Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
649   30
22.03.2020
💐- Урматтуу Сократ, кандай дейсиз, үйлөнсөмбү, же үйлөнбөй эле койсомбу? - Кайсынысын жасасаң деле - баары бир өкүнөсүң, - дептир акылман. ⠀ 💐Дагы бири дал ушундай суроо берсе, Сократ дептир: " Эч нерсеге карабай үйлөн. Аялың жакшы чыкса бактылуу болосуң, жаман чыгып калса ойчул болосуң." ⠀ Сократ күйгөндөн айтыптыр: " Адамдарды терең тааныган сайын, итимди кадырлай баштадым" ⠀ 💐Нью-Йоркто коюлган пьесасынын премьерасынан соң Бернард Шоу башкы ролду ойногон актрисага төмөндөгүдөй телеграмма жөнөтөт: «Эмне деген ажайып?! Эмне деген керемет?!» Толкунданган актриса жооп кайтарыптыр: «Ашкере мактап койдуңуз». Бернард Шоу кайрадан телеграмма жиберет: «Мен пьесаны айтып жатам». Анда, актрисанын жооп телеграммасы: «Мен дагы». ⠀ 💐Марк Твенге бир тааныш келин арызданыптыр: - Түшүнсөм өлөйүн: күйөөм кээде - эркектей, кээде - катындай. - Бул - тукум куучулук, - дейт Марк Твен. - Күйөөңдүн эзелтен келаткан тукумдарынын теңи - эркек, теңи - катын экенин унутпай жүр. ⠀ 💐Бернард Шоуго бир бейтааныш жигит кайрылыптыр: - Атактуу юморист жазуучунун дал өзү турбайсызбы! Сиздин атаңыздын тикмечи болгону чынбы? - Чын, - дейт Шоу. - Анда, сиз эмне үчүн тикмечи болбой калдыңыз? - Аны айтыш кыйын... Тукум куубаган учурлар деле болот тура. Мына, сиздин атаңыз сыпайы мырза болушу керек. - Албетте. - Бирок, сиз деле атаңызды тартпай калыптырсыз да. ⠀ 💐- Сиз канча акча тапсам деп кыялданасыз? - деп сурашат бир жолу, Бернард Шоудон. - Коңшуларым ойлогондой. ⠀ 💐Италиянын улуу композитору Россини отузга чыкканда Милан шаарынын шаардык кеңеши ага эстелик тургузууну чечет. - Ал эстеликке канча каражат кетет? - деп сурайт композитор. - Үч жүз миң лир. - Үч жүз миң лир?! - деп шыпшынат Россини. - Анда мындай кылбайлыбы: бул акчаны мага эле бергиле, мен Миландагы ошол эстеликтин ордуна күн сайын эки-үч сааттан туруп берип жүрөйүн. ⠀ 💐Улуу композитор Шарль Гуно көкүрөгүн урган бир жаш музыкантка акыл айтыптыр дешет: - Өнөрдүн өрүн улам өрдөгөн сайын эски мастерлерди баалай баштайсың. Мен сендей кезимде «Мен элемин!» дечүмүн. Жыйырма төрткө чыкканда: «Мен жана Моцарт» деп калдым. Кыркка келгенде: «Моцарт жана мен» дей баштадым. А азыр болсо: «Моцарт» дегенден башканы айтпайм.
636   0
29.03.2020
💐Өмүр аңгеме сыяктуу. Кеп анын узундугунда эмес, эң кызыктуу жашалгандыгында. ⠀ 💐Унчукпай таба тургандарыңа сөздөрүңдү коротпо. ⠀ 💐Адамдын эң эле акмагы, бардык иштен кынтык издей бергени. ⠀ 💐Ашказан аркылуу сүйүүдөн, кулак аркылуу сүйгөндүн сүйүүсү күчтүүрөөк кылат. ⠀ 💐Сүйгөнүң ырга айланганда, сен акын боло баштайсың. ⠀ 💐Бакыт изде, байлык изде, дос изде. Бирок эч качан бирөөнүн кемчилигин издебе. ⠀ 💐 Пенде көбүнчө бакытка бир кадам калганда, бүттү, сабырым түгөндү дейт. ⠀ 💐Сага жылмайып карап турган адамда эмне деген гана сырлар жатат. ⠀ 💐Акылдуу адам түшүнгөн нерселерин айта бербейт. Бирок айткан нерселерин түшүнөт. ⠀ 💐Же өзүңдү тандайсың же өзгөлөрдү. Өзгөлөрдү тандасаң, тагдыр өзгөлөргө сени тандатып койот. ⠀ 💐Эч философиянын кереги жок: сүйсөң сүйүлөсүң, сөксөң сөгүлөсүң, өлтүрсөң өлтүрүлөсүң. ⠀ 💐Убактылуу азгырыктарга ийилем деп, чыныгы махабатыңа аркаңды салып алба. ⠀ 💐Эң оор сөз: сен мага убада бердиң эле го... ⠀ 💐Сени жаман көргөндөрдөн, жакшы көргөндөр көп болсо демек туура жашап жаткандагың. ⠀ 💐 Китепти кармап окубайт, тандап окуйт. ⠀ 💐Ар бир күлгөн адам эле бактылуу болбогондой, ар бир ыйлаган адам күчсүз эмес. ⠀ 💐Бирөөнүн таарынычын көтөрүп жүргөндөн оор жүк жок. ⠀ 💐 Көңүл баркын билбегенге, өмүр гүлүн аманат бербе. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр
1105   33
27.03.2020
💐 Миң жыл жашаган Нух пайгамбар айткан экен:" Ушунча өмүрүм, үйдүн бул эшигинен кирип, тиги эшигинен чыккандай эле болду." ⠀ 💐 Муса пайгамбар Жараткандан; " Оо, Жаратканым, пенделериңдин арасынан досторуңду айтчы, мен аларды Сен үчүн жакшы көрөйүн" деп сураганда, Алла Таала: "Бардык кедейлер, кедейлер" деген тура. ⠀ 💐Иса пайгамбар айткан экен: "Жүрөгүңөрдө буудайдай ишенич болсо, тоону ары жылдырсаңар болот." ⠀ 💐 Мухаммад пайгамбарыбыз (Аллахтын дубай саламдары болсун) айткан экен: " Кимде -ким туруктуулук менен күнөөлөрүнө өкүнүп тооба кылууну улантса, Алла аны ар кандай кайгыдан кутултуп күтпөгөн жерден ырыскы берет" ⠀ 💐Азирети Али айткан экен: " Дүнүйөнүн адалы- сурак, арамы болсо- жан кейиткен азап" ⠀ 💐 Улуу аалым Имам Газзали айткан экен: " Бир периште бийик үн менен: Кандай гана абалда болбосун, Алла Таалага мактоо айткандар ордуларынан турушсун! " деп жар салат. Бул топ чексиз бакытка бөлөнүп бейишке жол тартат. ⠀ 💐 Канчалык гений болсоң да, тагдыр сенден күчтүүлүк кылат. ⠀ 💐 Өмүрдүн аягы өлүм болгон соң, ашыкча жанталашкан пенделерге таңмын. ⠀ 💐Баардык оорунун дарысы бар. Бир гана карылыктыкы жок. ⠀ 💐 Бүт дүйнө караңгылыкта уктап жатканда, кээ бир үйлөрдү периштелер курчап, нур чыгып турат. Себеби ошол учурда үй ээси жай намаздын үстүндө эле. ⠀ 💐Бирөөнү, башкалардын көзүнчө унчукпай эле көзүңдүн кыйыгы менен жактырбай карап ишарат кылсаң, амал дептериңе гыйбат кылды деп жазылат. ⠀ 💐 Бирөөнүн бактысын кызганганың, Алла Тааланын ишине кийлигишкениң. ⠀ 💐Жамгырдан кийин кол чатырды унутуп салгандай, пайдаң тийбей калганда унутуп койгон адамдар бар. ⠀ 💐Өзүң ойлочу, Жараткан ушунчалык мээримдүү болгон соң, сурасаң кантип эле бербей койсун. Демек сурагандын сырын үйрөнмөк лазым. ⠀ 💐 Биз байкуш деп боор ачыган оорулуулар, сурак күнү көлөкөдө, бизге байкуш деп боорлору ачыйт. ⠀ 💐Ар күнү жашыруун садака бере бер, садака бере бер. Бир күнү тагдырың сүйүнүчтүү бакыттарга толот. ⠀ 💐Эгер чындап акыйкат сен тарапта болсо, актануунун кереги жок. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр
7764   0
21.04.2020
Түшүмө чындап кирдиңби досум, Түгөнөр кезди билдиңби досум. Түйшөлтүп сени ызгаардуу дүйнө, Түбөлүк жайды сүйдүңбү досум. Кучактап жыттап албайт бир белем, Кууратар күндү ким билди досум. ⠀ Катылган сырлар бир эле досум, Казына ырлар миң эле досум. Өнөрдүн анык тулпары элең, Өзүңө жетчү ким эле досум. Өкүрүп турам өзүмө келбей, Өкүнтүп кеттиң чын эле досум. ⠀ Табылбайт кымбат сага кеп досум, Тагдырым экен санаа көп досум. Суйкайган кыздар, балдарың кантем, Сурашса атам кана деп досум. Өзгөлөр билбес кадырдын баркын, Өзүмдү кошо ала кет досум. ⠀ Жан дүйнө калды термелбей досум, Жашайбыз эми сен келбей досум. Эш тутуп залкар билчү эле калкың, Эшмамбетти көргөндөй досум. Токтобойт көз жаш кабырга сыздап, Токтогул кайра өлгөндөй досум. ⠀ Ойлоруң тунук накта эле досум, Обонуң муңдуу башка эле досум. Көөнөрбөс өнөр сендеги бүткөн, Көрүнүп турган кашка эле досум. Кылымды көрөр алтындай башың, Кырк эки гана жашта эле досум. ⠀ Замандын айткан чындыгын досум, Санатың жашайт миң кылым досум. Жылт эткен өмүр биз да бүтөр, Жылмайып күтүп тургунуң досум. Коштогон арман кургурум досум, Кош эми Элмир булбулум досум...
Загрузка...
1381  
06.12.2019
Мевлананын асыл сөздөрү: 💐Гүлдү күлгөнгө бер, Жүрөктү сүйгөнгө бер. Сүйгөн сонун нерсе, Кадырды билгенге бер. 💐Сүйүү жана мээримдүүлүк инсандын, жинденүү жана шахват айбандардын сыпааты... 💐Көз экөө, кулак экөө, ооз бирөө. Көп көрүп, көп угуп, аз сүйлөө керек. 💐Чөнтөгү калың, бирок жан дүйнөсү жука адамдын абалын кара: Анткени ал бардык нерсенин баасын билет, бирок улуугун билбейт. 💐Өлүм- чындыгында тирүүлүк. Көрүнүшүндө жоктук, акыйкатта түбөлүктүүлүк. 💐Акылдуу адам иши менен, акылсыз адам киши менен алек. 💐Алтын болсом баркымды баары билет. Мен жөнөкөй гана темир болоюн, баркымды түшүнгөн билсин. 💐Адептүү адептүүлүгүнөн унчукпайт. Адепсиз мен сүйлөткөн жокмун деп ойлойт. 💐Кол сындыр, бут сындыр. Керек болсо моюн сындыр, бирок эч качан бирөөнүн көңүлүн сындырба. 💐Тоодой күнөөлөрдү бир тобоо өкүнүч менен өчүргөн Кудайыбыз бар. 💐Кандай болсоң, ошондой көрүн. Кандай көрүнсөң ошондой бол. Адебиң жүзүңдөн окулуп турсун. 💐Кебездей жумшак сүйлө, бирок туурадан башканы сүйлөбө. 💐Кечээ мен акылдуу элем, дүйнөнү өзгөртүүнү кааладым. Бүгүн билимдүү болуп өзүмдү өзгөрттүм. 💐Ким менен сапарлаш, ким менен курдаштык кылганыңда этият бол: себеби булбул гүлгө, карга күлгө алып барат. 💐Болбойт деген нерсеңдин баары болот. Жыгылбайым дейсиң, жыгыласың. Таңгалбайм дейсиң таңгаласың. Эң кызыгы ушунда, өлдүм дегениң менен кайрадан жашайсың... 💐 Таарынуу же урушуу үчүн шылтоо издебей, сүйүлүү жана сүйүш үчүн чара издегиле. 💐 Сени сүйгөндү уу болсо да жут. Сени сүйбөгөндү бал болсо да унут. 💐Алтын менен кооздолгон кийим кийгенди, кемер тагынганды үйрөнгөн эй пенде. Акыры сага эч бир тигиши болбогон кийимди кийгизишет. 💐 Бир адамдын күлгөнүнөн анын тарбиясын, ал эми эмне үчүн күлгөнүнөн болсо акылынын курчтугун жана даражасын түшүнсөң болот. 💐 Бирөө абдан сонун сүйлөп жаткан болсо, демек угуучунун терең түшүнүгүнөн жана кунт коюп угуусунан. 💐 Канчалаган адамды көрдүм, үстүндө кийими жок. Канчалаган басып жүргөн кийимдерди көрдүм, ичинде адам жок. 💐 Мен адамдарды жүрөгүм менен да, акылым менен дагы сүйбөймүн. Себеби жүрөк токтойт, акыл унутат. Мен адамдарды рухум менен сүйөмүн. Себеби рух токтобойт жана унутпайт.