Urmat Borchenov
@borchenov
Urmat Borchenov

Подписчики: 209359
Посты: 748
Подписки: 258
⚡️Ведущий: TV, свадьбы, праздники ⚡️Озвучиваю ролики, голос #отрк #обондору ⚡️Youtuber: UTV сенин каналың Мой вотсап👇
https://wa.me/996550418888


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3484   145   35888
14.02.2020
“Сүйүү жана мен” Алыкул Осмонов Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту! Ансыз анан алтын өмүр толукпу? Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү Бермет, жакут, каухар кийип жолукту. Кучактадым, өптүм, кыстым боорума, Бул турмушта өлгөнчө бир болууга. Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен, Кош деди да от карматты колума. Экинчиси: андан сулуу, андан жаш, Жалынына жана турган жансыз таш, Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш, Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас. Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда, Ант бериштик өмүр байлап көп жылга, Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен, Жашырынды, жылаан таштап мойнума. Менде айып жок... төмөнсүнбөйм эч кимге, Андай болсо, «күнөө өзүңдө» деп билбе, Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен, Үчүнчүсү, заар чачты бетиме. Жылаан таштап, заар төгүп, чачып от, Эрк сеники, шылдың кылмак, ойномок, Бирок, түшүн, акылың кем жаш сүйүү, Ошентсе да сенден көңлүм калган жок! Билем, анын туш тарабы терең жар, Өзү зоока, куш жете албай болгон зар... Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн, Мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар.
3088     31907
18.10.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
#борченовборсулдайт Спамерлерге арналат @samat_chelsea Админ болуп, группа түзүп мен капа, Көп күн болду эч ким жазбайт бул жака, Анда санда адашкансып келет сүрөт, "Кечикпейли бүгүн ыйык жумага!" Жазгылачы айланайын жазгылачы, Жашың элүүгө жеткенче, Уй кесүүдөн келгенче. Жылдыз тарап кеткенче, Балаң сүтүн эмгенче, Ичкен чайың жутканча, Ай жаңырып тутканча, Жумуш айлык бергенче, Апаң тойдон келгенче, Түгөнгөнчө лимитиң, Жаза берчи күнү-түн. Жазгылачы садага, жазгылачы! Түнкү айран ачыганча, Телефонуң ысыганча, Манжаларың жооруганча, Моюнуң талып, ооруганча, Элдин баары уктаса да, Аалам сени кыстаса да, Ич түйүлүп жатса дагы, Кайгы жанга батса дагы. Орус монтип чокунганча (типа крестик кылып чокунуп кой) Батарейкаң отурганча. Койлор маарап калганча, Досуң даарат алганча Болчу эми группа кана жазылачы. Айла жоктон кейигенден күлөсүң, Күлөсүң да, күлөсүң да, түтөйсүң-ң, Окуп коюп, эмне кылды дебейсиңби? Жөнөттү ал баягы репост сүрөтүн. Ээээ-эң!
Загрузка...
2697   87   31204
24.12.2019
Алыкул Осмонов БЕШ ЖАШАРГА БЕРБЕЙМИН Картайган сайын адамзат Карылыгын жек көрөт, Кайран өмүр өттүң деп Санаркап күнүн өткөрөт. Эскирген сайын адамзат Эскилигин жек көрөт, Эссиз өмүр өттүң деп Өткөнүнө өкүнөт. Жашаган сайын адамзат Жаштык кезин сагынат, Аттиң ай минтип калбай деп Жаш күнүнө таарынат. Майышкан сайын адамзат Балалыгын сагынат, Баягыда минтпей деп Өзүнө өзү таарынат. Мен антпеймин, курдаштар, Жаштыгым өттү кезинде; Заманым тынбай жоо кырып, Ок жамынган мезгилде. Өттү зуулап балалык, Заманым баатыр кезимде, Алпкаракуш жар ташка Таш түлүк тууган мезгилде. Өмүрүм кетти жыргалда, Заманым жигит чагында, Шумкарлар жүрдү үстүмдө, Кабландар жүрдү алдымда. Ар жашаган күнүмдүн Бир миң күндүк салмагы, Ар бир өткөн жылымдын Бир кылымдай ардагы. Жан көрбөгөн укмуштун Артынан кетип баратам, Өлүмдүн бары чын болсо Өлүмдү барып таңгалтам. Жаш улгайып күн өтсө – Бекерге өттү дебеймин, Отуздан ашкан жашымды Беш жашарга бербеймин. 10/XII 1945 Койсары