Күмөндөр Абылов
@kumondor_abylov
Күмөндөр Абылов

Подписчики: 20823
Посты: 104
Подписки: 52
Расмий баракча Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театр жана кино актёру. #кумондорабылов #күмөндөр Кызматташуу үчүн дарекке жазыңыздар.

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
558   21
19.04.2020
Канатбай! Туулган күнүң кут болсун! Өмүрүң узун, ден соолугуң бекем, көңүлүң куунак, болсун! Үй- бүлөң менен, бир туугандарың менен жакшылыктардын баарын көр! Ушул ырымды баарыңа арнайм! "Бир туугандарым" Атыңдан айланайын ырыстарым, Ата-энем, Теңир берген ыйыктарым! Арка-белим болуп дайым байкелешип, Атымды тергеп турган сылыктарым! Алыста сагынганда өзүңөрдү, Ар дайым көз алдымда кылыктарың! Баарыңдын терметкемин бешиктериң, Бакырган алгачкы үнүң эшиткемин! Барбаңдап сүйүнчүлөп, айыл-апага, Баарынын черткилегем эшиктерин! Баркымды көтөрүшүп, колдоп турган, Багыма акыл-ою тетиктерим! Бир тууган атың ыйык кандаштарым, Бири-бирин колдоп дилин арнашканым! Билгенге бир туугандан жакын барбы, Биригип, бир максатты тандашканым! Бир ата, бир эненин каны бизде, Бир жандай биригишкен жандаштарым! Түбөлүк баа жетпеген байлыктарым, Түгөнгүс атам черткен кайрыктарым! Түшүнүп, миң ийменип турсаңар да, Түпкүрдө силерсиңер айбыкканым! Түзөтүп жолдон чыксам жөнгө салаар, Түнөрбөс туюк жолдо жарыктарым! Өнөрүм өркүндөтөөр өбөктөрүм, Өксүсөм, өргө тартаар жөлөктөрүм! Өчүрбөй атабыздын ыйык атын, Өнөргө өнөр кошкон өнөктөрүм! Өмүрүң узун болуп баарыңардын, Өркүндөп, өсө бергин бөбөктөрүм!
Загрузка...
636   37
08.03.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
"Каалоо" Кагылайын касиеттүү айымдар! Кагылгыдай, жагынгыдай жайым бар! Кабыргадан жаралган деп силерди, Качантадан берки кеп бар, айың бар? Силер менен ырысым бар, багым бар! Силер менен жүрөгүмдө жалын бар! Силер менен жаралгамын жашоого, Силер менен Жараткандан жарым бар! Өзүңөр бар - мен сагынаар айым бар! Өзүңөр бар - мен жагынаар "кайын" бар! Өзүңөр бар - кирпигиме кир жукпай, Өзүңөр бар - каалаганым дайын бар! Көпкөн эрге - өзүң берээр "дарың" бар, Көпкө кимдин "шиши" кантип жарылбаар?... Көз тийбесин көппөйм такыр, тфу! Тфу! Тфу! "Көк жөтөлгө" менде кандай зарыл бар? Куттуу болсун майрамыңар асылдар! Куттук айтат ар адамда асыл жар! Куттук айтпай Күкөңдүн да мындайда, Кудуңдаган кубанычы жазылбаар? Бар бололу силер менен ар дайым, "Бакыт кушу" үйгө байыр алмайын! Бак тилеймин, сыйлап өтөм баарыңды, Башым ийип, "кара жерге" бармайын!
175   8
01.04.2020 Biskek , Kyrgystan
Талант доско. Арзан жаш эмес алтымыш, Аркаңа жүгүн артыныш. Антсе да досум айтаарым, Ар иште болбо жалкымыш! Кемпирге кылбай салкын иш, Келинге болбой тартымыш, Калыссың досум ар дайым, Кандай да болсо шартыбыз! Унутпай сактап жалпыбыз, Улууну сыйлоо салтыбыз. Ушундай пейилиң бар үчүн, Урматтайт сени калкыбыз! Жаш өткөн сайын - кайтымыш, Жаныңды багып жай тыныш. Жатсам да үйдөн чыга албай, Жазганым куттук айтымыш. Жеткениң болсун жетимиш! Желе албай калган этимиш, Болгун да, бир күн байкатпай, Сексенге жаса секириш! Калса да кандай бекип иш, Болгонуң менен жекимиш, Кеңешин угуп турганга, Кемпирди болбос кетириш? Сексенди жашап темине, Серепчи болуп элиңе, Токсондун баргын белине, Айланбай вирус жемине! Ошентип өмүр күз болсун, Оорубай жашың жүз болсун! Куттуктайм досум аман бол, Кудайдын көзү түз болсун!