Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1918   0
02.05.2020
Оо, Жараткан! ⠀ Оо, Жараткан! Тизе бүктүм, сурандым, Сен деп ыйлап, сен деп гана кубандым. Өзүңдөй күч кубат берип турганда, Кереги эмне мага жалган кудайдын. ⠀ Оо, Жараткан! Мээримдүүсүң кененсиң, Эшигиңди тыкылдатсам беленсиң. Түн жарымы оогон кезде кол сунуп, Сурангыла мен берейин дегенсиң. ⠀ Оо, Жараткан! Убадага туруучу, Көкүрөктүн муңдуу үнүн угуучу! Өзүң сүйгөн кулуң кылып кабыл ал, Токтогондо жүрөгүмдүн жылуусу. ⠀ Оо, Жараткан! Күнөөлөрдү катуучу, Каалагандай тагдырларды жазуучу. Таңгалдырып издегенге Курандан, Илиминин тереңдигин ачуучу. ⠀ Оо, Жараткан! Калкка салып көп муңду, Кыйын кезде жакын достор көз жумду. Орозодо кабырларын нурлантып, Көргөзө көр кереметтүү көп сырды. ⠀ Оо, Жараткан! Көралбастар жалганда, Уу ыргытып батса дешет арманга. Өкүнүчтө болор беле эгерде, Жүрөгүмдү колдоруна алганда. ⠀ Оо, Жараткан! Каткан сезим эрисин, Аларга да таттыр ыйман жемишин. Бүтүн дүйнө каршы болуп турса да, Ар бир демим ыраазы бол сен үчүн. ⠀ Оо, Жараткан! Күтсүн шашпай кара жер, Өмүрлөрдүн берекесин мага бер. Сулуу жигит аманатка келгенде, Көз жаш төккөн саждада жан ала көр. ⠀ Оо, Жараткан! Каптап бакыт жалаң нур, Кайгы бербей эл-журтумду аман кыл. Сыртта аңдыган чөөлөр жолу тосулуп, Мекенимде берекелүү заман кыл. ⠀ Оо, Жараткан! Кудуреттүү Султаным! Дубам ушул сага жазган ыр сабым. Түбөлүктүү Сени көрүп сүйүнсүн, Бейиштик кыл баардык Манас урпагын! ⠀ Жеңишбек Жумакадыр
Загрузка...