Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4625   259
08.12.2019
Кечээ бир тойго бардым. Экинчи антракты баштап бердим. Элдер жыргап-куунап бийге чыгышты. "Элибизде тынчтык менен токчулук болгон үчүн ушинтип бейкапар бийлеп жүрүшөт да, ушунусуна кудайга шүгүр" деп ырдап жаттым. Бир кезде айланамды карасам мотурайган кичинекей кыздар баары мени карап, ырымды кошо ырдап бийлеп жатышат. Көздөрү менен көп нерсени айтып жатышат: "Сизди телевизордон көрөбүз, тааныйбыз... Ушул ырыңыз жагат... Сиздей ырчы болгубуз келет... Сиздин ырчылык келечегиңизден үмүтүбүз чоң..." деп жаткансышат. Анан алардын балалык баёо сезим менен караган көздөрүнө карап туруп: "Кантип ушулардын ишенимин актабай коём?! Кантип финалдан утпай коё алам?!" деген суроолор сар-санаага салып, заманамды астын-үстүн кыла койду 😅😄🙈 Келгиле, замандаштар, ошол бөбөктөрүбүздө эмне күнөө дейсиздер, ишенимин актап, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымак менен добуш берүүгө катышып, финалдан утуп чыгалы😌😅😅😅 Шайлоо алдындагы речь кандай кетти? 😂😜🤗 Сиздер зээрикпей кичине күлгөнчө голос таштап келсин дедим да 😅🤗 Көңүлдүү кеч каалайм 🤗
4583  
08.02.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Достор, интернеттен бир маалымат окуп калдым. Туура эле окшойт деп ойлоп калдым өзүмдүн бир туугандарымын мүнөзүнө салыштырып көрүпчү😊. Анда мынтип айтышыптыр: Адамдын мүнөзү анын үй бүлөдө канчанчы төрөлүшүнө да байланыштуу калыптанат экен. Аны окумуштуулар изилдеп чыгышыптыр. ТУН бала болуп төрөлгөндөр жоопкерчиликтүү, этият, анан башкарууну жактырган адам катары мүнөздөлүшөт экен. ОРТОНЧУ балдарга болсо көп көңүл бурулбай калгандыктан, алар тынчтыкты орнотуучу ролду аткарып калышат экен. Типа психолог болупчу. КЕНЖЕ балдар болсо биринчи кезекте өзүн ойлоп, көңүл ачууну жактырган жана өзүн өтө жакшы көргөн адам болуп мүнөздөлүшөт экен. Мен үйдө ортончумун да, анан Өзүмчө эле психолог боло берем да 😁 Бир туугандарым кубанса да, капаланса да айтып калышат, Өзүмчө совет беримиш болуп калам да 😊 Сиздерде кандай? Окумуштуулар туура эле байкаштырышыптырбы? Же жөн эле коюшпаптырбы?😊☺️
Загрузка...
4528   106
25.12.2019
Кыздар, бүгүн менин чын дилимден бөлүшүп өткүм келип калыптыр.☺️😊Бир жакка бараарда сонун кийинип, сонун жасанып алсаң кечке өзүңдү сонун сезип кудуңдап сүйүнүп жүрө бересиң го☺️ Сиздерде да ошондойбу? "Жакында жакшылык же корпоратив кимге барып макияж жасатсам экен, кимге чач жасатсам" деп баш катып жатса, мени угуңуздар : Эгер Бишкекте жашасаңыз анда @meerim.nurdinova ушул кызга макияжга барыңыздар. Кичине көздөрдү чоңойтуп, алыстарды жакындатып, өтө чоң көздөрдү нормалдаштырып, иши кылса соонун кылып боёнтуп коёт. 😇🤗 Андан чыгып @erlan_mamajanov га барасыздар. Макияж бар кызга чач жасаганды жакшы көрөт Эрлан, илхому жакшы келет да😊 Анан ал сизден "кандай көйнөк киесиз?" деп сурайт. Тартынбай эле айта бериңиздер. Анткени ошого карап, фантазиясын ойготуп, "мага ишенип коё бериңиз" деп туруп сонун кылып жасап коёт. Ошентип өзүңүздү сооонун сезип жакшылыкка барып "довольная" келип, Бетти жуугунуз келбей, чачты жазгыңыз келбей атып зорго бузуп анан уктап каласыз 😃😝🤗 Төкпөй чачпай айтып бердим ээ😄🤗Жакшы көрөм да сиздерди 🤗 Ииий унутуп калыпмын, ошентип жасагандан кийин сөзсүз @ph.turkmenov сүрөткө түшүп коюңуздар, эстеликке калат да 🤗 Рахмат @ph.turkmenov сүрөттөр үчүн 🤗
4511  
26.01.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Бүгүн мындай окуя болду. Сүрөттөгү косметологум @janara_kubanych ка баргам. Жыргап бетимди тазалап, процедураларды кылып, маскаларды коюп "Бүгүн бетиңе эч нерсе койбой тур" деп жөнөттү. Ошол боюнча Такси менен үйгө баратсам таксист YouTube дан "Алма сунсам колуңаны" коюп калды, артынан эле Кайда" болуп калды, анан"Мына" болду. Кыскасы, таксист менин күйөрманым окшойт, бирок мени тааныган жок. Анткени менин бетим @janara_kubanych тазалап берген боюнча, кирпик жок, Гульназ Чыныбек кызынын сүрөтү тартыла элек боюнча келаттым эле да 😅😅😅 Өзүм деле "Ушул ырдап жаткан менмин да" деп айткан жокмун, жаш баланы разочарование кылбайын дедим да 😅😂. Айтайын дегеним мурда Макияж жок сүрөткө түшүш эмес, көчөгө чыккым келчү эмес. @janara_kubanych баргандан баштап бетим сонун болуп баратат, буюрса 😇🤗 Сиздер дагы бетиңиздерге кам көрүү үчүн, беттеги пигменттик тактарды кетириш үчүн, мимикалык тырыштардын алдын алыш үчүн дал ушул @janara_kubanych косметологго барууңуздарды сунуштайм 😇🤗 Көңүлдүү кеч каалайм 🤗