Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1251  
07.02.2020
Апакем. Сен жылмайсаң көңүл эргип жаз экен, Жаным менин, бак-таалайым апакем. Эч токтоосуз сүйүндүрүп турганга, Жашоодогу мүмкүндүгүм аз экен. Сени көрсөм жүрөк туйлап башкача, Тилим кургайт ысымыңды айтпаса. Күндөн жылуу, гүлдөн сулуу түбөлүк, Мага деген махабатың таптаза. Ойго батып, асыл жүзүң күлбөгөн, Түйшүк тарттың эчен сыноо күн менен. Асманда учуп жер кыдырып жүрсөм да, Сеникиндей көз таппадым дүйнөдөн. Өзүң үчүн өзгөрүлгүс баламын, Кайдан издеп, кайдан бакыт табамын? Сансыз жылдыз каректерин уялтат, Үйүмдөгү бир жылмайган карааның. Сен бүркөлсөң күндө ойго батамын, Кирпик какпай түндө ойгоо жатамын. Таң нурундай жүзүң жаркып турбаса, Кереги эмне башкаларга атагым... Эң жакшысы, сулуусусуң эненин, Макул десең жүрөгүмдү берейин. Тең келбеген бүт дүйнөнүн бакыты, Бейиш турган таманыңдан өбөйүн. Сендей мээрим кайсыл жайда бар эле, Жаныңдан эч чыккым келбейт жан эне. Ымыркайга кайра баштан айланып, Кучагыңда жүргүм келет дагы эле. Жеңишбек Жумакадыр
3621   150
08.12.2019
Атам менен сүйлөшкөндөгү сөздөрүмдү эстесем жыйырма сөзгө жетпесе керек. Ар дайым урматтадым. Чогуу бара жатканда алдына өтпөй бир аз арткараак басып алчумун. Көлөкөсү оң тарапка түшсө сол тарабына өтүп, сол тарабына түшсө оң тарабына өтүп , көлөкөсүн баскандан да уялчумун. Атам каардуу эле. Бирок каарданганынан да мээримдүүлүгү байкалып турчу. Мага көп окуя айтып түшүндүрөр эле. Ар бир окуясы жүрөгүмө уюп түбөлүк сакталып кала берди. Бир жолу чакырды да, балам кайракты алып келчи деди. Чөнтөгүндөгү кичинекей бүктөлмө бычагын курчутат го деген ой менен алып келип бердим. Кайракты бир аз колуна алып карап туруп, кайра алпарып коюшумду суранды. Мен кайра алпарып койдум. Атам кайра алып келүүмдү айтты. Алып келдим. Кайра алып бар деди. Бул ондон ашык жолу кайталанды. Акыркы жолу кайракты алпарып келсем кучактады да башым сылап , сенин балдарың сенден дагы артык болсун деп дуба кылды. Атама жакканым өзүмдөн эмес, өзүнүн берген тарбиясынын жемиши экенин сезди болду бекен. Атамдын көзү өттү. Абдан сагындым. Жытын сагындым. Кучактап мага кылган дуба- тилектерин сагындым. Кана эми азыр атам келип миң жолу кайракты алып келүүмдү суранса да макул элем . Сагындым...
777  
07.02.2020
🌺ЖООЛУК.🌺 Ашыкбай салсаң акылга, Аялзат деген асыл да. Жоодурайт периште сымал, Жоолугу турса башында. Жап деген дене, башыңды, Жараткан айткан акыл бу. Кулдардан качан болчу эле, Кудайдан дагы акылдуу. Керектүү жалгыз капчыгы, Кээ жандын өтпөйт калп сыны. Алганың ачык кийинип, Ар ким сук артса жакшыбы. Түшүнбөс айтат кызык кеп, Тумчуланып ысыйт деп. Тоготпосторго айткым бар, Тозоктор андан ысык деп. Топтошкон менен миң аккуу, Тобунан сулуу бир аккуу. Касиет болсун аялда, Катылган каухар сыяктуу. Башкалар үчүн жашыруу, Билгенге нике аты улуу. Көрүүгө ачык жубайын, Күйөөсү гана акылуу. Бабаңдын сакта мурасын, Батышка жайбай кулачың. Кызыксаң өзүң «ачыкка», Кыз-балаң кантип тыясың. Жолдор жок башка кылчактаар, Колдор бир бекем дин сактаар. Көбөйүп таза аялзат, Көбөйсүн таза урпактар. Жеңишбек Жумакадырыр
Загрузка...
742   11
24.03.2020
💐Өзүңдүн каталарыңды башкаларсыз табам десең, китеп оку. ⠀ 💐Эч качан жеңилбейм десең, китеп оку. ⠀ 💐Ашыгыңа бара турган жолду издесең, китеп оку. ⠀ 💐Китептин пайдалуу экенине ишенбесең, китеп оку. ⠀ 💐Балаңа жакшы тарбия бергиң келсе, китеп оку. ⠀ 💐Деңизден тамчынын артыкчылыгын билгиң келсе, китеп оку. ⠀ 💐Китепсиз деле жашооңду өзгөртүүнүн сырын билгиң келсе, китеп оку. ⠀ 💐Окугандан, жазгандан, сүйлөгөндөн уят болуп калбайын десең, китеп оку. ⠀ 💐 Махабат аялзаты үчүн. Ансыз махабат табам десең, китеп оку. ⠀ 💐Саякаттар үйрөнмөк үчүн. Ансыз үйрөнөм десең, китеп оку. ⠀ 💐Китеп окуганды үйрөнөйүн десең, китеп оку. ⠀ 💐 Убакыт менен ден соолуктун баалуулугун билгиң келсе, китеп оку. ⠀ 💐 Акыл-эстин перзенти китеп экенине ишенгиң келсе, китеп оку. ⠀ 💐Жаны жок денедей үйдө жашабайын десең, китеп оку. ⠀ 💐Пайдасыз кыйнаган туман ойлордон чыгам десең, китеп оку. ⠀ 💐Келечекте бүт ааламды ичиме батырып, дүйнөнү суктанткандардын бири болом десең, китеп оку. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр