558 21
19.04.2020
Канатбай! Туулган күнүң кут болсун! Өмүрүң узун, ден соолугуң бекем, көңүлүң куунак, болсун! Үй- бүлөң менен, бир туугандарың менен жакшылыктардын баарын көр! Ушул ырымды баарыңа арнайм! "Бир туугандарым"
Атыңдан айланайын ырыстарым,
Ата-энем, Теңир берген ыйыктарым!
Арка-белим болуп дайым байкелешип,
Атымды тергеп турган сылыктарым!
Алыста сагынганда өзүңөрдү,
Ар дайым көз алдымда кылыктарың!
Баарыңдын терметкемин бешиктериң,
Бакырган алгачкы үнүң эшиткемин!
Барбаңдап сүйүнчүлөп, айыл-апага,
Баарынын черткилегем эшиктерин!
Баркымды көтөрүшүп, колдоп турган,
Багыма акыл-ою тетиктерим!
Бир тууган атың ыйык кандаштарым,
Бири-бирин колдоп дилин арнашканым!
Билгенге бир туугандан жакын барбы,
Биригип, бир максатты тандашканым!
Бир ата, бир эненин каны бизде,
Бир жандай биригишкен жандаштарым!
Түбөлүк баа жетпеген байлыктарым,
Түгөнгүс атам черткен кайрыктарым!
Түшүнүп, миң ийменип турсаңар да,
Түпкүрдө силерсиңер айбыкканым!
Түзөтүп жолдон чыксам жөнгө салаар,
Түнөрбөс туюк жолдо жарыктарым!
Өнөрүм өркүндөтөөр өбөктөрүм,
Өксүсөм, өргө тартаар жөлөктөрүм!
Өчүрбөй атабыздын ыйык атын,
Өнөргө өнөр кошкон өнөктөрүм!
Өмүрүң узун болуп баарыңардын,
Өркүндөп, өсө бергин бөбөктөрүм!