Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
17712   1089
06.04.2020
Үй бүлө куруу жөнүндө ойлонгон кыздарга кеңеш: 1. Айланада бекер кеңеш бергичтер өтө көп. Ээрчиме болуп, ар бирин ээрчий берсең, көкмө болосуң. Бир гана жүрөгүңдү тыңша. 2. Физикалык гана жактан жетилүү жетишсиз. Моралдык, руханий, психикалык жактан жетилүү кажет 3. Өзүн тапкан гана адам түгөйүн бактылуу кылат. Өзүңдү таба элек болсоң, ашыкпа. 4. Турмуш кураардан мурун билим алып, бир иштин башында тур. Эртеңки күнүңө кепилдик жок. Кандай гана сыноо келбесин, өзүңдү өзүң багып кете алгандай бол. 5. Турмуш сага оюнчук эмес. Жеңил ойлуу караба. Бир тандаган адамың акыреттик болуусу кажет. Ошон үчүн көзүң жетип, жүрөгүң макул дегенге бар. 6. "Атам айтты, апама жакты" деп тие бербе. Аны менен сен жашайсың. Алар эмес! 7. Акчасына эле карап тийбе. Акчадан алдыңа төшөк салып берсе да, сүйүү болбогон жерде жылуулук болбойт. Сүйүү деп итке минген бирөө мн да баш кошпо. Тукумуңду уланта турган ишенимдүү жер болушу керек. 8. Тие турчу адамың акылыңдагы эрежеге төп келип, бирок жүрөгүңө төп келбей жатса, жүрөгүңдү тыңша. 9. Кандай болсоң, ошондой жүзүңдү көргөзгөндөн уялба. Рекламадагыдай сонун боло берип, тийгенден кийин чыныгы жүзүң ачылса, көпкө турбайсың ал үйдө. 10. Бакыт эле күтө бербей, бакытты бергенди да үйрөн. #жөнэлеойлор
11462   866
08.01.2020
Эмии, мындай, каражандар, акыркы жазылган тамаша постума ар кандай реакция жүрдү. Укмуш кайнады! "Тарс " эткен тамашама чычалап, асынып алгысы келип 40 - жип, чөгүп өлгүсү келип бир кашык суу сураганы андан көп. "Кечирип койгулага" сөз көтөрө албай, көтөрүм болуп кеткендерди, камгактай жеңил, тамашаны түшүнбөй, тамтаңдагандарды кошпой калыптырмын. Кечирип койгула, иттик менден кетти!))))) Бир кыз сөз мн чымчыса түтө албаган турмуштун муштумуна түтө аласыңарбы? Ичине ээр токум баткан жигиттин ичине таруудай тамаша батпай убара!)) Кантели? Өзүн илинип турган май элестетип алгандар андан көп! Боорду эздиңер!))) Жүдөгөнүн зайыбына оодара салып, жоопкерчиликтен кутулгусу келген мындан көп! Бирок тамашаны татып, туура түшүнүп, кычкылына ачуурканбай, жутуп коюп, "Өзүбүздү сырттан карайлы, туурасы бар экен, моюндайлы!" деген мырзалардын көптүгү сүйүндүрдү. Мен күлсөм, кошо күлүп жыргаган агаларым, инилерим силерге өзгөчө алкыш! Илгери кыз - жигит топтошуп ойногон жерде кер - какшык айтылып, кыздар жигиттерди сөзгө сындырып, чымчып ойночу экен! Кыздардын сөзүнө чычалабай, чыңырбай - этпей, тилин агызып, уусун салып, сөгүп - сагып, өзүнүн пастыгын көрсөтпөй эле тамашага тамаша мн жооп берип, сөзгө жыгылса, моюнга алып, айыбын төлөшчү экен. Көтөрүмдүүлөрдү биз да көтөрүп алабыз анткени. Анда эмне азыркыдай тили узун, кур намысы көп, чын намысы жоктор жокко эсе эле да. Андайларды чыныгы эркектер сүйрөп барып, тумшугун "жалпак жөжө" кылып коюшчу болуш керек. Аял мн аял болуп бет тырмашып, акыйнек айтышып отургандан уялыш керек оболу. Акыйнек айтышып, аял эмоцияга алдырса, кошо алдырып, жаакташкан үчүн ажырашуулар көп болсо керек да учур чакта. Болбосо, жаныбызда айбаттуу арстан турса, аял асылмак түгүл астынан кыя өтө албайт! Тилдин узарышынын себеби өзүңөрдө жатканын бииир ойлонуп көргүлө. Астейдил сөөгүңөрдү мүлжүп койгон агалар, инилер, айып этпеңиздер. Эмгектен тер жыттанып, жер тырмап, тырмагыңар кыкка толсо, катын - балаңарды сүйрөп, капкара май болуп атсаңар, бир жыртыкты бүтөй электе бир жыртык пайда болуп, акча үнөмдөп атсаңар, керели кечке оокат деп жүрүп бутуңар жыттанып атса, силерди миң эсе сүйүп, жаныңарда опол тоо болуп, жакаңарды агартканга даярбыз!
Загрузка...
8855   830
10.01.2020
"Бу эрсиз катын", "Эрин эптей албай" дешип...бул сөздөр аябай "оскорбительный" сөз деп атышат го ээ кээ бири? Бирок бул нерсе катуу тийбейт деле экен мага таразама салып көрсөм. Бул факт да! Далил сөз. Эптей албаганым ырас. Эримдин жок экени да ырас. Ымдаганга эле ычкырымды бошото бербегеним үчүн "шерменде" , "жалап" ж.б. сөздөрү да катуу тийбейт экен. Кайып өтөт анткени мага тиешелүү эмес экенин билем. Үстүмө кандай жугунду куйсаң, таарынам ойлонуп атам. Менимче көкүрөгүндө жарасы, комплекси бар адам гана таарынбаса, өзүн сүйгөн, өзүн тааныган адам таарынбаса керек. Бизде баланы башка - көзгө койгулап, "Мээң жок", "Көк мээ", "Келесоо", "Акмак", "Карачы элдин баласын!" деп басынтып, ур - тепкиге алып, жан дүйнөсүнө "Эч кимсиң" деген түшүнүктү салып чоңойтушат. Азыркы заманбап жаштар эмес бирок улуу муунда көп кездештирсе болот. Ар бир кемчилиги тоодой көрүнүп, ичинен кемирип атып, кемсинтип атып, жарадар, жан дүйнөсүнөн майып адам пайда болот. Алар бирөөнү кемсинтип, сөгүп, сабап ырахат алат. Өзүн маанилүү сезет. Бирөөгө үстөмдүк кылуу менен үстүнө чыгат. Колу - буту мунжу адамды жаман көрбөйсүң, коомдон бөлүп салбайсың, же эмнеге мунжусуң деп таарынбайсың. Кандай болсо, ошондой кабыл аласың. Мээси жагынан мунжуну деле ошондой кабыл аласың да! Эмнеге мээң бөксө деп таарынмак белең? Демек, балачагындагы жаралары бар экен деп коесуң ичиңден. Болду. Зомбулук эмнеге көп дейсиң? Жан дүйнөсү жарадар адам көп анткени. Сезимдерин билдиргенден, оюн ачык айткандан корккону көп. Психологго барыш, өзүн тааныш уят нерсе деп түшүнгөнү көп. Баланы туура тарбиялаш керек дейсиңер. Баланын балекетин аласыңбы өзүңдү биринчи тарбиялап ал да! Өзүң тарбия көрбөсөң, балекетти көргөзөсүңбү? Жан дүйнөң тынч, бактылуу болсоң, бала автоматтык түрдө ошону жан дүйнөсүндө чагылдырып алат. Бала менен киндик аркылуу туташпыз анткени. Ошон үчүн каражандарым, баарыңарга сүйүү жөнөтүп жатам. Мен да өзүмдү оңдоонун жолундамын акыркы жылдары. Көз карашымды өзгөртүүдөмүн. Бирок өтөсүнө чыга элекмин. Айыктыра турчу менин дагы жараларым бар. Бирок, жок дегенде жек көргөндөргө сүйүү жөнөтүп, кечире билгенге кудуретим жетүүдө. Бул мени кубандырат! #жөнэлеойлор
2675   821
05.04.2020
Силерди билбейм, бирок бул жыл соңунда ноябрдын соңу, декабрдын башынан баштап болуп көрбөгөндөй катуу оорудум. Температура, какылдап жөтөлөм, демим кысылып, аба жетпей, астманыкы го деп, аерозоль колдонсом, аным жардам бербейт. Кара терге түшүп түнү мн отурам. Балам да ошентип ооруду. Кадимки грипп, бирок башкача грипп. Өмүрүмдө андай болгон эмес. Бирок жогорку температура мн сериалда тартылып жүрө бердим. Тааныштарымдын көбү ошентти. Өмүрүмдө тамагым шишип көргөн эмес. Тамагым дулайдай шишийт. Үйдөгү арбидолду көрүп эстеп кеттим. Балким декабрда мутация боло элек кезинде ооруп алгандырбыз деп коем. Эгер ошондой болсо, грипп деп эле айыгабыз деп чыгып кетсек керек. Ал өлүм мн коштолооорун билгенде паникадан эле өлүп калсак керек ээ? Декабрь - январь жаттым анан төшөктө. Жаңы жылга турбай калдым. Иши кылса, эстен кеткис грипп болду. Оор формасы мн мынча ооруган эмесмин. Капельница, укол алып аттым. Кулагым кошо укпай калган. Силер анткен жоксуңарбы?
7172   690
07.04.2020
Стереотиптер( аң сезимде калыптанып калган эрежелер, адаттар) 1. Жыйырмадан ашаарың мн бүлө курушуң керек. 2. Эрге тийип, же аял ал! Сөзсүз! Жалгыз жашаганга укугуң жок 3. Турмуш кураарың мн эле бала жасаш керек. Тогуз айдан кийин эч ким төрөлбөсө, таяк жейсиң. А кокус, жети айлык болуп калса, точно "залет" 4. Келин бүүүүүт жумуштун баарын жасап, тамак даярдаш керек. Чарчаганга, уктаганга, эс алганга укугу жок. Даже өлгөнгө да уруксаат берилбейт. 5. Келин үн чыгармак түгүл, жел чыгарганга акысы жок. Тем более өз оюн айтпаш керек. Анын ордуна ал кандай кийинет, окуйбу же окубайбы, иштейби же жокпу, канча жолу кайсы интервал мн төрөйт баарын улуулар жана күйөсү чече алат. 6. Өзүнчө бөлүнмөй жок! Кыялданбай эле кой! 7. Кичүү бала, же жалгыз бала мал багып, үй жай карап үйдө калат. Ага окууну ким коюптур? 8. Жашоодо ким болосуң, каякта иштейсиң, кимди алып, кимге тиесиң анын баарын улуулар чечет. Сен али жашсың. Туура эмес тандап алышың ыктымал 9. Ачык кийингендин баары эле бузулган неме 10. Оюңду ачык сүйлөй алсаң, тартиби жок немесиң. Азырынча акылыма келгени ушул. Кошумчалаңыз. #жөнэлеойлор