Күмөндөр Абылов
@kumondor_abylov
Күмөндөр Абылов

Подписчики: 20823
Посты: 104
Подписки: 52
Расмий баракча Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театр жана кино актёру. #кумондорабылов #күмөндөр Кызматташуу үчүн дарекке жазыңыздар.

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
578   44   4448
26.04.2020
Урматтуу калайык! Бүгүн кеч кирип таң атса, Элмирбектин бул жарыкчылыкты таштап кеткенине бир апта болот экен. Сыймык Бейшекеев иним үч-төрт күн мурун Элмирбек жөнүндө элге сунуш айтып жатканын кулагым чалды эле. Мен: "Ал сунушту айта турган убак да келээр" - деп, көп көңүл бурган эмес элем. Эми ойлосом, бул маселени туура эле, убагында козгоп жаткан экен. "Жер суутат" демекчи, убагында айтып, чечилип калбаса, бара-бара унутулбаса да, кызуу колдоп жаткан элдин каалоосу сууп калчудай. Айта турган болсом, Элмирбектин эл үчүн кылган кызматын, кыргыз-казакка болгон кадыр-баркын мен айтпасам да элдин баарына, мамлекет башчыларга чейин белгилүү. Себеби: Элмирбектин ар бир кылган эмгеги, кээ бир ишкерлердикиндей жашыруун эмес, эл алдында, эл менен айдан ачык экен. Ошондуктан, ысымын ыйгаруу маселеси, мараторийдин убактысы бүткөндөн кийин талкууланаар?... Ал эми Сыймык Бейшекеев сунуштаган кандайдыр бир, жаштарга шык бере турган мамлекеттик сыйлыкты Элмирбек атындагы деп белгилесек, мындан да өнөр багып, өнөр баалаган эл экенибизди далилдеген болоор элек деген ой-пикирге кошулаарымды билдирем! Бул сунушту бүтүндөй "Мен кыргызмын!" деген ар бир жаран. Колдоору белгилүү! Элмирбектин ырларын боордош казак, түрк элдери да жандуу оркестр менен ырдап жаткандыгы бекеринен эмес. Сөзүм кур болбос үчүн, Элмирбегибиздин "Булбулум" аттуу ырын боордош Казак Элинин белгилүү ырчылары Оңал Азаматова менен Гани Матебаевдин аткаруусунда угуп койсоңуздар!
177   11   2183
09.09.2020
Кылымдап Ата-Конушу, Кыш-жайы кутка толушу, Кызыгып дүйнө сук арткан, Кыярбас мукам добушу, Кымбаты артык жанымдан, Кыргыздын үч кыл комузу! Кымбаттуу Туугандар! Баарыңарды бүгүнкү "Комуз" күнүңөр менен куттуктайм! Сиздерге атам Абылов Мукулдун аткаруусундагы элдик: "Кер толгоо" күүсүн тартуулайм! Атам: "Илгээрки заманда бир хан, өзүнүн минип жүргөн кер атын аатактуу бир комузчуга берип: - Ушул атымды күнчөлүк жерге (бир күн жүрүүчү жерге) минип барып, эртеси кайра тартасың да, бир жуманын ичинде атыма күү чыгарасың! Эгер, чыгарган күүң мага жакса сыйыма татыктуу болосуң, жакпаса башыңан айрыласың! - деген экен. Ал ат, жорго десең жорго, күлүк десең күлүк, кыскасы, жылкы баласында эмне өнөр болсо, ал атта бүт болгон экен. Ошондо, алиги комузчу, хандын айтканын аткарып, Кер атка ушул күүнү чыгарып, тартуу алып, күүнүн аты "Кер толгоо" болуп калган экен" - деп, атам айтып чертээр эле. Эмесе, ошондогу Кер аттын жүрүшүн көрүп, тыңдап коюңуздар!
Загрузка...