Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1338   63
13.05.2020
Билесиң да ⠀ Сен менин билесиң да кыялымды, А түгүл эртең эмне кылаарымды. Байкабай күнөөлөргө батып алып, Кайрадан кечиримди сураарымды. ⠀ Сен менин билесиң да алсыз жагым, Көкүрөк жүрөгүмдү дат кылбагын. Бактылуу балдарымдын үйүмдөгү, Эч качан азаптарын тарттырбагын. ⠀ Сен менин билесиң да сезимимди, Жалдырап каккылаймын эшигиңди. Энеден төрөлгөндөй кубандырып, Ким берет сенден башка кечиримди? ⠀ Сен менин билесиң да кейишимди, Буздурба ортодогу келишимди. Мусулман калкы менен сүйүндүрүп, Көргөзгүн ата-энеме бейишиңди. ⠀ Сен менин билесиң да сүйөөрүмдү, Бирге кыл өмүрлүк жар - түгөйүмдү. Күйгөндөн узак жылдар алыс калып, Буюргун “фирдауста” күлөөрүмдү. ⠀ Сен менин билесиң да наристемди, Азрейил эркелетип алып кетти. Жытына тойдура көр акыретте, Кареги көкүрөктө калып кетти. ⠀ Сен менин билесиң да жетпегеним, Толгонуп ичтен сызып эстегеним. Келгенче периштелер сабырым бар, Жолугаар акыретте көксөгөнүм. ⠀ Сен менин билесиң да кечээгимди, А түгүл качан өлүп кетеримди. Аманат калтырамын гүлдөтө көр, Ыйманга Ала -Тоодой мекенимди. ⠀ Сен менин билесиң да сураарымды, Түнү ыйлап кандай кулдук кылаарымды. Саждада жанымды алып келме менен, Жеңил кыл кабырдагы сурагымды. ⠀ Сен менин билесиң да ырларымды, Өтө алсыз жардам күтүп турганымды. Миллиондун ыйманына себеп кылып, Таттыра көр акыретте жыргалыңды. ⠀ Жеңишбек Жумакадыр
Загрузка...
983   0   8933
04.05.2020
Таңгалбай койо албайсың! Атактуу деңиз изилдөөчүсү Жак Кусто өзүнүн кезектеги долбоору боюнча иштеп жатып, Атлантика океанынын суусу менен Жер ортолук деңизинин суусунун бири-бирине эч кандай аралашпай турганын байкайт. Ал, Атлантика океаны менен Жер ортолук деңизинин сууларынын бири-бирине аралашып, аралашпай турганын тактагысы келет. Кусто: "Биз Жер ортолук деңиздин суусун, анын табигый туздуулугун жана башка сапаттарын текшердик. Анан Атлантика океанынын суусун дагы ушундайча текшердик. Бул эки суу Гибралтар кысыгында миң жылдан бери кошулат жана логика боюнча бул эки суу эбак аралашып кетмек, тактап айтканда, алардын туз деңгээли жана башка сапаттары окшош болууга тийиш болчу. Бирок алар кошулган жерде дагы эки суу тең өзүнүн сапаттарын толук сактайт. Башка сөз менен айтканда, эки суу кошулган жерде кандайдыр бир (көзгө көрүнбөс) тосмо алардын бири-бирине аралашуусуна тоскоол болгон. Мен бул феноменди профессор Морис Бюкайга айтканымда, мындай деген эле: «Бул таң калаарлык нерсе эмес, бул кубулуш адамзатка 1400 жыл илгери түшүрүлгөн Ислам дининин Ыйык Куранында жазылган» Ал аят төмөнкүчө: "Ал эки деңиз-дарыяны, мунусу ширин-жагымдуу болсун жана мунусу туздуу-ачуу болсун деп агызып, алардын ортосунда тосмо жана көрүнбөс парда тартып койгон». Фуркан сүрөсү 53-аят. Мен аны окуганымда Ыйык Куран чындап эле Аллахтын Сөзү экенине ишендим. Мен Улуу Жаратуучу Аллахтын чыныгы динин кабыл алдым. Мусулманчылык берген рухий күч, балам өлгөндө башыма түшкөн кайгыдан кутулууга чоң жардам берди». БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
1686   87
03.05.2020
Эй, замандаш! Эскертмекке угасыңбы, сыр айтайын. Өтүп кетер кур өмүрдө, Өзөгүмдөн өнүп чыккан ыр айтайын. Түшүнгөндөр туура десе, Түнөргөн көңүлүмдү кубантайын. Баш чайкаган мерез чыкса, Бактысыз бу башымды муңайтайын. Оопасыз ушул дүйнө, Оту өчсө дене - бойдун, Оюк жай, жатар жериң кабыр кылчу. Оюнунду анан улант, Он мүнөт сабыр кылчы, Орозодон кебимди улантайын. ⠀ Орозо не? Оо, Улуу Аллахтан корккон жандын, Жасаган ибадаттын аныгыдыр. Ыйга айланган жүрөккө үмүт жанып, Ыйманына күч берген салымыдыр. Ыймандын жарымы сабыр болсо, Орозо ал сабырдын жарымыдыр. Өлбөгөн ким бар дейсиң? Өлгөндө караңгы, тар мүрзөңөрдүн, Орозо нурун чачкан жарыгыдыр. ⠀ Орозо не? Ой айтсам, орозодон терендеген, Ой жетпес керемети терең белем?! Оо, пенде рамазан ыйык айды, Опол тоо зор бактыдан кур калууда, Орозосуз өткөрөм деген менен! Акыл жетпес, көз жетпес, сөз да жетпес, Акыретте жакшылык бар беленделген! Антты бар орозого Жараткандын, Сооп жазар периште да билбей турган, «Сыйлыгын Өзүм гана берем!» деген! ⠀ Орозо не? Жөн гана ачкалык деп ойлогондор, Жандүйнөнүн гүл багын кордогондор, Улуу зат Кудай бар, же балким жок деп, Үмүтсүз Акыретин болжогондор, Оор кайгы жан чыдагыс азап тилеп, Орозого моюнун толгогондор, Ойлонбойбу?! Аккан сууну, учкан кууну, нурлуу күндү, Айлуу түндү, ак- карасы аралашкан турмуштарды, Жан-жаныбар бүт куштарды, Аралыгын бузбай турган, Асмандагы жылдыздарды, Ойлонбойбу, ойлонбойбу?! «Ким кылды?» -деп жок десе, Кандай момун, ден соолугу бар туруп, Курсак сылап орозодо, Кардым менин ток десе! Орозого күлгөн жандар, Билбейт өзү, баратканын от кече. Орозого данк алгандар, Орозосун ой-тоого жар салгандар, Мактангандар, Ойлон, пенде! Андайлардын орозосу жокко эсе!