Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2957   144
22.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Окуучум кезим болсо керек эле... Башталгыч класстагы куракта... Каяктан, кимден экенин билбейм бирок бир күнү адамдардын ар бири акыры келип өлөт экенин аң сезим менен билип, түшүнүп калдым. Ал маалыматты акылым аш кылышы аябай кыйын болду. Бир нерсе кылайын десем эле оюма жанагы маалымат келет : "Баары бир бир күнү келип өлүп калат турбаймбы" деп эле кетпейт.😐 Эч нерсе кылгым келбейт. Тообо...))) Эч кимге деле айтпаган экен элем. Чоңдоргочу) Азыр ойлосом мини стресс болгон окшойм...) Бүгүн да интернеттен маалымат окуп калдым. "Коронавирустук стресстен кантип чыгуу керек?" деген темадагы видео-ролик экен. Билинбегени менен бул вирус, учурдагы кырдаал билиндирбей айрымдарыбызды стресске жетелеп жаткансыйт... Интернетте сүрөт, видео же маалыматтардын астына жазылган пикирлерин көпчүлүгү негатив (мамлекет мындай кылыш керек болчу?! Эмнеге тигиндей?! Минтпейт беле?! деген сыяктуу) болуп бараткандай... Бул (жок болгур) илдет биздин өлкөгө да келип жетти. Демек баарыбыздын каршылашыбыз, душманыбыз бир болуп турат. Биримдикте, ынтымакташып, тартиптерди туура жана так сактасак эле жеңип чыга алат экенбиз. Өзүбүздү жаман ойдон, жаман оор тие турган маалыматтардан сактайлы. Жараткандан бул күндөрдүн тезирээк өтүп кетишин сураналы. Буюрса, баары жакшы болот.🙏 Эгерде арабызда чын эле билинбей депрессияга чалдыгып бараткандар болсо бири-бирибизди колдоп туралы. (Мен дагы баракчамдан коронавирустук стресстен кантип оолак болуш керек деген маалыматты толук жазып туруп сиздер менен бөлүшүп турганга аракет кылам) Элибизде аманчылык болсун 🙏🙏🙏
4794   142
25.04.2020
Бул сүрөттү Какунтайымдын (ортодогусу, эң кенже сиңдим) узатуу тоюнда түшкөн элек. Андан кийинки сүрөт болсо үйлөнүү той күнкү сүрөт. Эки күндө тең Какуга макияжды мен жасап берген элем. Ошол кезде аябай макияжга кызыгып үйрөнүп киришип баштаган учурум эле. Өзүмчө кыйын болуп, "смело" эле жоопкерчилик алып жасап алып, менден күчтүү визажист чыгат окшойт деп ойлоп алыпмын. Көрсө Какунтайым өзү эле табияттан сулуу турбайбы 😅 Өзүмү жасасам анча болбойт, Какуга жасасам эле сонун болот, ошондон улам сезип калдым 😅😅😅 Бүгүн ушул красоткабыздын туулган күнү 🤗 @a.kanulya өздүк майрам кут болсун, дорогушам😘 Уланчик менен узак өмүр бактылуу өмүр сүргүлө! Силер ошондой бакубат жашоого татыктуусуңар! Көп балалуу болгула! Силердин сүйүнгөн гана жүзүңөрдү көрүп жүрө берели 🤗😘💐 @zhakypova.klara апоу, бизди ушундай сиңдилүү кылганыңызга рахмат 🤗 😘 _________________________________________ @myskal_hair прическалар тааныш болуп жатабы? 😊😇🤗😘
Загрузка...