Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
1913   179   33558
21.03.2020
Кыргыз болуп төрөлгөнүмө чексиз кубанам! Нооруз майрамыбызды кут кылсын! Жаңырган жылыбыз жалаң жакшы жаңылыктарды угууну насип этсин! Эски жыл өзү менен бирге жамандыктарды ала кетсин! Денибиз сак, заманыбыз тынч болсун 🙏 __________________________________________ Майрамга карата чакан конкурс!💯💯💯 Үйдө отуруп зээригип жатсаңыздар керек ээ, бир аз алаксыйлы деп ушул идея оюма келип кетти 😊 Бул видеодо звук жок (атайын алып койдум). Эми тапшырма : Мен кайсы сөздөрдү сүйлөп жатам? Оюңузга келген сөздөрдү жаза бериңиз, эгерде 5тен ашык сөз туура дал келип калса алгачкы туура тапкан 5 адамга 100💯бирдиктен которуп коём. 😇🥰 (Ушинтип өзүбүздү өзүбүз алаксып туралы 😊) Кеттик анда, байкаштырып көрөлү 🤗 Туура тапкандарды түнкү 11де сториске чыгарам.😉😘 Ушундай кереметтүү көйнөктү бир гана @dimash_brand_house тан таба аласыздар 🤗 😘
2954   176
02.04.2020
Кымбаттууларым! Ушинтип атагым келди... Анткени ар бир кыргыз, ар бир Кыргызстандык бири-бирибиз үчүн кымбат болгон күнгө туш болдук! Бүгүн бөлүнүп жарылуунун, бири-бирибизди айыптоонун, күнөөлүү адам издөөнүн учуру эмес деп ойлойм! Азыр баарыбыздын душманыбыз бирөө эле - ал ВИРУС!!! Кыргызстандыктардын гана эмес, жалпы адамзаттын душманы - ошол вирус болуп турат! Дүйнө эли "Сен эмне кылдың? Мен эмне кылдым?... Тигилер кана? Булар Кана эле Кана?" деп элди дүрбөлөңгө салып, бөлүп жарып эмес ☝️ Тескерисинче баары бир муштум болуп биригип, ✊болгон күчтү бир нукка жумшап Адамзатка келген бул апаат менен күрөшүп жаткан учур! Кудайдын каары келсе, биз колунан эч нерсе келбеген жөнөкөй гана пенде экенибизди эскертип жаткандай... Андыктан болгон энергиябызды, оюбузду, ниетибизди, тилегибизди бир гана жакшылык тилегенге буралы, кымбаттууларым🙏 Бири-бирибизге жакшы сөз айтып, жакшыдан үмүт үзбөй, ниетибиз менен жакшылык чакыра турган күндө турабыз! Ансыз да күндө көбөйүп баратат деген сыяктуу жагымсыз кабар ар бир адамды ар кандай жагымсыз жагдайга салып турган учур! Бири-бирибизди, өзүбүздү аяйлы! Жакшы күндөр сөзсүз алдыда күтүп турган болсун! Ар бириңиздер кымбатсыздар. Сабыр менен жеңип чыгалы!✊✊✊🙏🙏🙏
3949   166
27.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Телефон чукулагандан деле жадап баратасыздарбы?😊 Каякты карасаң эле "аты өчкүр" вирус чыгып эле. Билиндирбей эле психикалык жактан дагы ала баштаптыр. Лечение алып жаткан эжем жакшы болуп келди бүгүн үйгө. "Кечээ бир вирус жөнүндө видео көрүп алып, жаман болуп чыктым, жүрөгүм лакылдап..." дейт. СТОП!!! Достор! Психологиябызды сактайлы! Жагымсыз маалыматтардан өзүңүздөрдү сактаңыздар! Стресске түшүп кетпеш үчүн өзүңүздөргө жаккан жумуштар менен алек болуңуздар! Кыймылсыз жата бербеңиздер. Кылаарга жумуш жок болуп жатса, интернеттен спорт көнүгүүлөрүн таап жасаңыздар! Же болбосо бийдин түрлөрүнөн тандап алып үйрөнүңүздөр. Иши кылып позитив тартуулай турган нерселер менен алек болуңуздар! Кудай буюрса, бул күндөр да өтүп кетет! 🤗 Божурашып, жакшынааа болуп үйдө отуруп туралы, бири бирибизди алаксытышып 😁🤗 Эртеңден баштап темаларды тандап алып талкуулап, сүйлөшүп, ой бөлүшүп дискуссия баштасакпы? Кандай темаларды сунуштайсыздар? (Пайдалуу, позитивдүү темалардан)