Гульназ Чыныбек кызы
@gulnaz_chynybek_kyzy
Гульназ Чыныбек кызы

Подписчики: 534060
Посты: 1234
Подписки: 371
Singer 🎙🎙🎙 Кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7942   454
27.02.2020
Бул Пост болсо үйдө отурган айымдарга арналат ☝️ Анда кеп башынан болсун... Бир жума мурун үйгө келдим, айылга. Апам эс алганча лечение алып алсын деп Жалал-Абаддын курортуна жайгаштырдык. Апамын үйдөгү ролун мен аткарып турмай болдум. Учурда үйдө атам, апам, анан эки небереси болуп турушат да. Башында ойлодум : "Үйдө эмне кыйраткан деле жумуш жок го, жөн эле справлюсь" депчи. Эки күн катар кечинде той Ошто. Атаман неудобно болуп сурап, кайткыча шашам. Уктагыча барып калайын(төшөк салып берейин) деп. Жетишпей калам, келгиче уктап калышат. Андан кийин эки күн катар сьемка Ошто, дагы неудобно болуп сурап, айткан саатыма келе албай калып, үйгө жеткиче кыжаалатмын "Курсактары кантти экен. Атама дагы уят болдум, Үйдө деле болбойт экен деп жатса керек..." депчи. Анан эртеден кечке үйдө. Вроде бы иш деле жок. Бирок эрте менен бирөөсүн бала бакчага жөнөтүп, бирөөсүн мектепке жөнөтүп, үй жыйнамыш болуп, кир-пир жууп, обед кылып, идиш жууп, биртике мал карамыш болуп, кайра эле кечки тамакка урунуп, берип кайра идиш жууп....... Ой кыскасы, кыйратып кылган иштен деле дайын жок чарчап калгандай болом 🙊 Тообо... Ошого жөн эле айтып коёюн дедим эле : Үйдө отурган апакелер, бар болгула!!! Силерге ДАҢК!!! Көп жашагыла! Келе жаткан майрамыңар менен!!! Ал эми аялы үйдө отурган мырзалар: "Кечке үйдө отурасын, эмне кылдың?" дебей жүргүлө🙏 Үйгө келгенде "Канттиң, алтыным, жакшы отурдуңбу?" деп жылмайып кирип жүрүңүздөр ☺️😊 Ошооо, Апама жана жалпы үй кожойкелерине сүрөттөгүдөй башымды ийип коёюн дэээп келип калдым эле...☺️😊 Сүрөт үчүн @kudaiberdi_moidunov рахмат айтам 😘 Макияж : @zerkalo_kuzgu.kg Прическа: @rasull_abdurashitov
10614   532
26.02.2020
Жакында эле бир аты чыккан ырчы менен инстаграм жөнүндө баарлашып калдык... Сурайт: "Катталуучулардын санын кантип көбөйтүп жатасың? Гивдерге катышыппы?" дейт 🤔 "Жоок, катыша элекмин. Атайлап деле чара колдонгон жокмун. Болгону чын дилимден жан дүйнөмдөгү сөздөр, окуялар менен айтып, жазып бөлүшүп турам. Баарлашам. Кимге кызык болсо катталып жатышса керек..." - деп жооп бердим. Анда ал: "Андай болсо лайктарыңдын саны ар бир сүрөттө жок эле дегенде 10 миңден ашып туруш керек болчу" дейт 🤔 Мен: "Ааа биздикилер лайкка деле анча көңүл бурбайт окшойбуз. Эң башкысы кеңеш сураганда айтып, жакшы саамалык менен бөлүшкөндө жакшы сөздөр менен алкашып турабыз. Ошондон дем, күч алып турам." дедим. "Мммм😌" деп эле калды. Анын сыңарындай, мен го сиздердин бар экениңиздер жана мени менен экениңиздерге эле ыраазымын😇🤗 Бирок, лайктарыман, комментарийлеримден бери карап, көз салып тургандар бар экен, ошого тиги бурчтагы жүрөкчөнү деле баса жүргөнгө бара-бара көнүп деле калсак керекпи дееееп ойлоп койдум эле, өзүмчөөө отурупчу...🤔☺️😊 (эл көзүнө дейм да) 😌☺️ Баарыңыздарды лав ю го, а так 😇🤗💐 Бейпил түн каалайм 🧚‍♂️🧚‍♂️🧚‍♂️
8303  
24.01.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Йээээ достор 😇😇😇 400 000 болуп кетиппиз гооо💃💃💃 Мынча сонун 🤗🤗🤗 Эми бул миллион эмес, бирок мен миллиондой эле сүйүнүп жатам гооо эмнегедир 😇🤗 Анткени, менин чыгармачыл жолума кайдыгер эмес замандаштарымдын саны эми төрт жүз миңге жетти 🤗 Эми жылуу сөз айтып колдоп, эргүү берип, сын пикир айтып чыңалтып, сунуш айтып алдыга сүрөп турган катталуучуларым менен 400 миңге көбөйдүк. Инстаграм - жөн эле социалдык тармак болгону менен, менин алгачкы кадамдарымдан баштап чоң таасир алган, кубат алган, чыгармачылык жолдун негизги бир бөлүгү болуп калды. Бул үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем! 😇🙏 Көбөйгөнгө жеткирсин, ылайым! 🙏 Буюрса, ар бирибиз кайсыл тармакта эмгектенсек дагы чоң ийгиликтер күтүп турган болсун!🙏 Ишибиз илгерилесин! Үй бүлөңүздөргө бакыт ыроолосун! Көп жашап, көп балалуу болуңуздар! Көбөйүшүп эле жүрө берели! Кана анда, ошол үчүн сокторду кагыштырып алып жиберели 🥂🥂🥂😁 (Тост айткысы келгендер болсо кезек сиздерде 🥂😁) Баарыңыздарды жакшы көрөм 😇🤗🙏 Урматтаган жөп-жөнөкөй эле кызыңыздар Гульназ Чыныбек кызы 😇🤗
Загрузка...
6627   268
16.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Образ Жарашыптырбы?😇 Ошентип, достор, сиздердин күтүүңүздөрдү бир аз болсо да актайын деп өзгөчө клип тартуунун үстүндөбүз😇🤗 Чыгарма дагы башкача мотивде, насип кылса сиздерге жагат деген үмүтүм бар.🙏 @timur_saliev_production командасы айтты: "Сен биздин айткан идеяларга көнүп, жакшы изденип, бизге жардам бер. Өзгөчө клип тартып берели..." дешти эле макул болдум. Анан эле клип тартуу учурунда өзүмдү өзүм күзгүдөн көрүп араң тааныдым 😁🙈 Андан сырткары тартуу учурунда ар түрдүү күтүүсүз бурулуштар болуп кетип жатат.🙊 Клип үчүн кандай гана кадамдарга барбайбыз деп коюп болгон аракетимди жумшап жатам. Буюрса, эртең да калган бөлүгүн тартабыз. Жакшы тилектер менен алкап туруңуздарчы😇🤗🙏 Өзүмдүн да, сиздердин да купулуна толо турчудай эмгек жаратып алууну насип этсин 🙏 Жалпы клип үчүн 40-50гө жакын адам иштеп жатат... Жалпы идея @timur_saliev_production таандык. @bek_jumakadyrov тартып жатат. @erlan_mamajanov ар дайымкыдай чач стилист, жана колдоочум болуп жүрөт. Ал эми кийим образдар @arzubek_vonama мода үйүнөн даярдалып жатат. Клип бүткөндө дагы толук маалымат жазам, буюрса 🤗 Бардык аракетибиз сиздер үчүн, угарман, көрөрмандарыбыз🤗🤗🤗
4868  
27.10.2019 Manas International Airport
Эрте менен 9:30да Бишкекке келип, кайра азыр 17:00дө Ошко учуп жатам. Жакшыы иштерди бүтүрүп, "довольная" баратам. 1. Күзгү фото-сессия кылдык. Продюсерим @azamatberdibekuulu баарын даярдап коюптур келсем. Сонун сүрөттөр болду окшойт. Жакында бөлүшө баштайм, буюрса.🙏📸 2. @ktrkmuzyka да жап-жаңы сонун телеберүү ачылыптыр "Алтынчы күнү кечинде" деген. Алгачкы берүүсүнө тартылдык. Келаткан алтынчы күнү кечинде эфирге чыгат экен.🌌🌇 _________________________________••••••••••••••••••••• Ошондой жаңылыктар, достор, кечинде кайра той(бир убакта бир тойдо эки келин алып кирет экенмин, бөлүшөм ээ)) Анда биз учтук✈️✈️✈️ Ии баса, эээрте мененки уйкусун кечип Кумар эжем менен Расул жасантып жөнөтүштү мени, рахмат айтайын 😘 @zerkalo_kuzgu.kg @rasul.hairstylistt Чемоданды болсо тааныдыңыздар да ээ, жааанагындагы @eminsa_bishkek алган сары чнмодан.😇