649 30
22.03.2020
💐- Урматтуу Сократ, кандай дейсиз, үйлөнсөмбү, же үйлөнбөй эле койсомбу?
- Кайсынысын жасасаң деле - баары бир өкүнөсүң, - дептир акылман.
⠀
💐Дагы бири дал ушундай суроо берсе, Сократ дептир: " Эч нерсеге карабай үйлөн. Аялың жакшы чыкса бактылуу болосуң, жаман чыгып калса ойчул болосуң."
⠀
Сократ күйгөндөн айтыптыр: " Адамдарды терең тааныган сайын, итимди кадырлай баштадым"
⠀
💐Нью-Йоркто коюлган пьесасынын премьерасынан соң Бернард Шоу башкы ролду ойногон актрисага төмөндөгүдөй телеграмма жөнөтөт:
«Эмне деген ажайып?! Эмне деген керемет?!» Толкунданган актриса жооп кайтарыптыр: «Ашкере мактап койдуңуз». Бернард Шоу кайрадан телеграмма жиберет:
«Мен пьесаны айтып жатам».
Анда, актрисанын жооп телеграммасы:
«Мен дагы».
⠀
💐Марк Твенге бир тааныш келин арызданыптыр:
- Түшүнсөм өлөйүн: күйөөм кээде - эркектей, кээде - катындай.
- Бул - тукум куучулук, - дейт Марк Твен. - Күйөөңдүн эзелтен келаткан тукумдарынын теңи - эркек, теңи - катын экенин унутпай жүр.
⠀
💐Бернард Шоуго бир бейтааныш жигит кайрылыптыр:
- Атактуу юморист жазуучунун дал өзү турбайсызбы! Сиздин атаңыздын тикмечи болгону чынбы?
- Чын, - дейт Шоу.
- Анда, сиз эмне үчүн тикмечи болбой калдыңыз?
- Аны айтыш кыйын... Тукум куубаган учурлар деле болот тура. Мына, сиздин атаңыз сыпайы мырза болушу керек.
- Албетте.
- Бирок, сиз деле атаңызды тартпай калыптырсыз да.
⠀
💐- Сиз канча акча тапсам деп кыялданасыз? - деп сурашат бир жолу, Бернард Шоудон.
- Коңшуларым ойлогондой.
⠀
💐Италиянын улуу композитору Россини отузга чыкканда Милан шаарынын шаардык кеңеши ага эстелик тургузууну чечет.
- Ал эстеликке канча каражат кетет? - деп сурайт композитор.
- Үч жүз миң лир.
- Үч жүз миң лир?! - деп шыпшынат Россини. - Анда мындай кылбайлыбы: бул акчаны мага эле бергиле, мен Миландагы ошол эстеликтин ордуна күн сайын эки-үч сааттан туруп берип жүрөйүн.
⠀
💐Улуу композитор Шарль Гуно көкүрөгүн урган бир жаш музыкантка акыл айтыптыр дешет:
- Өнөрдүн өрүн улам өрдөгөн сайын эски мастерлерди баалай баштайсың. Мен сендей кезимде «Мен элемин!» дечүмүн. Жыйырма төрткө чыкканда: «Мен жана Моцарт» деп калдым. Кыркка келгенде: «Моцарт жана мен» дей баштадым. А азыр болсо: «Моцарт» дегенден башканы айтпайм.