Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1381  
06.12.2019
Мевлананын асыл сөздөрү: 💐Гүлдү күлгөнгө бер, Жүрөктү сүйгөнгө бер. Сүйгөн сонун нерсе, Кадырды билгенге бер. 💐Сүйүү жана мээримдүүлүк инсандын, жинденүү жана шахват айбандардын сыпааты... 💐Көз экөө, кулак экөө, ооз бирөө. Көп көрүп, көп угуп, аз сүйлөө керек. 💐Чөнтөгү калың, бирок жан дүйнөсү жука адамдын абалын кара: Анткени ал бардык нерсенин баасын билет, бирок улуугун билбейт. 💐Өлүм- чындыгында тирүүлүк. Көрүнүшүндө жоктук, акыйкатта түбөлүктүүлүк. 💐Акылдуу адам иши менен, акылсыз адам киши менен алек. 💐Алтын болсом баркымды баары билет. Мен жөнөкөй гана темир болоюн, баркымды түшүнгөн билсин. 💐Адептүү адептүүлүгүнөн унчукпайт. Адепсиз мен сүйлөткөн жокмун деп ойлойт. 💐Кол сындыр, бут сындыр. Керек болсо моюн сындыр, бирок эч качан бирөөнүн көңүлүн сындырба. 💐Тоодой күнөөлөрдү бир тобоо өкүнүч менен өчүргөн Кудайыбыз бар. 💐Кандай болсоң, ошондой көрүн. Кандай көрүнсөң ошондой бол. Адебиң жүзүңдөн окулуп турсун. 💐Кебездей жумшак сүйлө, бирок туурадан башканы сүйлөбө. 💐Кечээ мен акылдуу элем, дүйнөнү өзгөртүүнү кааладым. Бүгүн билимдүү болуп өзүмдү өзгөрттүм. 💐Ким менен сапарлаш, ким менен курдаштык кылганыңда этият бол: себеби булбул гүлгө, карга күлгө алып барат. 💐Болбойт деген нерсеңдин баары болот. Жыгылбайым дейсиң, жыгыласың. Таңгалбайм дейсиң таңгаласың. Эң кызыгы ушунда, өлдүм дегениң менен кайрадан жашайсың... 💐 Таарынуу же урушуу үчүн шылтоо издебей, сүйүлүү жана сүйүш үчүн чара издегиле. 💐 Сени сүйгөндү уу болсо да жут. Сени сүйбөгөндү бал болсо да унут. 💐Алтын менен кооздолгон кийим кийгенди, кемер тагынганды үйрөнгөн эй пенде. Акыры сага эч бир тигиши болбогон кийимди кийгизишет. 💐 Бир адамдын күлгөнүнөн анын тарбиясын, ал эми эмне үчүн күлгөнүнөн болсо акылынын курчтугун жана даражасын түшүнсөң болот. 💐 Бирөө абдан сонун сүйлөп жаткан болсо, демек угуучунун терең түшүнүгүнөн жана кунт коюп угуусунан. 💐 Канчалаган адамды көрдүм, үстүндө кийими жок. Канчалаган басып жүргөн кийимдерди көрдүм, ичинде адам жок. 💐 Мен адамдарды жүрөгүм менен да, акылым менен дагы сүйбөймүн. Себеби жүрөк токтойт, акыл унутат. Мен адамдарды рухум менен сүйөмүн. Себеби рух токтобойт жана унутпайт.
1377   36
09.03.2020
💐Кудай сени эркин жараткан соң, башканын кулу болбо. ⠀ 💐Жараткан насип кылбай турган нерселерин кыялданттырбайт. ⠀ 💐Караңгы жердин алдындагы кумурскаларга ырыскы берген Зат, сени унутуп коймок беле... ⠀ 💐Сүйүү ушунчалык жакшы болгон соң, сүйүүнү жараткан Зат кандай болду экен... ⠀ 💐Сенин жалбарган дубаларың тагдырыңды өзгөртөт. Бирок ошол дагы тагдыр экенин билишибиз керек. ⠀ 💐Чыныгы дүйнөдө асыл жандарды эмнелер күтүп жатканы бир аз эле көргөзүлгөндө, баары өлө береличи деп суранышмак. ⠀ 💐Билимдүү адам көңүлдөрдүн ичине гүл өстүргөнү чуркайт. Билимсиз болсо көңүл айланасын таш менен курчайт. ⠀ 💐Ким экениң кимдерге ашык экениңден билинет. ⠀ 💐Баардыгы сатат. Ал түгүл ээрчип жүргөн көлөкөң дагы караңгылык түшкөндө жок болот. Бир гана Жараткан түбөлүктүү досуң экенин унутпа. ⠀ 💐Канчалык Кудайга каршы сүйлө, Күндү батыштан чыгара албайсың. ⠀ 💐Өлбөй койо албай турган пенде, өлүмдү жараткан Кудайдан кемчилик издеген бактысыз бечара. ⠀ 💐Тишти ооруткан курттар, адамдын денесин сыртынан көрө албагандай эле, кымындай жерде жашаган адам, баардык ааламдын жаратуучусун көрүүгө мүмкүнбү... ⠀ 💐Эң жаман адам кылбаганды кылып, жыргап жүрүп эле көз жумду. Жазасын ким берет? Эң сонун адам бардык жүрөктөрдү сүйүнтүп, өзү жыргабай жүрүп көз жумду. Сыйлыгын ким берет? Акыйкаттын таразасы кайсы жерде күтүп турганын түшүнгөндүрсүң. ⠀ 💐 Кейибегин, бүгүнкү тарткан кыйынчылыктарың, эртеңки келчү бакытыңдын сүйүнчүсү. ⠀ 💐Сүйүүң болбосо дос издебе. ⠀ 💐Бирин сүйсөңүз, Жараткандан сураңыз. Себеби бардык жүрөктөрдүн ачкычы анын колунда. ⠀ 💐 Кудайым деп жүрүп баарын жоготтум, бирок өзүмдү таптым. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр
Загрузка...
1338   63
13.05.2020
Билесиң да ⠀ Сен менин билесиң да кыялымды, А түгүл эртең эмне кылаарымды. Байкабай күнөөлөргө батып алып, Кайрадан кечиримди сураарымды. ⠀ Сен менин билесиң да алсыз жагым, Көкүрөк жүрөгүмдү дат кылбагын. Бактылуу балдарымдын үйүмдөгү, Эч качан азаптарын тарттырбагын. ⠀ Сен менин билесиң да сезимимди, Жалдырап каккылаймын эшигиңди. Энеден төрөлгөндөй кубандырып, Ким берет сенден башка кечиримди? ⠀ Сен менин билесиң да кейишимди, Буздурба ортодогу келишимди. Мусулман калкы менен сүйүндүрүп, Көргөзгүн ата-энеме бейишиңди. ⠀ Сен менин билесиң да сүйөөрүмдү, Бирге кыл өмүрлүк жар - түгөйүмдү. Күйгөндөн узак жылдар алыс калып, Буюргун “фирдауста” күлөөрүмдү. ⠀ Сен менин билесиң да наристемди, Азрейил эркелетип алып кетти. Жытына тойдура көр акыретте, Кареги көкүрөктө калып кетти. ⠀ Сен менин билесиң да жетпегеним, Толгонуп ичтен сызып эстегеним. Келгенче периштелер сабырым бар, Жолугаар акыретте көксөгөнүм. ⠀ Сен менин билесиң да кечээгимди, А түгүл качан өлүп кетеримди. Аманат калтырамын гүлдөтө көр, Ыйманга Ала -Тоодой мекенимди. ⠀ Сен менин билесиң да сураарымды, Түнү ыйлап кандай кулдук кылаарымды. Саждада жанымды алып келме менен, Жеңил кыл кабырдагы сурагымды. ⠀ Сен менин билесиң да ырларымды, Өтө алсыз жардам күтүп турганымды. Миллиондун ыйманына себеп кылып, Таттыра көр акыретте жыргалыңды. ⠀ Жеңишбек Жумакадыр