Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6559   354
18.05.2020
Кичинекейимде сулуу кыздардын сүрөтүн тартып, кооз көйнөктөрдү кийгизип алып, "Ушундай сулуу болсом ээ?" деп кыялданар элем. Жашоодо көп сулуу аял көрдүм, бирок сулуунун бактысы дайым эле сулуу боло бербейт экен. Жашоосунда жалгыз жүргөн сулууларды көрүп, "Эркектин көзү кайда? " дейсиң. Көрсө, алардын жалгыз жүрүшүнүн көп фактору бар экен. 1. Айрым аялдар сулуу болушу ыктымал, бирок муздак. Жылдызы жок дейбизби. Мелтейип турат. Кучагына алса, кошо тоңдурчудай. Каймана аты : Снежная королева. 2. Супсулуу, жылдыздуу бирок эрки жок болушу да ыктымал экен. Ээрчиткенди эле ээрчип кеткен. Этеги жеңил. 3. Айрым сулууларга даай алышпайт. "Бул мени карабайт да!" дешет. Кол жеткис болуш керек деп айланып өтүшөт, алыстан сүйүшөт. Айрым духу жетпей калгандар өзүн өзү жооткотуп, Күлүк атка салыштырып, ал тууралуу ар кыл ойлорду айтышат. Бул жанагы мышыктын окуясы да. Майга жетпей мурдун чүйрүгөн. Жыйынтыгында, сулуу кол жеткис бойдон бийкте жалгыз карыйт. 4. Дагы бир сулуулардын түрү бар. Алар сулуу экенин билишет. Өзүн жогору жакка чыгарып алып, теңин таппай кыйналышат. Өзүнө татыксызын жуутпай жүрүп, өңү өчүп кеткиче жалгыз жүрүшөт. 5. Сулуулар бар. Сулуу экенин билбейт. Өзүн баалабайт. Бааласа да, төмөнкү баа мн баалайт. Иши кылса деген бир эркекти жандап алып, арманда өтөт. Сулуулугун өчүргүч мн өчүргөндөй баркына жетпеген неме өчүрөт. Өңүнөн аздырат. 6. Дагы сулуулар бар. Мөлтүрөгөн сулуулугуна тайкы акылы чак келбей калган. Дөөпөрөстүгү келбетин улам - улам жууп турат. 7. Акылы да, келбети да төп келгени бар. Аны башка аялдар эркектерге жеткирбей эле жайлап коет, же эркектерге салып берип атып жайлайт. Кыскасы, кызганыч роль ойноп, тагдырына балта чабат. 8. Баары төп келген аял да бар. Сулуулугу, акылына бактысы кошо төп келип, багы ачылганы да бар. Бирок, пайызы аз. 9. Сулуу, амалдуу дагы. Сулуу экенин билет анан аны аябай колдонот. Кандай акчалуу "байке " көрсө, чөнтөгүнө төшөгү аркылуу кирет. Жийиркенбейт. Намыс, уятты кончуна ороп тыгып койгон. #жөнэлеойлор ________________________________________________ Мультфильмде каарман болсом, ушундай каарман болмокмун. @turdaliev_tynchtyk колуңа береке! Аябай жакты сулуу сүрөтүм!♥
8557   347
21.04.2020
Тилин, оюн көзөмөлгө алып жашаш оорбу адам баласына? Арамданып, аңдып, тилдеп, каргап ... дейин десең пендебиз да. Жараткандын берген сыноосунан ар ким ар кандай өтөт. Тилин тарта албай убара болгону бар. Бирөө оюнун азабын чегет. Миң жолу жаңылабыз. Миң жолу оңдонобуз. Ката кыласың. Жаза басасың. Бетиң укмуш кызарат кылыгың үчүн. Анан экинчи кайталабай каласың. Бет кызарбаса, миң жолу кайталайсың, анан бир күнү ушундай чокуга жейсиң. Экинчи айранды үйлөп ичип каласың. Көрсө, ката, жаңылыштык сонун нерсе тура! Ошон үчүн азыр "Эмнеге ушундайбыз?" деп наалыбай калдым. Ушундай жол мн өтмөйүн оңдолуш кыйын болот. Бийик Адам болуш үчүн алгач паска түшүп көрүү кажет окшойт! Бала деле баарын оозуна салып, даамдап, жыттап, жыгылып, күйүп, чекесин жарып көрүп анан үйрөнөт да. Балага "Чайнек ысык. Күйүп каласың!" деп миң кайтала. Күйүп көрмөйүн билбейт. Жон териден өткөрүү кажет экен. Бирөөнү ушакта. Аябай! Сөөгүнө жеткире. Ушактаган адамың мн жүз көрүшүп, анын жан дүйнөсүн билип, анын терезесинен баш бакканда гана ыңгайсыз абалга түшкөндө гана бирөөнү билип - билбей сүйлөгөн кандай жаман экенин билесиң. Бирөөнү уруп көр. Кийин өзүң таяк жегенде гана кандай этиң ооруурун түшүнөсүң! Бирөөнүн ырыскысын жеп көр. Кудай кустурганда гана экинчи башканын ырыскысна көз артпай каласың. Текебер бол. Тепкиде калганда гана шүгүрчүлүктү үйрөнөсүң. Төбөгө жемейин, өзүбүз эле акылдуу болуп, айттырбай, этекке чаптырбай билгидей адатыбыз жок өңдөнөт адам баласынын. Кылгылыкты кылып, кыл жип мн бууп анан кыйындыкка өтөбүз. Ошон үчүн пенделиктин кылыктарына наалыбай, кейибей, кепчибей, өзүбүздү ак карга сезбей эле сырттан абай салып, башканынбы, өңүбүздүнбү жаңылыштыктардан жакшысын алып, сабак кылып, үйрөнүүбүз кажет экен... #жөнэлеойлор
Загрузка...
12244   331
13.12.2019
Фейсбуктан бир аял атасы кетип калганы үчүн балдарынын жанын чыгара сабап аткан видеосун көрдүм. Кыргыз келин. Сабаган сайын "Атаңды чакыр! Чакырбасаң, мен да ошентип кетип калам" ж.б. сөздөр мн коштолот. Мен жакын арадан бери эмнени түшүндүм , билесиңерби? Аял баланы эркек үчүн эмес өзү үчүн төрөш керек экенин түшүндүм! Анткени эркегиң басып кеткенде, балаң сага да кереги жок болуп калат. Сага, көңүлүңө оору алып келген үчүн ошол адамдын уругун жек көрүп, ошондон өчүңдү алгың келет. Өзүң үчүн төрөгөндө, балаң сага керек экенин билгенде ошо таштап кеткен ата сөрөйдөн көз каранды болбойсуң! Сырткы терс кубулуштан, стресстен калкалагың келет баланы. Анын бактысы, күлкүсү бийик турат! Төбөң мн жер казсаң да, чымчыкча тамагын ташып, кийимин таап, чарк айланасың жана аны колко кылбайсың! Алимент күтүп, келишин жолдоп, акчасына, көңүлүнө зар болбойсуң! Анткени бала сеники жана сага укмуштуудай бакыт алып келүүдө! Атасын бактылуу кылыш үчүн гана төрөбөй, өзүң каалаган үчүн, баланы эңсеген үчүн төрө! Эртеңки күнү атаңар кетип калганда ызаңарды баладан чыгарып, кордобойсуңар! Эч кимден жардам күтпөгөндү, өзүңөрдүн бутуңарга турганды, өзүңөр үчүн жашаганды, бирөөгө жашооңорду садага чаппаганды үйрөнгүлөчү, аялдар! Биз аялуу, аяр, мээримдүү, сүйүү толгон жанбыз! Биз айланага ызаабызды, жек көрүүбүздү чачпашыбыз керек!!! Өзүңдү сүй! Сүйүүгө тол! Сүйүүдө бол! Тем более, эркекти кармап калыш үчүн төрөбө! Кеткиси келген эркек он балаңдын башын аттап да кете берет!!!!
7848   327
08.05.2020
Онунчу классты окуп жатып олимпиаданын жыйынтыгы менен дароо студент болуп калдым. Бекер окуу жай. Болгондо эл аралык. Түрк, англис тилдерин окуйм. Түрк тилинде эркин сүйлөгөн кыргыз кыздарын көрүп, укмуш суктандым. Күнү - түнү жантыгыман жатып алып окудум. Жатаканада Жанара деген эже таап алдым. Койнуна алып жатып, мээримин төгүп, түрк тилин үйрөттү. Энелиги, эжелиги, мээрими төгүлүп турчу. Канатына салып алып, сырткы дүйнөдөн коруду. Ошентип, түрк дүйнөсү мн тааныштым. Тамагы укмуш сонун. Музыкасын жантыгыман жатып алып угам. Кыздар кечинде чогулуп алып мездеке бийлейбиз. Ар бир бөлмөнүн башчы эжеси бар. Аны абла деп коебуз. Кыздар арасындагы тартипти катуу кармайт эле. Кийин Стамбулду көрүп аябай сүйүп калдым. Деңизи мн сырдашкан адат таптым. Чардагына жем таштап, деңиз жели мн ойногон жакты. Канча өлкө кыдырдым. Жан дүйнөм Стамбулга тарта берет. Тил билгеним үчүнбү өзүмдү ал жакта өз үйүмдөй сезем. Туркия мени көп чакырды. Эки жолу телевидениесине орун берип, айлыгымды сонун коюп беришти. Үй бүлөмдү тандадым. Дагы бир жолу актердук жааттагы аябай чоң долбоорго өтүп кеттим. Кайра эле үй бүлөмдү тандадым. Дагы бир ирет чоң долбоор чыкты. Жолдор жабылды. Апаат токтотту бизди. Стамбул мени дагы бир ирет кол булгап чакырабы билбейм. Бирок абдан сагындым. Өзгөчө деңиз жээгиндеги таңкы тамагы көз алдыман кетпей турат...#жөнэлеойлор #Стамбул #АтатүркАлатооуниверситети
5286   324
18.03.2020
Бир эле теманын айланасында сүйлөп, наалып, ашатып, сөгүп, коркуп атып далай негатив чакырдык жашообузга. Шорпо - шилең ичип эле чуркап кетет кыргыз. Андан көрө жаз келди. Сүйүү жааты кантип атат? Кимдин жан дүйнөсүндө уйгу - туйгу? Жашооңордо кандай сонун жаңылык болду? Ошол тууралуу сүйлөшөлүчү? Өзүмдөн баштайын. Анатолий Некрасовдун "Путы материнской любви" китебин окуп бүтүрдүм. Психологияда өзүмдү өнүктүрүү боюнча сабакка бардым бүгүн дагы. 1 - модульду аяктадык. Көп билим алдым. Жашоомдун жакшы жакка өзгөрүшүнө, өзүмдү дагы жакшы таанышыма өбөлгө түзүлдү. Ютуб каналым жанданды. Буюрса, дагы бир иштин артынан чуркап жүрөм. Бүтөйүн деп калды. Күйөрмандарымдын каалоосу, суранычы боюнча аткарылган иш. Жаздын келиши мени абдан кубантып жатат. Чымчыктын сайраганын уккан абдан жагат. Көйнөк, така кийип, кыздар ачылып баштадык. Көптөн бери диетада болчумун. Бүгүн рамен жедим. Ушунчалык ырахат алып жедим. Бүгүн кечке уктадым. Бул да чоң ырахат! Сизчи? Келгиле, позитив флешмобун өткөзөбүз? Ар ким өзүнүн жакшы жаңылыгын айтат. Баардык оюбузду жакшылыкка топтоп, оозубузга сонун сөздөрдү гана алабыз. Колдойсуңарбы?
14282   306
22.04.2020
"Таш боорсуң, мерезсиң! " деп урушаар элеңиз. Билем, агай! Ага кошуп оройлугум да бар. Ойлондум, агай сөзүңүздү. Ал жөн гана тарыхтан алган сабагым экен. Тарыхтагы боорукер, мээримдүү, жумшак аялдарга коом катуу мамиле кылыптыр учурунда. Балким ал мүнөзүм мн өзүмдү сырттагылардан коруп аткан чыгармын. "Ой, агай, өзүм жалгыз бой келин болсом, жылуу карагандын баарына эле мээримдүү, боорукер боло берсем, эмне тамтык калат менден?" десем, бооруңуз калбай күлдүңүз. Өзүңүз болуп көрбөгөндөй жумшак, мээримдүү элеңиз. Балким, карындашыңызды өз дүйнөңүздөй тарбиялайм деген чыгарсыз... Сиз жазган күнү бизге майрам эле. Бири бирибизден "Агай бата кетирдиби?" деп сурачубуз. Сизден бата, тилек келген күнү ишибиз оңунан чыкчу анткени. Ырымдачубуз. Сиз жакшы жакка, жыргап кеткендей жүрөгүм тынч негедир. Көңүлүңүз ачыктай туюлат. Кеп узун жашашта эмес экен. Кеп маңыздуу, маанилүү, кызыктуу өмүр сүрүштө экен. Бул сизден келген дагы бир сабак болду. #жөнэлеойлор