Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
17712   1089
06.04.2020
Үй бүлө куруу жөнүндө ойлонгон кыздарга кеңеш: 1. Айланада бекер кеңеш бергичтер өтө көп. Ээрчиме болуп, ар бирин ээрчий берсең, көкмө болосуң. Бир гана жүрөгүңдү тыңша. 2. Физикалык гана жактан жетилүү жетишсиз. Моралдык, руханий, психикалык жактан жетилүү кажет 3. Өзүн тапкан гана адам түгөйүн бактылуу кылат. Өзүңдү таба элек болсоң, ашыкпа. 4. Турмуш кураардан мурун билим алып, бир иштин башында тур. Эртеңки күнүңө кепилдик жок. Кандай гана сыноо келбесин, өзүңдү өзүң багып кете алгандай бол. 5. Турмуш сага оюнчук эмес. Жеңил ойлуу караба. Бир тандаган адамың акыреттик болуусу кажет. Ошон үчүн көзүң жетип, жүрөгүң макул дегенге бар. 6. "Атам айтты, апама жакты" деп тие бербе. Аны менен сен жашайсың. Алар эмес! 7. Акчасына эле карап тийбе. Акчадан алдыңа төшөк салып берсе да, сүйүү болбогон жерде жылуулук болбойт. Сүйүү деп итке минген бирөө мн да баш кошпо. Тукумуңду уланта турган ишенимдүү жер болушу керек. 8. Тие турчу адамың акылыңдагы эрежеге төп келип, бирок жүрөгүңө төп келбей жатса, жүрөгүңдү тыңша. 9. Кандай болсоң, ошондой жүзүңдү көргөзгөндөн уялба. Рекламадагыдай сонун боло берип, тийгенден кийин чыныгы жүзүң ачылса, көпкө турбайсың ал үйдө. 10. Бакыт эле күтө бербей, бакытты бергенди да үйрөн. #жөнэлеойлор
17382  
14.11.2019
Оңой эмес турмуш. Бириңди бириң түздөп, сүйрөп, айрым жерде белиң бекчейгиче көтөрүп алып жөнөйсүң. Ысыганды суутуп, сууганды ысытып, кыйшайганды түздөп жашайсың. Мүнөзүңдү оңдоп, жаныңдагы ыңгай алыш үчүн жакшы көргөн нерселериңден, ал тургай өзүңдөн да баш тартасың. Кыялдарыңды садага чабасың эгер кыялың жаныңдагыга тоскоол болуп атса. Оңой эмес бири бириңе баш ийип, көөп турган өпкөнү кысып, кайнап турган канды токтотуп, үнүң өктөм чыкса, басаңдатып, бутуңдун учу мн жүрүп калуу! Жаныңдагы кенен дем алсын, кенен жүрсүн, кенен болсун мыйзамы алдыда болот анткени! Сүйүү келгенде жүрөккө өзүң жана сенин каалоо көз жаздымда калып калат. Ал үчүн дем алып, анын ууртундагы жылмайуу, көзүндөгү бакыттын учкуну үчүн жашайсың! Башыңды түгүл, бараткан жолуңду кошо жоготуп. Кийин ойгонсоң эле тамтаңдап башка жолдо бараткан болосуң. Бул жетилбеген сүйүү. Жетилгени маңдайдагы адам эч качан өзүңдөн жана сен сүйгөн нерселерден баш тартууга уруксаат бербейт! Колдойт. Дагы бийик учушуңа көмөк болот, оордугун салбайт! Сен кысынып жашап атканда кенен кесир жүрбөйт. Сенин ыңгайың да маанилүү болот анткени. Садага чабылышыңа жол бербейт. Өзүн да садага чаппайт! Жетилген адамдарда ызы - чуу, ары тур - бери тур жокко эсе! Жарым сөздөн түшүнөт анткени! Ашмалтайлыкка жеткирбейт! Мамиле түзүүнүн жолун билет! Ошон үчүн өзгөнү бактылуу кылам деп көкүрөк чабаардан мурун өзүм бактылуу боло алдымбы де! Өзгөнүн жолун табам дээрден мурун өзүңдүн бараткан жолуңа көз чаптыр! Жоопкерчилик алаардан мурун жоопкерчиликтүү бол! Турмуш сага оюнчук бекен?! #жөнэлеойлор
15804   546
13.05.2020
Ариетим, сен сүйүүдөн жаралган баласың, билесиңби? Сени каалап, күтүп жаратканбыз. Курсагымда жүргөнүңдө жомок окуп, ыр угузуп, англис тилин окуйт элем. Атаң экөөбүз сени мн сүйлөшчүбүз. Сен баарын түшүнчүсүң. Доктурга УЗИге барганда дайым туура эмес жатып, же киндикке оролуп алат элең. Үйгө келгенде сени мн кадыресе чоң кишидей сүйлөшөбүз. "Түз жат, ордуңду тап" дейт элек. Анан калыбыңа келип, туура жатчусуң. Жынысыңды да тогуз ай бою көргөзгөн жоксуң. Бирок сенин эркек экениңди жазбай билдик, сездик. Энергияң күчтүү эле. Чоң энем кичинекейимди боюнда бар келиндерди ырымдаганын көрчү элем. Анан курсагынын түзүлүшүн карап туруп эле кыз - эркек экенин айтып берчү. Мен да энемен үйрөнүп алгам. Курсагым тик болду. Анан эт, кылгырган майды, камырды эркек эле суратмак. Бети башымдын баарын май кылып, койдун төшүн бетине кийип алып, уулдун энеси гана жемек. Анан жылкычы болчусуң. Жылкычылар гана түнү уктабай, шырылдаңды созуп, жылкы кайтарып чыгат. Сен да түндөсү өзөртө тепкилеп, курсагымдын формасын бузуп, колу - бутуңду чоюп, уктатпай чыгар элең. Андайда атаң сүйлөшүүгө өзү киришчү. Дароо тынчып калчусуң. Сен төрөлгөндө экөөбүз тең чарк айландык. Ушундай ачык, коркконду билбеген бала болчусуң. Бакчада бирөөнүн курсагын, бирөөнүн кулагын тиштеп, дагы бирөөнүн оюнчугун талкалап келчүсүң. Биз дайым сенин ордуңа тил укчубуз, бирок тентектигиңе аябай жыргачубуз. Ата - энеңдин укмуштуудай сүйүүсүнө малынып, мээримине чулганып, ата - энеңдин бири бирине болгон сүйүүсүн көрдүң. Сага суктанчумун. Өзүмдө болбогон нерсе сенде бар экенине сугумду далай арттым. Көзүм өтүп кетти көрүнөт. Кечирип кой, кичине капа кылдык. Бирок бил, ата - энең өз бактысын тапканга акылуу. Анткен мн сени экөөбүз тең мурдагыдай жакшы көрөбүз, мээримибизге бөлөйбүз. Анткени сен бизге абдан керексиң! ♥ #жөнэлеойлор
14282   306
22.04.2020
"Таш боорсуң, мерезсиң! " деп урушаар элеңиз. Билем, агай! Ага кошуп оройлугум да бар. Ойлондум, агай сөзүңүздү. Ал жөн гана тарыхтан алган сабагым экен. Тарыхтагы боорукер, мээримдүү, жумшак аялдарга коом катуу мамиле кылыптыр учурунда. Балким ал мүнөзүм мн өзүмдү сырттагылардан коруп аткан чыгармын. "Ой, агай, өзүм жалгыз бой келин болсом, жылуу карагандын баарына эле мээримдүү, боорукер боло берсем, эмне тамтык калат менден?" десем, бооруңуз калбай күлдүңүз. Өзүңүз болуп көрбөгөндөй жумшак, мээримдүү элеңиз. Балким, карындашыңызды өз дүйнөңүздөй тарбиялайм деген чыгарсыз... Сиз жазган күнү бизге майрам эле. Бири бирибизден "Агай бата кетирдиби?" деп сурачубуз. Сизден бата, тилек келген күнү ишибиз оңунан чыкчу анткени. Ырымдачубуз. Сиз жакшы жакка, жыргап кеткендей жүрөгүм тынч негедир. Көңүлүңүз ачыктай туюлат. Кеп узун жашашта эмес экен. Кеп маңыздуу, маанилүү, кызыктуу өмүр сүрүштө экен. Бул сизден келген дагы бир сабак болду. #жөнэлеойлор
Загрузка...
13543   411
20.01.2020
- Сени түбөлүк жашатсам, түбөлүк жаш кылсам...Жаштыктын эликсирин жасап берем, э? - Балам, түбөлүк жашоо жакшы деле эмес. Тажайсың. Жашооңдун маңызы жок болот. Биз аркы дүйнөгө даярданып, сынактарыбызды жакшы тапшырыш үчүн аракет кылабыз. Ошого карата түздөнөбүз. Түбөлүк жашаганда баары өз билемдик менен жашайт. Дүйнө хаос болот да, балам. - Аркы дүйнөдөн корком да. - Коркпо, балам. Балким ал жак биздикинен да кооз, сонундур. Туркияга бара жатканда корктуң. Бирок барганда сага жакты го! Адам билбеген нерсесинен коркот. Сен андан көрө көкүрөк толо жаша! Элге жакшылык кыл! Жырга. Тамактын түрүн ооз тийип көр, саякатта, кызыктуу жерлерди көр. Негативден позитивди изде. Жаман нерсе жок, балам. Стаканга жарты суу куйсаң, бош жагын көрбөй, суу толуп турган жагын көр! Макулбу? #Ариет Кагылып кетейин уулум. Этегиме жармашып алып басыштан корккон уулум. Согончогумду канатып , Жаратканымдын берген белегин кара! Кудайымдын куту! Канатыңды кенен жайып, бийик учушуң үчүн кылган далалатымдын баары сен үчүн. Кээде "Апа, эмнеге мынча чарчаганча иштейсиң?"дейсиң. "Сен үчүн!" дейм. Бүлө күткөндүн касиети ушул тура! Кылып жаткан, жашап, басып - турганыңа маңыз кирет. Өзүмчүл кыз жаңы көз жарганда "24 жылдык жашоом текке кетиптир!" деген. Жөн эле супсак жашоодо басып - туруп жүргөн турбайымбы! #жөнэлеойлор #2014жыл #архив
12780   208
09.05.2020
Жаратылыш, аалам, дүйнө, жер тынчтыкты эңсейт. Бир гана жаны тынбаган, бузгандан, кыйраткандан, жок кылгандан, бири бирибизди денебизге, жан дүйнөбүзгө залал келтиргенден ырахат алган - адам баласы. Жаратылыш, Жер бизди далай көтөрөт. Ал өтө сабырдуу. Акылына келет деп ойлойт. Кайдан? Эгосу көп, алкымы керней, жан дүйнөсү ачка, көкүрөгү сокур, көзү көр топуракка гана тое алган адам баласы тынчтыкты эмес согушту тандайт. Замбирек менен тытсак да, ок менен жаадырсак да, Жер эне, жаратылыш чыдайт. Тегерегибизди булгап, акыр чикирге айлантып, сындырып, ырахатыбыз үчүн жаныбарларды кырып - жоюп жок кыла баштайбыз тынчтыкта. Ичибизде мынчалык таш боордук, мерез сезимдер кайдан келген? Биз жек көргөн сайын, кыйраткан сайын жаратылыш сүйүү берет. Айласы, амалы кеткенде гана бир силкинет жаратылыш. Эсибизге келе түшөбүз. Кудайлайбыз андайда. Аз убакыт баарын унуттурат. Баягы таз кейпибизге түшөбүз. Сезимибиз, көрөгөчтүгүбүз, өзүбүз менен да жаратылыш менен да гармонияга келе турчу касиетибиз да ойгонот бир күнү! Адам адам экенин эстейт. Дүйнөдө тынчтык, тазалык, адамгерчилик бааланган мезгил келерине үмүттүүмүн. Азр жан дүйнө тынчтыкты, гармонияны, ден соолукту эңсеп, талап кылып турат. Чамгарактабай, туналычы... #жөнэлеойлор
12244   331
13.12.2019
Фейсбуктан бир аял атасы кетип калганы үчүн балдарынын жанын чыгара сабап аткан видеосун көрдүм. Кыргыз келин. Сабаган сайын "Атаңды чакыр! Чакырбасаң, мен да ошентип кетип калам" ж.б. сөздөр мн коштолот. Мен жакын арадан бери эмнени түшүндүм , билесиңерби? Аял баланы эркек үчүн эмес өзү үчүн төрөш керек экенин түшүндүм! Анткени эркегиң басып кеткенде, балаң сага да кереги жок болуп калат. Сага, көңүлүңө оору алып келген үчүн ошол адамдын уругун жек көрүп, ошондон өчүңдү алгың келет. Өзүң үчүн төрөгөндө, балаң сага керек экенин билгенде ошо таштап кеткен ата сөрөйдөн көз каранды болбойсуң! Сырткы терс кубулуштан, стресстен калкалагың келет баланы. Анын бактысы, күлкүсү бийик турат! Төбөң мн жер казсаң да, чымчыкча тамагын ташып, кийимин таап, чарк айланасың жана аны колко кылбайсың! Алимент күтүп, келишин жолдоп, акчасына, көңүлүнө зар болбойсуң! Анткени бала сеники жана сага укмуштуудай бакыт алып келүүдө! Атасын бактылуу кылыш үчүн гана төрөбөй, өзүң каалаган үчүн, баланы эңсеген үчүн төрө! Эртеңки күнү атаңар кетип калганда ызаңарды баладан чыгарып, кордобойсуңар! Эч кимден жардам күтпөгөндү, өзүңөрдүн бутуңарга турганды, өзүңөр үчүн жашаганды, бирөөгө жашооңорду садага чаппаганды үйрөнгүлөчү, аялдар! Биз аялуу, аяр, мээримдүү, сүйүү толгон жанбыз! Биз айланага ызаабызды, жек көрүүбүздү чачпашыбыз керек!!! Өзүңдү сүй! Сүйүүгө тол! Сүйүүдө бол! Тем более, эркекти кармап калыш үчүн төрөбө! Кеткиси келген эркек он балаңдын башын аттап да кете берет!!!!