1566   316
                                              
            
            
            	
            
            
            
            
            
            20.03.2020
			
            
            
			Абдылда туулган күнүң менен! Тамашамды кабыл алып кой!
Оо! Өйдөдө өбөгүм,
Ылдыйда жөлөгүм!
Туулган күн кут болсун,
Абдылда бөбөгүм!
Жап-жакын тууганым,
Жанымдай көрөмүн,
Вирустан корксом да,
Кучактап өбөмүн!
Жактырбайм анчейин,
Өзүңдөн бөлөгүн!
Мен үчүн сен өлсөң,
Мен кийин өлөмүн!
Кашыкта сууга да,
Калкыбай чөгөмүн!
Ордуңду жоктотпой,
Үйүңө көнөмүн!
Албасаң жүз грамм,
Аябай сөгөмүн!
Бергенди ичпесең,
Бетиңе төгөмүн!
Абалың жакшыбы?
Ким быйыл өнөгүң?
Жаланып-жуктанып,
Көрсөтүп көмөгүң,
Быйылкы шайлоого,
Ким менен жөнөдүң?
"Трюгуң" даярбы,
Көп эле өнөрүң?...
Күзүндө билинээр,
Эсеби жөжөнүн?...
Сага арнап ыр жаздым,
Акчасын төлөгүн!