Urmat Borchenov
@borchenov
Urmat Borchenov

Подписчики: 209359
Посты: 748
Подписки: 258
⚡️Ведущий: TV, свадьбы, праздники ⚡️Озвучиваю ролики, голос #отрк #обондору ⚡️Youtuber: UTV сенин каналың Мой вотсап👇
https://wa.me/996550418888


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2406  
03.11.2019 Kemin
Тойго тойлогону келгендер барбы?! Акыркы учурда тойлор көп болуп, баркы, кызыгы кетип бараткандай. Эңсеп күткөн майрам эмес, кадыресе бир күнгө айлангандай. Албетте негиздүү себептер бар: 1) Айла жок. Тойду деле берүүгө укмуш каалоо жок. Болгону эл чакырган, сен да беришиң керек. Элдикинен кем калбаш керек. Бербей койбосо болбойт. Айла жок. Ал эми тойго чакыруу алган конок деле төбөсү көккө жетип сүйүнөрү арсар. Ал үчүн деле маселе. Кошумчадан тышкары кийинмей, жасанмай, убакыт бөлмөй, отурмай, чыдамай. Айла жок. Болбосо таарынат. Анан кезеги келгенде кайра өзү дал ошондой той бермей. Ушундай айлан көчөк. Айла жок. 2) Жаңылык жок. Тойдун сценарийин баары жаттап бүттү. Эки жаштын аты өзгөрөт. Калганы баягы. Антракттагы репертуар. Дежур, шаблон, узун сөздөр, кой эми сүйлөп коюш керек деген куттуктоолор. Балким азыр каалаган тамада болуп атканы ошондон болсо керек. 3) Тойду эрте бүтүргөн тамада - красавчик! Башталганга чейин меймандар келип “тойду эрте аякта э” деп өтүнүшчү болду. Апей 6 саат мен алдында сүйлөйм да, неге андай маанай менен келди экен деп кызыксам, “2 айдын ичинде 31 тойго бардым кээде 2-3 тойго барганга туура келет”дейт. Албетте бул азчылык. Бирок көпчүлүк деле кеминде айына 2-3 тойго барып атышпайбы. Демек үйүнө эрте жетип оокатын кылса, же ары-бери баспа, тынч отур сөздү ук деген тамаданы укканча, ютубун же телевизорун көрүү артык эмеспи. 4) Аймактар деле тоюп калыптыр 1-2 жыл мурун өрөөндөргө барып калсам, тойдун атмосферасына суктанып, элден дем күч энергетика алып келер элем. Баары ушундай “от души” жыргашчу. Азыр андай суусаган эл жок. Элдин козголушу кадимкидей оорлоп калыптыр. Таланттуу тамада, укмуш кооз жасалга, кымбат шоу-программа, 10 түр салат, 4 өзгөчө тартууланган тамак эч кимди таң калтыра албай баратат. Жан дүйнөңдү жан азыкка толтурчу музыка угуп, эргүү алуу, чер жазуу, моокум кануу, дегеле ойдогудай эс алуу чанда эмес дайымкы көрүнүш болуш үчүн менде сунуштар бар, бирок түшүнүп колдоого муктажмын. Жана буга убакыт керек. А сиз тойго чакыруу алганда сүйүнөсүзбү же?
Загрузка...
2107   65   22742
18.12.2019
Алыкул Осмонов АЛДАНБА Бирин бири жыга албайт, Багынтсам деп өзүнө, Турмуш менен адамзат – Бири – баатыр, бири – дөө. Күн менен түн сыяктуу, Кээде кара, кээде аппак, Турмуш митаам, турмуш куу, Өзгөрүлгөн эң бат-бат. Бири зоока, бири аска, Бири түз жер, бири ор, Турмуш чиркин адамга Бирде кор да, бирде зор. Анткен менен адамзат, Балбаныраак турмуштан, Турмуш болсо – найзачан, Адам – болот кылыччан. Бирок тиги өйдөкү, Көз боочудай шамдагай. Ошондуктан астыңкы Алдырып коёт байкабай. Өзүм адам болгон соң, Адамга айтар насаатым, Биздин бөбөк, инилер, Эч кайгысыз жашасын. Андай болсо турмуштун, Балдай ширин даамына Жана кыздай жароокер, Наздыгына алданба. Кээде жок да, кээде көп, Аздыгына караба. Бели ийилип картайбас, Жаштыгына алданба. Алтын төшөк, ак бермет, Жаздыгына караба, Телегейи тегиз шай Мастыгана алданба. Жашыл, сары, көк гүлдүү, Көркөмүнө караба, Атак, урмат кучактап Өпкөнүнө алданба. Кээде турмуш уу берет, Ачуусуна караба. Кээде турмуш кант берет, Таттуусуна алданба. Дал турмуштун өзүндөй, Миң айлакер жүздүү бол. Дал турмуштун өзүндөй, Акылдуу бол, күчтүү бол.