746 21
14.06.2020
💐Көңүлүмдү гүлдөй сунсам, күлгө оонатып соолутушту.
⠀
💐Кайран жүрөк бал да таттың, уу да ичтиң. Мен үчүн чыдап келесиң.
⠀
💐Дартыңды Кудайга айткандан эч качан тажаба. Күтүлбөгөн жерден сага бакыттын эшиктери ачылат.
⠀
💐Китеп бетин ачпай, менюдан башканы окуп көрбөгөндөр, жер силкинсе кулап кала турган кооз дубалдарга окшош.
⠀
💐Жашап жаткан өмүрүңдүн эң акыркы сааттары өтө маанилүү. Себеби кимди же эмнени эңсеп жашаганыңа жолуга турган учурга баратасың.
⠀
💐Адамдардын баарына макталыш үчүн эки жол бар: бай болушуң керек же өлүшүң керек.
⠀
💐Үйдүн үстүнө чыгып көрбөй туруп, терезеден эле карап алып кыйкыра бергендерге таңгалам.
⠀
💐Узак жашайт деп кузгундарга суктанба. Алар өмүрүн тарп жеп өткөрүшөт.
⠀
💐Калп айтып элге жаккандан көрө, чындыкты айтып жаман көрүнгөнүң артык.
⠀
💐”Эл эмне дейт" дегенди таштасаң, эл кийин: сени эмне дейт деп кеңеш сурай башташат.
⠀
💐Ханга жалдырасаң багың сынат, байга жалдырасаң шагың сынат. Жаратканга жалдырасаң периштелер кубаттап, даражаң көтөрүлөт.
⠀
💐Кийимиңди кийип жатканда падышадай кийин, машинаңа отурганда учакта отургандай отур, балдарыңа пайгамбардай мамиле кыл, алганыңды перилердин ханышасындай ардакта. Жеңил жашоону татаалдаштырба.
⠀
💐 Суктандырган көрүстөн болбогондой эле, жумшарбаган көңүл болбойт.
⠀
Топтогон Жеңишбек Жумакадыр