Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
9407   414
09.02.2020
Урматтуу жүргүнчүлөр👮 ✈️ Орундуктарга жакшы эле жайгашып алдыңыздарбы? Анда сиздер быйыл бир канча ыр, клип, дуэт ырлар менен коштолгон саякатка күбө болосуздар. (Буюрса 😇🙏) Учуу сиздерге жагымдуу маанай тартуулайт деп ниет кылам. 🤗 Учагыбыз бүгүн өз ордунан козголуп, учууга камынып жатат.👮 Сиздерден болгону биз менен экениңиздерди билдирип турууңуздар гана керектелет. Анткени, биздин учак бензин менен эмес, сиздердин кубаттоочу сөздөрүңүздөр менен от алып, энергияга айландырып учуп кете берет. 😇😊✈️ Андыктан даяр болсоңуздар, ушул сүрөттүн алдына каалаган смайлик менен же сөздөр менен билдирип койсоңуздар болот.(Лайкты унутпаңыздар, ал болсо учакка май болуп берет😋) Биз менен учуп жатканыңыздарга ыраазычылык. Экипаж командири: @azamatberdibekuulu Летчик: @gulnaz_chynybek_kyzy Кана, учтук анда... 1... 2... Үүүч... 🛫🛫🛫✈️✈️✈️
4630   383
11.05.2020
Достор, Менде сиздер менен маслеттеше турган жагдай болуп турат. Озумо тиешелуу коп нерсеге акыл калчап, туура чечим кабыл алганга аракет кылып келем негизи. Бирок, бул жолу бул жаатта тажрыйбам жок болгондуктанбы бир кыйла ойго салды го мени бул жагдай😊 Суроо: Жашоонуздарда Куйоосу жок айымды, же аялы жок мырзаны Окул ата же окул ата койгон учурлар кездешти беле? Негизи боло береби ошондой? Окул ата, окул апа деген ким озу? 3 ай болуп калды окшойт бул сунушту укканыма. Башында тамаша ирээтинде кабыл алып койдум эле. Анан бара-бара чын дилден менин Окул апа болушумду ниет кылып жаткандарын билип ынгайсызданып калдым. Озум уй-булом(куйоом) жок болсо , кантип жаш уй-булого улгу боло алам деп ойлонуп кыжаалатмын🤔🤔🤔 Жаштар ата-энелерине да кабарлашыптыр. Алар да сизди сыйлашат, кубанышты дейт🙊 Окул ата, апа деген ото чон жоопкерчиликти талап кылган милдет деп ойлойт элем. Ошого оюм санга болунуп , бир чечимге келе албай жатам. Кудай буюрса, 15-май эки жаштын баш кошуу куну белгилениптир... Сиздердин оюнуздар кандай? Ушул жаатта кенешиниздерге муктаж болуп турган учурум🤔 Пикир болушуп кетиниздерчи 📜
Загрузка...
5558   340
13.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Эээ достор, бул жылкы ат салышуу өтө катуу болуп жатат ээ😇🙊 Жалпы добуш бергендердин санын көрүп алып таң калып жатам🤪📈 Ушунча оолугуп, үмүт артып алып оюбуздагы жеңишке жетпей калып кыйла шагыбыз сынбасын деп... Жакындаган сайын өзүмдү бир калпка сала баштадым. Бүгүн, эртең жыйынтыкка чейинки акыркы күндөр... ⏳⌛️Бүгүнкүгө чейинки көрсөткүчүбүз жаман эмес... Шүгүр...🙏 Дагы да болсо добуш бере электер болсо ссылка менин сторисимде бар. 📱 Ал жактан добуш берип койгондор болсо анда смс аркылуу добуш берүү мүмкүнчүлүгү чектелбептир.☝️ Бирок платный экен. Бир смс - 30 сом экен. Сиздерде шарт болсо 3315 деген номерге эле "Гульназ Чыныбек кызына добуш берем" деп жазып жөнөтсөңүздөр, кабыл алышат. Смс добуш берүү да өтө маанилүү деп айтып жатышат. (Анан бир номерден бир канча жолу смс жөнөтүүгө да болот экен). 📱📲Сиздердин колдооңуздар менен чоооң сахнада, ошончо элдин алдында жеңүүчү болуп табылып калсам дардайып эле кетем го дейм 🤗😇 Андыктан ошол акыркы минуталарга чейин үмүт үзбөй, ниет кыла берейин деп чечтим 😇 Насип кылганын көрөөрбүз🙏 Сиздерге, мен үчүн жан далбастап аракет кылып жаткандарга чоң рахмат 🙏 Бейпил түн каалайм 🌌 _________________________________________ Foto by @akylai_abdrazaeva Прическа : @erlan_mamajanov Макияж: @meerim.nurdinova Платье: @dimash_brand_house