Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2493   164   30371
03.04.2020
Бүгүн пиар кылуучу учур эмес!!! Жалпы адамзаттын башына түшкөн оор күндөн биргеликте чыгуу, ушул сыноону чогуу жеңүү күнү! Ооба, "оң колуңдун бергенин сол колуң билбесин" - деген кеп бар. Бирок, кырдаалга байланыштуу бул видеону мактануу эмес, мүмкүнчүлүгү бар боорукер замандаштарыбызды бизге кошулуп жардам берүүгө чакыруу үчүн чыгардык. Муну туура түшүнөсүздөр деп ойлойбуз. 🙏🙏🙏🙏 Билсеңиздер өнөр адамдары жалтырак көйнөк кийип, күлүп жүргөнү менен көпчүлүгүнүн капчыгында маңдай жылытарлык миллиондору деле жок. Ошентсе да, алыбыздын жетишинче уюштуруу жолу менен ырчы, тамада, журналист, блогер, айтор... маданият чөйрөсүндө жүргөн бир топ өнөр адамдары топ-топко бөлүнүп аракет кылып жатабыз. Кезинде биздин ата-бабаларыбыз да мындан оор, мындан кыйын күндөрдө акыркы жарты токочун, бир кокуч талканын тең бөлүшүп жеп, ынтымак, биримдик менен далай сыноолорду жеңген. Аны улап бүгүн да муктаждарга каралашып аткан шарты, мүмкүнчүлүгү бар баардык кыргызстандык замандаштарга таазим жана ырахмат. 🙏🏼🙏🏼🙏🏼 Кудай буюрса бул күндөр да өтөт. Ынтымак, биримдик, тартип жана тазалык менен аты жаман ооруну сөзсүз жеңебиз.✊✊✊ Пейилибиз тазарып, жүрөгүбүз агарсын. Бири-бирибизден жардам, жакшы сөз аябайлы. Жараткан ар бир пендесинин күнөөсүн кечирип, оору-сыркоосуз бейпил, бактылуу күндөрүбүздү кайрып берсин.🤲🤲🤲🤲🤲 Соңунда СИЗден суранарыбыз ☝️эгер шартыңыз бар болсо, биздин катарга кошулуңуз.🗣🗣🗣 Али дагы биздин колубуз жетпеген 2,3 күндөн бери оозуна наар албаган, бир чымчым уну, бир кесим наны жок жарандарыбыз арбын экен. Чалуулар өтө көп болуп жатат. Эгерде өз бала-чакаңызга жетээрлик оокат-ашыңыз болсо, анда СИЗдин андан да чоң жардамыңыз #ҮЙДӨН_ЧЫКПОО, #ҮЙДӨ_БОЛУУ, #ҮЙДӨ_ОЛТУРУУ, #ТАРТИПТИ_САКТОО, #ТАЗА_БОЛУУ!!! Баарыңыздарды терең урматтап, ӨЗГӨН ӨНӨРПОЗДОРУ! @ozgon_onorpozdoru_official
5103   159
18.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Жаман оору, жаман окуя, кырсык бизге такыр тиешеси жоктой, бизге келбей тургандай жашайт экенбиз. 🤔 Учурда көпчүлүгүбүз дүрбөлөңгө түшүп өмүрүбүз үчүн кыжаалатпыз...😣😯😑 Тиги (жок болгур) вирус жөнүндө кимдин оозунан чыкса, кайсы жерден окусак жалдырай карап калып жатабыз "Жакшы маалымат болсо экен... Жакшы жагына кетсе экен...🙏" деп... Мен эле эмес сиздерде деле ошондой болуп жатса керек? Кечээ түнү менен клиптин сьемкасында жүрүп, таң атканда келип уктагам. Сиңдим түштө ойготту: "Кыргызстанга да келиптир, мен барып продукты кылып келейин" деп. Делдиреп эле бүгүнкү пландарымды жыйнаштырып, үйдө калдым. Азыр эле кайра келишти, күйөө бала ( Бека, врач) экөө. Бека продукты алдыртпай коюптур: "Паника кылбагыла, продукты түгөнбөйт. Баары жакшы болот! Болгону өкмөттүн айткан тартибин жана медиктердин айткан эрежелерин туура сактап турсак жеңип өтүп кетебиз" дейт. Ошондой эле болсо экен деп бир аз тынчтанып калдым. Андыктан, достор, кудайдын бул жолку сыноосун ынтымакташып, тартиптерди сактап, жеңип чыгып кетели! Кудай өзү колдосун 🙏🙏🙏 Ар бириңиздерди сактасын! Буюрса, өткөн чак менен айтылып калып кетсин!!!🙏🙏🙏
Загрузка...
3333   153   61501
31.03.2020
Тагдыр бизди каалагандай калчасаң дагы, элиме, жериме тийбечи 😔🙏 Элибиздин ден соолугуна тийбегин!😥🙏 Ушул ниетибизди, жан дүйнөбүздүн жаңырыгын ушул ыр белек аркылуу тартуулаганга аракет кылдык. Ак ниет менен кабыл алып коюңуздар 🤗 Элибизден ынтымак кетпесин🙏 Буюрса, биргеликте баарын жеңип чыгабыз✊✊✊ Эгерде сиз дагы ниеттеш болсоңуз өзүңүзгө жаккан смайликтерден калтырып же жылуу пикир менен колдоп койсонуз болот . Элибиз аман болсун! Жаман нерсе ата-энебизге, жакындарыбызга, балдарыбызга, ЭЛ-ЖУРТУБУЗГА ТИЙБЕСИН #элиметийбегин #элиметийбесин Идеянын автору жана монтаждаган: @anjelika_kairatovna_official @altynai_narbaevaofficial @aijamalkabylova_official @nelya_nurkulova @jumagul_raimjan_kyzy @tolgonai_arzykeeva @anjelika_kairatovna_official @kaldarovagulnara @gulnaz_chynybek_kyzy @saikal_sadybakasova__ @kabylova_offi @aselkadyrbekova @aiperikubikkyzy @gulanda.83 @aidana_deka_official @aizada_jamgyrchieva @gulsun_bostonkulova @ainura.salahidinova_official @asel_kasymova @dinaraakulova64