми жеп-ичкенге адал бир нерсе таба албаган адам арам нерселерден өлбөй жанын сактап калгыдай өлчөмдө жеп-ичсе болот. УЛАНДЫСЫН ОКУҢУЗ... 10.05.20 ИДРИС АКЫН
3343   44
10.05.2020
30 күндө 30 сабак 17-күн АРАМ жана АДАЛ 1-БӨЛҮМ «Бир адам Алла элчисинен: «Мен парз намаздарды окуп, орозо кармап, адалды адал, арамды арам деп кармансам, мындан башка эч нерсе кылбасам, бейишке киремби?» деп сураганда, Алла элчиси: «Ооба» деп жооп берген (Муслим). Алла Тааланын буйрук жана тыйымдарына жараша аракет жасоо, ошол өлчөмдөр боюнча өмүр сүрө билүү – Алла Таалага болгон ыймандуулуктун, аны менен болгон байланыштын өзгөчө белгиси. Адам алдына келгенди, колуна илингенди жей бербөөсү, балит, өлүмтүк, башкалардын акысы кошулган жана динде тыюу салынган нерселерден алыс болуп, адамдык баркын сактоосу керек. ЭТИ ЖЕЛЧҮ АЙБАНДАР Бардык диндерде эттерин жешке боло турган жана болбой турган айбандар жөнүндө өкүмдөр табылат. Пайгамбарыбыз (САВ) да Алла Тааланын ага билдирүүсүнөн улам кээ бир айбандардын этин жешке болбосун мусулмандарга үйрөткөн. Эми эти адал айбандар: А. КУРГАК ЖЕРДЕ ЖАШООЧУ:  Кой, эчки, уй, топоз, төө, коён, тоок, үндүк, каз-өрдөк  Аркар, кийик, жейрен, жапайы уй-топоз жана зебра өңдүү жапайы айбандар.  Көгүчкөн, таранчы, улар, кекилик, бөдөнө, чыйырчык, балыкчыл өңдүү канаттуулар.  Тырмак жана чеңгелдери аркылуу ууланган аңын мыкчып тытпай турган, өлүмтүк жана балит нерселерди азык катары колдонбогон бардык жапайы канаттуулар.  хадисте атайын өкүм келгендиктен чегиртке адал болуп саналат.  Жылкынын эти 4 мазхаб боюнча адал. Б. СУУДА ЖАШООЧУ АЙБАНАТТАР Сууда жашоочу айбанаттардан балык түрүндөгү бардык деңиз жаныбарларынын этин жегенге болот. Ошону менен катар биз деңиз жаныбарларын төмөнкүдөй эки топко бөлүп кароого акылуубуз: 1) Балык түрлөрү: Балыктын бүткүл түрлөрү адал. Балык түрлөрүндө «аккан кан» болбогондуктан атайын муздоо маселеси керек эмес. ханафийлердин пикири боюнча өзү өлүп калып, суунун бетине калкып чыккан балыктарды жешке болбойт. 2) Балык түрүнө жатпаган суу жаныбарлары: Мидия, бака, краб (рак) өңдүү суу жаныбарлары ханафийлер боюнча адал эмес... УЛАНДЫСЫ БАР..... (сүрөт өткөн жылы Рамазанда УММА журналынын диалог ооз ачарында тартылган) 10.05.20 ИДРИС АКЫН
3172   43
09.05.2020
30 күндө 30 сабак 16-күн 16 мүнөт ойлонолу .............. Балам үчүн жашап жатам-деп, балаңды кошо бактысыз кылып жатасың... ............. Балдарыңар ата-эне бактылуу болмоюнча чыныгы бакыттын даамын сезбей жашайт... ............. Үй-бүлө урушкана эмес... ............. БАЛДАРЫБЫЗ БИЗДЕН ӨТҮШҮ КЕРЕК! Доцент шакирт профессор устазына: - устаз, биз сиздин жарымыңызчалык болсок кана эле! - деген эле, устаздын ачуусу келип ушундай деди: -эй Мурат! Сен менин жарымым, сенин шакиртиң сенин жарымың болсо, акыры ортодо эч нерсе калбайтко! Балам сен менден өтүшүң керек!... Үй-бүлөлөр да ушундай болуусу керек. Ата-энелер да ушинтип ойлонуусу керек. Апасы баласына: "атаңдан көрө көбүрөөк окугун, балам! Себеби перзенти ата-энесинен ашпаган улут алдыга өспөйт!...." .................... Баланын эң керек болгон муктаждыктарын аткарбоо канчалык туура эмес болсо, алардын ар кандай каалоосун аткаруу да ошондой эле ката болуп саналат... .................. БЕЙИШ ЭНЕНИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДА Бир аял казыдан сурады: "Эмне үчүн биз күйөөлөрөбүзгө баш ийүүгө буюрулганбыз. А күйөөлөрүбүз бизге баш ийүүгө эмес". Казы аялдын өзүнөн сурайт: "Канча перзентиңиз бар?". Аял: "Үч уулум бар", деп жооп берет. Казы: "Аллах таала сизди бир эрекке баш ийүүгө буюрду, бирок ошону менен бирге үч эркекти сизге баш ийүүгө буюрду. Алар сиз ыраазы болбосоңуз бейишке кире албайт. Эми өзүңүз айтыңызчы, кимде артыкчылык бар экен, аялдардабы же эркектердеби?!", деп айтты. Ошондо ал аял: "Мени мусулман кылып жараткан Аллахка мактоолор болсун!", деп шүгүр келтирди... 09.05.20 Идрис акын
803  
20.11.2019
НАН менен СЕП 90-жылдары буудай талаасынан чала күйгөн буудайдын башын болсо да ун кылып жедик. Жүгөрүнүн унун тартып загара нан жедик. Ага чейин талаада чачылып жаткан буудайды эч ким карабаган заман эле. Чакалап койго да, малга да, тоокко да чачылып жаткан буудайды бир заматта таппай калдык. Эскиден дасторкон бетине көп нан койот элек. Анткени адамдар узак жолдон ат менен келет эле. Кайра жол тартып үйгө жеткенге чейин нандан алып жеп кетсин деп, таңкыс болгон нанды коногуна карматканы бабалардын айкөлдүгү эле. Нан түгөнүп кайра жапканга чейин коңшудан бир нан алып турчубуз. Апам нан жапса, жанагы алган нанды кайра кайтарып жатып бир токоч кошо алып кирип, рахмат айтып чыгат элек... Бүгүн коңшу коңшудан нан сурабайт. Дасторконунда катып баратса да кошунага, бей-бечарага таратып коюунун ордуна короодогу мал-коюна берип жаткан адамдар да жок эмес. Тойдогу дасторкондогу нандардын көп болушу мурдагы замандагы адамдардын муктаждыгынан улам болгон. Бүгүн бир адам бир отурганда бир сындырым нан жейт. Он адам отурган столго көп болсо төрт нан жетет. Бүгүнкүдөй адам башына бирден нан коюу туура эмес..... СЕП ТӨШӨК Мурдалары көп тигилгенинин себеби, ал кезде коноктун баары үйгө келип, үйдө жатып кетишет эле. Бүгүн меймандар ресторандан кайтып, кайра унаасы менен үйүнө кетип жатышат жана көп төшөк сепке берүүнүн муктаждыгы жок. Иштетилбеген буюмду берип квартирага же талаага кууп салбай, ошонун баарына балдарга үй салып бергенибиз дурус болот... СЕПТҮҮ КЕЛИН КАРАБАЙ, ЭПТҮҮ КЕЛИН-ЭСТҮҮ КЕЛИН КАРАГАНЫБЫЗ ДУРУС БОЛОТ 20.11.2019 ИДРИС АКЫН
986  
20.11.2019
МАЙДАЛАНДЫК Тааныштарды бүт сферага тарта берип майдаланып кеттик. Спорт Таныштар тартылып, чыныгы балбандар калып жатат. Натыйжада коңшу мамлекеттердин спортчуларынын алдында шермендебиз чыга баштады Маданият Таныштар тартылып, чыныгы таланттар талкаланып жатат. Чиновниктердин жыкшылыгына төрт жолу ырдаган наам алып, калк арасындагы таланттар калк менен катардан артта калып жатат... Эл аралык сынактарда элдин наамысына жарай турган таланттар кордолууда... Саясат Чоңдун тууганы - деп, тажрыйбанын "Т"сы жок, кызмат менен таптакыр байланышы болбогон туугандар чоң кызматка жетекчиликке келип жатат... Мамлекеттик кызмат менен чет өлкөгө эл аралык иш чарага барып тажрыйба жыйнап келүүнүн ордуна, аялына кымбат шуба алып келе жаткан саясатчыны КАНТЕСИҢ... Чет өлкөдөн көргөн тажрыйбасын, өз өлкөсүнө колдоно албай жатканын карап "ЭМНЕ, УШУЛАР КӨЗҮН ЖУМУП БАРЫП КЕЛЕБИ" - деп каласың... БҮГҮН ПАРТАДА УКТАГАНДАР, ЭРТЕҢ ПАРЛАМЕНТТЕ УКТАШАТ... 2020-ЖЫЛ КӨЗДҮ АЧАЛЫ ЭМИ 20.11.2019 ИДРИС АКЫН
Загрузка...
634  
13.10.2019
КУЛАГЫ ООР-УКПАГАН АКСАКАЛ (башкаларга айткыла) Куран окуп отурган аксакалга дем салдырганы (куран окутуп элдин сугун, назарын, кирнесин чыгаруу же эскичилик кылуу) келин кирип келди. Куранды ачып баштаган бетти аягына чейин окуу адеп бар. Келген келинге колу менен ишара кырып отура тур - деп окууну уланта берди. Бир убакта келиндин артынан угулаар-угулбас үн менен өзү каалабаган абалда жел чыгып кетти. Ыңгайсыз абалда уялган келиндин бети кызарып чыкты. Курандын бетин аяктаган аксакала:эмнеге келдиң кызым"-деп кайрылды. Уялган келин акырын үн менен:" куран окутуп дем салдырганы"-деп айтты." укпай жатам катуураак сүйлө, кулагым оор"-деп кайрылды. Экинчи ирет катуураак сүйлөсө да укпады. Жанагы чыккан желдин үнүнөн да катуу сүйлөсө укпай койгон аксакалды көрүп: "жанагы желдин үнүн укпаптыр анда"-деп эми уялбай калды жана бетинин кызылы кетип :" дем салдырганы келдим ава, кулагыңыз укпайбы ушунчалык" - деп катуу сүйлөй баштады. Сырттан небересин чакырып:"мына бул келин эмнеге келиптир кулагым укпай жатат" - деп калды. Ангыча небереси чоң атасына :"дем салдырганы келиптир " деп кулагына келип сүйлөдү. Ошол окуядан кийин айылда аксакалдын КУЛАГЫ ООР, АНЧА УКПАЙТ деген ылакап аты тарап кетти. Баарынын бакырып сүйлөгөнүнө көнүп калган аксакал 17 жылдан кийин үйүндө чай ичип жатып кулагына бакырып сүйлөп жаткан баласына:"балам бакырбай сүйлөй бергиле. Менин кулагым уга баштады" - деп калды. Сүйүнүп турган балдарына карап сабак болсун деп сөзүн ушинтип улантты: "17 жыл мурда келген келинди эстейсинби? Ошол келин жанымда уялып калганынан, анын уятын жабайын деп ушундай ыкма колдондум жана келин эч кыжалат болбой үйүнө кетти. Бир келиндин авратын-уятын жабуу үчүн башкалардын КУЛАГЫ ООР-УКПАЙТ деген сөздөрүнүн баарына чыдадым. Азыр гана ошол келиндин жаназасынан келе жатам. Эми менин кулагым жакшы эле угат. Бакырбай эле сүйлөй бергиле мындан ары"-деген экен.... Сизге суроо: башкалардын уятын жабуу үчүн ушундай эрдик жасаганга даярсызбы? Анда баштадык, соц тармактарга башкалардын абийирин ачкан макала - сүрөттөрдү жана маалыматтарды чыгарбайлы сураныч! Мен жазганды миф же жомок дегендер, керегин ал, болбосо айтышпай кал! 13.10.19 Идрис акын. Москва
2380   44
28.06.2020
АР КИМДИ ӨЗҮМДӨЙ ОЙЛОП, АЛДАНА БЕРЕМ!!! Кээ бирки адамдар бүгүн аларды бактылуу кыла турган адам табылса, кече бактылуу кылган адамын унутуп ташташат экен... # Акылың кичирейген сайын тилиң узара берет экен… # Кудай мага сүйлөсүн десең, Куран оку. Сен Кудай менен сүйлөшөм десең намаз оку… # Карызга акча берип турган адам табышың мүмкүн, бирок карызга бакыт берип тура турган адам таба албайсың… # Көчөгө байлыгын таштап салган адамдар жок, бирок баласын таштап салган адамдар чыга баштады… # Устазын урмат кылып, колундагы муздак сууну устазынын даараты үчүн койнуна катып жылыткан шакирттер бар эле. Азыркылар колундагы муздак сууну устазынын койнуна куйганы даяр… Тууган болуп кирип алып койнуңа Жылан болуп оролгон көп мойнуңа Жакшылыкты сезбегендер бездирди Жаным ооруйт, алдаганды койгула!!! Идрис Айитбаев
1079   16
27.06.2020
БИР ЖАШ ЖИГИТ Пайгамбарыбыз Саллаллахи Алайхи Васалламга бир жаш жигит келип: - Башкалар менен ойноштук кылууга уруксат бересиңби? - деп сурайт. Ал жерде тургандар: "Бул эмне деген адепсиздик?" - деп чурулдап жиберишет. Пайгамбар : -жигитти койо бергиле, жаныма келсин,-деп буюрат. Жанына келгенде Алланын Элчиси сөзүн ушинтип улантат: -сенин апаң башкалар менен ойноштук кылуусун каалайсыңбы? -жок, каалабайм. -сенин кызыңдын ойношун каалайсыңбы? -жок, каалабайм. -карындашың үчүн макулсуңбу? -жок, макул эмесмин. -мына, ошол сендей эле кишилер башка кишилердин энелери, эжелери, карындаштары, кыздары менен ойноштук кылышын жактырышпайт-деп эскертти... Мынакей, үгүт-насаат иштердеги үлгүлүү ыкма. Жакшылыкты буюруп, жамандыкка тыюу салган киши сабырдуу болууга тийиш. Айткан үгүт иштер таасирдүү болуусу үчүн алгач өзүбүз үлгүлүү иштерди аткаралы. Өзүбүзгө сөзүбүз дал келсин... #аялыңа_кыянат_кылба! (көчөдөгү 20 даана денесин саткан кыздарга 70 даана сойку жигиттер барып жатат! Кимиси көбүрөөк көңүл буруп ойлонбойбуз) #эркектер_эсибизге_келели! Идрис Айитбаев
1964   37
27.06.2020
СССР тарагандан кийинки КРИЗИС жана ВИРУС тарагандан кийинки КРИЗИС СССР тараган кезде жокчулукка топук кылып жашаган эл элек. Барына шүгүр келтирип, ыймандын токтугу бар эле. Адамдын кадыры адеп-ахлак жана адамгерчилик менен өлчөнөт эле. Акыркы 20 жылдын аралыгында адамдар материалдык жактан бутка туруп, жашоо шартыбыз бир топ жакшы жакка өзгөрдү. Тоо башына чейин жарыктык жана жылуу суу чыгардык. Жашоо шартыбызды жеңилдеткен техникалар күч алды. Эми алдыда пандемиянын кесепетинен улам экономикалык жана интеллектуалдык чоң кризис келе жатат. Комфортко, жеңилдикке көнүп калгандан кийинки кризисти көтөрө албай калабызбы деп корком. СССР тарагандан кийинки кризисте байлар жок эле. Элдин жашоо шарты бирдей эле. ВИРУСтан кийинки кризисте байлар сараңдыгынын айынан жаман адамдардын кагылышуусуна дуушар болушат. Жамандар биригишип, жакшыларды кыйнашат. Коом бир канча бөлүккө бөлүнүп майдаланат. Улутту ойлогон улукмандар ур тепкиге алынат. Жеңил ишке көнгөн жаныбыз, оор ишке онтоп калат. Күнүмдүк тапканыбыз күнүмдүк жегендей ашпай калат. Тарбиясыздык күч алган коомдо, тарбияга чакырган кишилер жамандалат. Ата-эненин кадыры телефондон төмөн түшүп кетет. Кеп-кеңеш берилбеген коомдо жакшылык болбойт. Кеңеш берген кишини жек көргөн коомдон да жакшылык чыкпайт. Азыр интеллектуалдык, адеп-ахлактык кризис башталды. Ушуга ушунча болуп жатабыз. Бираздан кийин экономикалык катуу кризис башталат. Ал кезде кантээр экенбиз. Келечек муун үчүн чочулайм, келечек үчүн кайгырам... Идрис Айитбаев #коркуп_кетем_ойлосом #Кудай_сактасын #Мекеним_Кыргызстан #жаман_көрбөңүз