2509 202
14.06.2020
Bishkek, Kyrgyzstan
Эжесиникинде бир кун ашыкча конок болуп келгени учун ушинтип жазаланыптыр деп уктум.
Бугун болсо куйоосун кечирип, тосмо арыз жазыптыр деп окудум...
🤔🤔🤔 Сиздердей эле капа да болдум, ачуум да келди, ар кандай ой каптады... Бирок, бул бизге билинген бир уй-було болду. Билинбегендер да бир топ болушу мумкун...
...................................................................
Ушул окуяга байланыштуу атам менен апамдын бир кунун эстеп кеттим. Айтып берейин.
Былтыры куз айлары болуш керек. Ош шаарына барып калдым тойго. Ошол куну апам да айылдан Ошко семинарга келиптир. Туштон кийин Бир тууган эжемдин уйундо коруштук. Акжибек абжем даамдуу тамактарды жасап коноктоп жатат. «Апа, бугун калып эле кетпейсизби. Коптон бери корушо элек болчук го, туну менен суйлошобуз учообуз» деп сурандык.
Апам: «Кой, кызым, атан уруксат бербейт» дейт🙊
«Неге уруксат бербейт. Собственная кызыныздын уйундо каласыз го акыры, бизди суранып жатат деп айтыныз да😌» деп кондурдук. Апам да калгысы келгендей: «Анда макул , азыр чалып коройун» деп чалды.
Атам: «Келе бербейт белен» десе , Апам: «Кыздарын суранып жатат» дептир. Анан атам макул болду😇😇😇
Суйунуп , аркы-беркини суйлошуп отурабыз. 1 саат отуп-отпой эле апам отура албай эле : «Кой, кыздарым, мен бара берейин. Атан жалгыз калганды жактырбай журот. Откондо жалгыз калсан кызыктай болот экен деген эле. Мен бара берейин кун кеч кире электе» деп эле жоносо болобу😁🙊
«Ой апааа, сиз калп эле атама шылтоолоп коёт турбайсызбы, озунуз эле атамын жанына баргыныз келип, дагы эле суйосуз ээээ жигитинизди» деп каткырып , тийишип , узатып койдук 😅😅😅 Эстесем кичинебизден эле атам жумуштан же коноктон келгенде «Апанар кайда?» деп издеп турат экен. Кобунчо жанында , уйдо болушун каалайт окшойт.
Азыр эжелеримден, синдилеримден да байкап калам. «Жезден 5-6 кун журуп келе бер деди» деп кудундап суйунуп келип калышат уйго... Негизи менталитетибизде аялы куйоосунун ою менен эсептешип турганды жактырышат.
Бирок, ошол эле учурда биринчи ЭРКЕК ошондой мамилеге озу татыктуу болуш керек! Кунумдук турмуш жолунда Аялдын ан-сезиминде ошондой сыйлуу орунга арзыш керек деп ойлойм!
Аялынын астында кадыр-баркын , сый-урматын жоготпош керек!