511
08.12.2019
ИЗДЕЙМ СЕНИ
Жааган кардын түрлөрүнөн,
Бакчалардын гүлдөрүнөн,
Ашыктардын жүрөгүнөн,
Издейм сени.
Айдын, Күндүн нур өңүнөн,
Асылдардын тилегинен,
Акыйкаттын мүрөгүнөн,
Издейм сени.
Көпөлөктүн учушунан,
Көңүлдөрдүн чокусунан,
Деңиздердин толкунунан,
Издейм сени.
Акыл-ойдун тазасынан,
Ааламдардын башатынан,
Аталардын батасынан,
Издейм сени.
Сүйүүлөрдүн желегинен,
Момундардын белегинен,
Зикирлердин тереңинен,
Издейм сени.
Улуулуктун данегинен,
Урмат-сыйдын дарегинен,
Үммөттөрдүн карегинен,
Издейм сени.