Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6424   83
26.05.2020
Карантин көзүбүздү ачса экен!!! Тазалык ыймандын жарымы. Тазалык болмоюнча ыйман да толук болбойт эмеспи. Карантин же пандемия бизден тазалыкты талап кылып жатат. Карантинге чейин Кудай да тазалыкты ар дайым пендесинен талап кылып келет. Бирок биз адамдар Алланын кулу эмес, тескерисинче напсинин кулу болуп бараткан экенбиз. Раббисин унутуп роборт сыяктуу жашап жаткан адамдар эми ойлонуп калдык. Жөп-жөнөкөй кол жуунун өзүндөгү адепти унутуп калдык эле. Ар бир аракеттен кийин колду тазалоого кылдат мамиле жасайбыз. Ашказанга кирүүчү тамак албетте колдун жардамында болот эмеспи. Азыр баарыбыз тамактан мурда жана кийин колду тазалап жууга абдан көңүл бурабыз. Ал эми муну Пайгамбарыбыз Саллаллахи Алайхи Васаллам бизге 14 кылым мурда эскертти эле… «Убакытым жок», «ишим көп»-деп үйдө отурбаган, үй-бүлөгө көңүл бурбаган адам элек. Көзгө көрүнбөгөн вирус убакытыңды да, ишиңди да карап отурган жок. Эки айдан бери эч жакка кетпей үй-бүлө менен отургузуп койду. Ата-эне катары балдарыбыздын тарбиясы жана билими менен алектенип отурдук. Ата-эне менен маектешүүнүн махабатын байкадык. Күнүмдүк тамак-ашты үнөмдүү жана даамдуу даярдадык. Ысырапка жол бербедик. Акылдуу жандар карантинди үй-бүлөсүнүн бактылуулугуна пайдалана билишти. Тилекке каршы карантинде үй-бүлө менен иши жок, өз билгенин кылып, бир үйдө турса да телефондун же техниканын кулуна айланган маңкурттар да бар экен. Бала менен алектенбей, ПАБИЖИ (атышуу оюну) менен алектенген аталар акылга келсе экен… Интернетте ушак менен убакытын уурдаткандар көп экенбиз. Интернетти интеллект менен колдонбогон көпчүлүктүн арасында АКЫЛДУУ менен АКМАКТЫКТЫН айырмасы калбаптыр. ИНТЕРНЕТТИ ИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН КОЛДОНСОК КАНА ... АТТИҢ... Адептүү макалалар же пикирлер талашып көрүлбөй, ушак-айым аябай популярдулукка жетип жаткан учур... Ушак менен улуулукка жеткендер, адепсиздик менен акча тапкандар пайда болду... (🤔менин сабактарымдын бирөөсүн болсо да бир журналист көрүп калып, коомдук эфирден же сайттардан бере албаганына таң калам кээде... Таанылуу үчүн эмес, жөн гана көбүрөөк адам окуп, пайдаланса дегеним🤔) Идрис акын
617  
09.10.2019
Жамгыр менен жер, батаа менен эл көгөрөт... Бир күнү бир аксакал колундагы бир килограмм эти менен мечитке кирип намаз окуп, үйүнө барып байбичесине алып келген этти бышырып кел дейт. Бир убакта кемпири укмуштуудай окуяга кабыдып таң калып абышкасына:"сиз алып келген эт дак болгон майга да күйүп жаткан отко да күйбөй койду" - деп кирет. Бул эмне деген керемет деп алып келген жанагы мечиттин имамына көтөрүп барат. Мечиттин имамы:"аксакал жана биз менен намаз окуганыңызда ушул эт бар беле?" - деп сурайт. Ооба деген жоопту алгандан кийин имам сөзүн ушинтип баштайт:"мен жана намаздан кийин батаа кылып жатып-Аллахым ушул жерге келген адамдардын денесинин этин тозоктун отуна арам кылгын"-деп айттым эле. Көрсө мен кыдган бата колуңуздагы этиңизге да өтүп кетиптир-деп ыйлап кирди... Ооба достор, калың элдин батаасын алганга шашылалы. Кетирген кемчиликтерди энеңерге батаа кылдырып Кудай Тааладан кечирим суратып алгыла. Аллах энелердин батаасын кайтарбайт... 09.10.19 Идрис акын
4405   72
25.04.2020
30 күнгө 30 сабак 2-күн ЖҮРӨК Күнөөкөр жүрөктөн Аллах да чыгып кетет... Жаман көргөн адамың "Идрис" - деп келсе, "Идрис дебей эле койчу"-дейсиң. Дал ушундай эле Кудай дагы күнөөдөн кайтпаган пенделердин жүрөгүнөн чыгып кетет. Натыйжада алар "Аллах" - дей албай коюшат.... ЭРКЕК Сен ЭРКЕК болмоюнча аялың да АЯЛ болбойт. Эркек эркектей болсун... Алгач сен "АЛТЫНЫМ"- де, ал дагы сага "АРСТАНЫМ" десин... АТА-ЭНЕ Адамды адам кылып тарбиялоо ташты куруудан, үйдү куруудан да маанилүү. 6 жашар балаңды чоңойгондо ААЛЫМ болсун десең, азыртадан баштап аалым менен мамиле кылгандай мамиле кыл.... Бала тарбиялоо баамдатка тургандай кыйын иш... ОРОЗО "Орозо кармоонун эң жеңили: бул кечке ачка жүрүүгө чыдоо. Эң кыйыны: тилдин, көздүн, кулактын, кол-буттун, напсинин орозо кармай билүүсү, арамдан тыйыла билүүсү". Рамазанда жин-шайтандын кол-буту кишенделген менен, напсиң өзүңдүн колуңда, аны башкаруу сана калган... РАМАЗАН СООПТУН СЕЗОНУ!!! 25.04.2020 ИДРИС АКЫН
Загрузка...
5837   56
24.04.2020
30 күнгө 30 сабак. 1-сабак Президентке жакындоо үчүн, анын жакын адамдары менен жакшы мамиледе болуу абдан маанилүү. Ал эми Аллахка жакындоо үчүн да, Анын жакын-жакшы көргөн адамдары менен жакшы мамиледе болуу керек. Аллахтын жакын жана жакшы көргөн адамдары:жетим-жесирлер, жардылар, мискиндер, мусапырлар, зулум чеккендер жана албетте аалым-оолуялар, устаттар... Бул айда садаканы күчөтүү керек. Бул айда ыйманды бекемдөө керек Бул айда кечирүү керек Бул айда аз уктап, аз жеп, көп окуп, көп ибадатта болуу керек Бул айда Куран жаттоо керек Бул айда ифтар берүү керек Бул айда таарынбоо, урушпоо керек Бул айда берешендикти, жоомарттыкты күчөтүү керек... Байлар бул айда көп садака кылганы үчүн сооп табышат. Эгерде рамазан айы болбогондо кедейлер, байларды жек көрүп калышмак! ООБА, ТУУРА РАМАЗАН ДЕН-СООЛУКТУН КЕПИЛДИГИ!!! БИРОК Орозо ден-соолук үчүн кармалбайт, ОРОЗО ПАРЗ БОЛГОН ҮЧҮН КАРМАЛАТ! Орозо кармап бирок намаз окубагандар бар. Бир парзды аткарып экинчи парзды аткарбай коюу туура эмес. Намазды да чогуу окуйлу! Аллах баарыбыздан ыраазы болсун! 24.04.2020 ИДРИС АКЫН
635  
30.10.2019
ЖАМАН КӨРБӨЙ, ЖАКШЫЛАП ОЙЛОНОЛУ ЖАЛКООЛОНБОЙ ЭРТЕРЭЭК ОЙГОНОЛУ! Билим алуу мектеп бүткөндөн кийин токтошу мүмкүн, бирок сабак алуу өмүр бою уланат... Университетте окуп жатканда да чоң сумкамын бир четине нан салып барчу элем. Бир аптада бир жолу сумкамдын ичин нандын ушагынан тазалап турчумуп,анткени китептердин арасында ушаланып кетчи кээде... Бугун мектептерде ушул сумканы көтөрүп калган балдар, эртең университетке бир дептер менен сабакка барып жатышат... Оор да болсо айтайын! Бугун партада уктаган балдар, эртең парламентте укташат! Урматтуу ата-энелер, балдардын сумкаларын жана кийим - формаларын көзөмөлгө алыңыздар! Илгери биз ата-энебизден 3 эле учурда: 1-сентябрда, жаңы жылда жана акыркы конгуроодо гана акча алчубуз. Берген акчасынын жарымын ашырып келчүбүз. Азыр жакын жерде жашаган окуучу жок дегенде 20 сом менен келип, сабакта эмес столовойдо тойго келгендей сабак менен иши жок отурат... Мектептен талап кылган формалар, ушул балдар кийип бараткан кийимдерден эки эсе арзан.... Урматтуу ата-энелер 2-чейректен башынан баштайлы анда... Эчтен көрө кеч жакшы! 30.10.2019 Идрис акын