Күмөндөр Абылов
@kumondor_abylov
Күмөндөр Абылов

Подписчики: 20823
Посты: 104
Подписки: 52
Расмий баракча Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театр жана кино актёру. #кумондорабылов #күмөндөр Кызматташуу үчүн дарекке жазыңыздар.

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
177   11   2183
09.09.2020
Кылымдап Ата-Конушу, Кыш-жайы кутка толушу, Кызыгып дүйнө сук арткан, Кыярбас мукам добушу, Кымбаты артык жанымдан, Кыргыздын үч кыл комузу! Кымбаттуу Туугандар! Баарыңарды бүгүнкү "Комуз" күнүңөр менен куттуктайм! Сиздерге атам Абылов Мукулдун аткаруусундагы элдик: "Кер толгоо" күүсүн тартуулайм! Атам: "Илгээрки заманда бир хан, өзүнүн минип жүргөн кер атын аатактуу бир комузчуга берип: - Ушул атымды күнчөлүк жерге (бир күн жүрүүчү жерге) минип барып, эртеси кайра тартасың да, бир жуманын ичинде атыма күү чыгарасың! Эгер, чыгарган күүң мага жакса сыйыма татыктуу болосуң, жакпаса башыңан айрыласың! - деген экен. Ал ат, жорго десең жорго, күлүк десең күлүк, кыскасы, жылкы баласында эмне өнөр болсо, ал атта бүт болгон экен. Ошондо, алиги комузчу, хандын айтканын аткарып, Кер атка ушул күүнү чыгарып, тартуу алып, күүнүн аты "Кер толгоо" болуп калган экен" - деп, атам айтып чертээр эле. Эмесе, ошондогу Кер аттын жүрүшүн көрүп, тыңдап коюңуздар!
Загрузка...
224   9
14.06.2020
Ардактуу Карыбек байке! Бүгүнкү туулган күнүңүз менен! Сиздей илимпоз, көп тараптуу, терең билимдүү, кыргыз, орус, англис, француз, немец тилдерин суудай билген, жана ошол тилдерде ырларын жазган, илимий китептерин жазган, социология, философия илиминин кандидаты, филология, экономика илимдери боюнча институт, университеттерде мыкты окутуучу, профессор агам бар экенине абдан сыймыктанам! Сиз жалаң ошондой билимиңиздин арты менен, А. Акаевге пресс катчы, Бакиевге саясий бөлүмүндө иштеп, жалаң алар сүйлөчү докладтарын жазып берип, ак иштедиңиз. Сизди алар, ар кандай махинацияларга тартканына карабай, сиздин адамдык ар-намыс, уятыңыз андай ыпылас иштерге макулдук берген жок! Ошону үчүн кызмат даражаңыздан да көтөрүлгөн жоксуз. Эгерде Кыргызстандын жетекчилеринин билим деңгээлдери жок дегенде сиздикинин жарымындай эле болуп, анан сиздей ак ниет, чынчыл, патриот болгондо, кыргыз эли бүгүнкү акыбалда болмок эмеспиз! Сизди мен эч бир уялбай туруп, керек болсо сыймыктанып, үлгү катары көрсөтө аламын! Арыбаңыз байке! Карыбаңыз! Сиздин жазган китептерди япондор, англичандар, франсуз, немецтердин окумуштуулары кызуу окуп, терең баалап жаткан кез! Эч нерседен кем болбоңуз байке! Жеңем экөөңөр балдар, кыздардын, неберелердин жакшы күндөрүн көрүп көп жашаңыздар!
175   8
01.04.2020 Biskek , Kyrgystan
Талант доско. Арзан жаш эмес алтымыш, Аркаңа жүгүн артыныш. Антсе да досум айтаарым, Ар иште болбо жалкымыш! Кемпирге кылбай салкын иш, Келинге болбой тартымыш, Калыссың досум ар дайым, Кандай да болсо шартыбыз! Унутпай сактап жалпыбыз, Улууну сыйлоо салтыбыз. Ушундай пейилиң бар үчүн, Урматтайт сени калкыбыз! Жаш өткөн сайын - кайтымыш, Жаныңды багып жай тыныш. Жатсам да үйдөн чыга албай, Жазганым куттук айтымыш. Жеткениң болсун жетимиш! Желе албай калган этимиш, Болгун да, бир күн байкатпай, Сексенге жаса секириш! Калса да кандай бекип иш, Болгонуң менен жекимиш, Кеңешин угуп турганга, Кемпирди болбос кетириш? Сексенди жашап темине, Серепчи болуп элиңе, Токсондун баргын белине, Айланбай вирус жемине! Ошентип өмүр күз болсун, Оорубай жашың жүз болсун! Куттуктайм досум аман бол, Кудайдын көзү түз болсун!