Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1467   0
12.11.2019
🌹🌹🌹 🌹Түн ортосунда акырын тур да, даарат алып эч ким жок бөлмөгө барып алып, Жаратканга көз жаш менен кошо болгон дартыңды төк. Бир жолу тамган тамчы таш теше албайт, арты артынан тамган тамчылар таш тешет. Ал сыңары көп, көп дуба кыл сөзсүз кабыл болот! 🌹"Кудайга жалынып жалбарбай деле өзүмдүн кыйындыгымдан оокатым өтүп атат" деп бизге какшыктап сын таккандар бар. Мейли ошентишсин. Биз жалынып сурангандарыбыздын көбү акыретте берилет. Тигилер да : "бизгечи ? " дейт. Аларга жооп айтылат: "А силер жалынып жалбарып суранган эмессиңер да" 🌹Темир уста , оттон чыгарылган темирди түздөп чаап атып, ар чапканында: Аллах, Аллах" дейт экен. Өтүп бараткан олуя дербиш аны карап туруп: " мындай жалганчыны көргөн эмесмин" дейт. Жанындагылар кызыгып сурашса, олуя айтат: "Уста , Аллах, Аллах деп чын ыклас менен чапканында темирден эч нерсе калбайт эле. Тигинин тили Аллах дегени менен, жүрөгү короодогу малында болуп атат" дептир. 🌹Баарыбыз жакшы иштерди кылабыз. Кылгандарыбызды улам бир адамга айтып отуруп, эч нерсе кылбагандардын даражасына келип кошулуп калабыз. 🌹Үңкүрдөгү желе тарткан жөргөмүш менен үңкүргө жашынгандарды ээрчип алган ит кандай бактылуу. 🌹"Мен мактанганы же макталганы келбедим. Мен кулдук кылганы келдим" деп, ошол кулдугун 24 саатка эң сонун кылып сиңире алган адам , чыныгы мусулман адам. Жеңишбек Жумакадыр.
Загрузка...