Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6316   307   90555
16.12.2019
деп жүрбөңүздөр анан😄 Мен эле,өзүмдү Лопес сезип ырдап жаткандагы кербезим 😅😜🤗 Бирок, ушул Выступлением, образым өзүмө өтө жагып жүрдүм😋🥰🤪 Эми ушул сиздер көрүп турган видеодогу көрүнүш үчүн иштеген чоң командага ыраазычылык айтып өтөйүн, уруксат этсеңиздер 😇 🙏 🙏 🙏 Өтө эле сонун макияж үчүн, мени бирииинчи клиптеги, бирииинчи макияждан бери кызматташып келаткан @meerim.nurdinova деген мүнөзү четкий сулууга рахмат айтам. Мээрим, макияж өчүп калбасын деп түнү менен уктабай чыктым 😄 Түшүндүң да ээ, канчалык жакканын😀😇😘 🙏🙏🙏 Кийинки терең ыраазычылык @erlan_mamajanov красавчик иниме. Кандай маанилүү Выступление болбосун ар дайым жанымда. Эрлан, сен красавчиксин, сени жакшы көрөм, билесиң да. Сен жөнүндө жаңылыктарыңды кошуп өзүнчө Пост жазам го 🤗😘 🙏🙏🙏Ал эми кийип турган өзгөчө образдагы кийим болсо айтпасам деле билип калдыңыздар окшойт уже ээ? Ооба, ал албетте @arzubek_vonama Бул жигит мени эле эмес, кечээ сахнага чыккан ырчы айым, мырзалардын дээрлик 90%ын кийинтти. Арзуш, сенин фантазияң, идеяңдын такыр түгөнбөшүнө там берем🙊 Ващщще ле красавчиксин өзү 😎 🙏🙏🙏"Ушунча даярданып алыптыр эми кыймыл менен коштош керек, бий коюш керек" деген күчтүү, профессионал командасы менен мощный бийлеп коштогон @ermek_kerimbaev жана анын @ng_dance_community командасына да Чоооң рахмат айтам. Ребята, вы самые самые крутые 😎✊Спасибо, за постоянную поддержку. Ценю, уважаю✊🔥 Апей, орусча сүйлөп кирипмин го🙊 Просто балдар көбүнчө орусча сүйлөп калышат да, ошого түшүнбөй калышпасын дегеним да 😊😇🤗 Эхххх, Пост өтө узарып кетти ээ... Калган ыраазычылыктарды кийинки постто айтайын эми... Аягына чейин окуганыңызга рахмат 😇🤗
4857   297
06.12.2019
Достоооор, даярсыздарбыыы? Анда айтайын 🎤 Биз финалдаааа💃💃💃 "Жылдын мыкты клиби" номинациясы боюнча өтүппүүүз.😇💃 Бирок, мыкты айымга өтпөй калыппыз.(Быйылча эртерээк дешти окшойт😊) Финалга ат салышкан мыктылардын арасынан саны боюнча эң аз подписчик меники болсо дагы тимеле тең тайлаштык го, чиркин 😇 Бул сиздердин мага ишенимиңиздер, колдооңуздар деп билем.😇🤗 Ватсап, инстаграмдан мен үчүн жан далбастап тынымсыз колдоп жатканыңыздар үчүн аябай ыраазы болдум. Чооооң рахмат😥😥😥🙏🙏🙏 Эми болсо, "Мыкты клип" номинациясына эки красавчик анан мен болуп өтүптүрбүз. Экөө тең жөн жигиттер эмес экен. Сиздер катуу колдоого чыгып берүүңүздөргө ишенип, таянып турам. Ал үчүн сториске баш багып, мурункудай эле добуш берет экенсиздер.(Акысыз) Андан сырткары: 3315 деген номерге Гульназ Чыныбек кызына добуш берем деген смс жөнөтүш керек экен.(Акы төлөнөт экен). Дагы бир ирет, колдооңуздар үчүн чоң рахмат. Ыраазыланып турам.🙏🙏🙏 @ktrkmuzyka
Загрузка...
15960   269
30.12.2019 Gul'Cha, Osh, Kyrgyzstan
Ушундай ачык асман алдында, тоо койнунда ырдаган башкача жагат да 😇💃 Өзүм айылда төрөлүп, өскөн үчүнбү, билбейм, өзүмдү аябай эркин сезип, жыргап ырдайм 😇☺️ Бүгүн Алай жергесинде тургундарды ЖК нын депутаты Улан Примовдун чакыруусу боюнча барып, куттуктап, ырдап, бийлеп кайтып келатабыз. Карапайым калктан айланып эле кетем🤗🙏 Жыыыргап кошо бийлешип, ырдап, кыскасы сонун болду 😇🤗 Бар болуңуздар! Кирип келе жаткан Жаңы жылыныздар менен!!! ______________________________________ Таң атпай туруп келип мени сулуулаган @zerkalo_kuzgu.kg Кумара эжеме, жана чачымды укладка кылып берген @rasul.hairstylistt рахмееет🤗😘 Кайра кечки "Браво 2019" жыл жыйынтыгына алып баруучулукка образ жаратуу үчүн кайра @zerkalo_kuzgu.kg барам азыр. Алай - Ош жолунда баратып жазып жатам 😇 Бүгүн дагы кызыктар болот, буюрса. Лента, сториске көз салып турунуздар🤗 (Ушинтип шашылыш кезде да Пост жазып жатып "сиздер үчүн эле жашап бараткандай эмесминби" деп ойлоп кетем 😅😝) Жакшы көрөм просто, ошол эле 😇🤗😘
6627   268
16.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Образ Жарашыптырбы?😇 Ошентип, достор, сиздердин күтүүңүздөрдү бир аз болсо да актайын деп өзгөчө клип тартуунун үстүндөбүз😇🤗 Чыгарма дагы башкача мотивде, насип кылса сиздерге жагат деген үмүтүм бар.🙏 @timur_saliev_production командасы айтты: "Сен биздин айткан идеяларга көнүп, жакшы изденип, бизге жардам бер. Өзгөчө клип тартып берели..." дешти эле макул болдум. Анан эле клип тартуу учурунда өзүмдү өзүм күзгүдөн көрүп араң тааныдым 😁🙈 Андан сырткары тартуу учурунда ар түрдүү күтүүсүз бурулуштар болуп кетип жатат.🙊 Клип үчүн кандай гана кадамдарга барбайбыз деп коюп болгон аракетимди жумшап жатам. Буюрса, эртең да калган бөлүгүн тартабыз. Жакшы тилектер менен алкап туруңуздарчы😇🤗🙏 Өзүмдүн да, сиздердин да купулуна толо турчудай эмгек жаратып алууну насип этсин 🙏 Жалпы клип үчүн 40-50гө жакын адам иштеп жатат... Жалпы идея @timur_saliev_production таандык. @bek_jumakadyrov тартып жатат. @erlan_mamajanov ар дайымкыдай чач стилист, жана колдоочум болуп жүрөт. Ал эми кийим образдар @arzubek_vonama мода үйүнөн даярдалып жатат. Клип бүткөндө дагы толук маалымат жазам, буюрса 🤗 Бардык аракетибиз сиздер үчүн, угарман, көрөрмандарыбыз🤗🤗🤗
6736   262
24.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Тааныбаган адамдарга капа болуп калдым бүгүн 😏 "Үйдө отургула" деген сөз айтыла берип жөнөкөй эле сөз айкашы болуп баратат окшойт, кээ бирлерге...😒 Бир тууган эжем лечение алып ооруканада. Ага керектүү каражаттарды алып баруу үчүн жөнөдүм. (Такси менен.) Жолдо баратып шаардын көчөлөрүн карадым. "Эмне болуп жатат? Элдер жокпу? Эмнелер иштеп же иштебей жатат?" депчи... Адамдар негизи демейдегиден азайыптыр. Аялдамаларда турушат, жарымында беткап (маска) бар, жарымында жок. Аларга "мейли, өтө зарыл жумуштар менен жүрүшсө керек" деп өтүп кеттим. Капа болгонум, ачуум келгени Парктардын скамейкаларында маска тагып алыыыып отурушат 😠 бей-капар! Паркта бүтүрө турган кандай зарыл жумуш болушу мүмкүн?! Дал ошол отургучтардан, четтеринен, эл көп жерден вирус бат жана кенен таркайт, ошондуктан үйдө отургула деп какшап жатышпайбы 😖 Көңүл кош мамиле кылбайлычы! "Автоматтарды алып, өз жаныңарды тобокелге салып согушкула. Ошентип душманды жеңгиле!" деп жатышкан жок го! Болгону чыдап үйдө отуруп туруу гана талап кылынып жатат. Вирустун жайылып кетпешин гана камсыз кылып турсак, ошончолук тез жеңип чыгат экенбиз, буюрса ✊✊✊ Ал эми чыдап үйдөн чыкпай отургандар, жарандык милдетти аткаруу менен биргеликте, мамлекетке жана дарыгерлерге жардам берип жатабыз деп өзүңүздөрдү өзүңүздөр алкап, мактап коюп отуруп туруңуздар ✊ Өлкөбүздө эртерээк вируссуз жашоо келсин 🙏🙏🙏
4749   261   88434
19.04.2020
Ушундай видео келиптир... ☺️😊 Мен кээде комплимент катары уксам, кээде сын-пикир катары угуп калам: "Өтө эле жөнөкөйсүн. Ырчы деген өзүн бир аз токтоо, олуттуу алып жүрүш керек" деп🤔 Негизи өзүмдүн турушум ушул. Тез эле тил табышып кетем. Жөнөкөй эле болгон жагат. Анткени Кудайдын алдында баарыбыз эле жөнөкөй пендебиз да, туурабы? 🤔 Сиздер кандай ойлойсуздар? Жөнөкөй болуп жүрө берсең алдыга өсүү болбойт деп бир жакын эле адам бүгүн "тракторист" болгон сүрөтүмөн кийин сын пикирин айтты...🤔 Сиздерден да пикир уккум келип жатат. Баарын туура кабыл алам. Сиздер менен бирге өскум келет.😌😌😌 ___________________________________________ Видео күздө тойдун башталаар алдында тартылган экен.🤗 Сонун уй бүлө экен. Жакын адамы келгендей эле тосуп алышты эле... Кубанып кызмат кылып, кетким келбей жатып кеткен элем бул тойдон 😁🤗
4625   259
08.12.2019
Кечээ бир тойго бардым. Экинчи антракты баштап бердим. Элдер жыргап-куунап бийге чыгышты. "Элибизде тынчтык менен токчулук болгон үчүн ушинтип бейкапар бийлеп жүрүшөт да, ушунусуна кудайга шүгүр" деп ырдап жаттым. Бир кезде айланамды карасам мотурайган кичинекей кыздар баары мени карап, ырымды кошо ырдап бийлеп жатышат. Көздөрү менен көп нерсени айтып жатышат: "Сизди телевизордон көрөбүз, тааныйбыз... Ушул ырыңыз жагат... Сиздей ырчы болгубуз келет... Сиздин ырчылык келечегиңизден үмүтүбүз чоң..." деп жаткансышат. Анан алардын балалык баёо сезим менен караган көздөрүнө карап туруп: "Кантип ушулардын ишенимин актабай коём?! Кантип финалдан утпай коё алам?!" деген суроолор сар-санаага салып, заманамды астын-үстүн кыла койду 😅😄🙈 Келгиле, замандаштар, ошол бөбөктөрүбүздө эмне күнөө дейсиздер, ишенимин актап, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымак менен добуш берүүгө катышып, финалдан утуп чыгалы😌😅😅😅 Шайлоо алдындагы речь кандай кетти? 😂😜🤗 Сиздер зээрикпей кичине күлгөнчө голос таштап келсин дедим да 😅🤗 Көңүлдүү кеч каалайм 🤗