Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3840   82
13.12.2019
Режиссер @suiun_otkeev экөөбүз 10 жылдан бери доспуз. Он жыл аралыгында анын режиссерлугунда чоң сынчысы мен болдум, менин актердук жаатымда менин сынчым ал болду! Эң чоң сырдашым! Бир отурганда төрт - беш саат черибиз жазыла сүйлөшмөйүн болбойт! Сөздүн түгөнүшү кыйын! Досум экөөбүздүн достугубузду багышып, туура мамиле кылган жубайына ушундай ыраазымын! Он жыл дос болсок да, экөөбүз алгачкы жолу чогуу иштештик. Досуңдун киносунда ойнош кыйын экен. Жоопкерчилик чоң. Досум ишенич артып атса, актасам экен деп атып, ойнойсуң! Актерлор да сонун тандалды! Асылбек Өзүбеков, бөлөм Аскат Сулайманов, "Дэм " театрынын актерлору жана кинонун көркүн ачкан постердеги сулуу кыздар! Кыздардын достугуна ишенбейм, бирок кыздардын достугу тууралуу фильмге тартылуу кызык болду! "КыялКЭШтер" деп аталат! Жаңы жылга карата жаңы фильм кабыл алыңыздар! 26 - декабрдан баштап баардык кинотеатрлардан көрүңүздөр! Кыздуу үйдө пул жатпайт!)))))))))
5272   79
16.12.2019
Мен эмнени түшүндүм. Элдин көбү өз аркасын гана ойлоорун түшүндүм. Досум,- Өзүңдү куткармайын, өлкөнү кантип куткарасың? Курсагы ачка бийиктикти ойлоно албайт. Курсактын камын ойлойт,- деди. Аң сезимибиз жетиле элек, курсагыбыз тое элек шекили. Чамгарактаганга эрте көрүнөт. Кайсы өлкөнү мекен кылам дегени көп тегерегимде. 2020 - жыл - акыркы үмүт. Кол түшүрүп, келечектен күдөр үзүлүп, өз деген өздүгүң иштеп, сай сайлайбыз. Өзүбүздүкүн агалай албай, өңгөнүкүн сагалаганы кетет окшобойбузбу? Соодагерлерлик деле каныбызда жок эле. Илгери бабалар соода кылганды намыс көрчү экен. Бирок соолашууну ушундай жакшы үйрөнүптүр урпактар. Мекенин, жерин, жакынын түгүл көчүгүн, көчүгү бүтүп, жанын кошо соодалап, ыңгайы келсе сатып ийип жатышат. Менеджменттик, маркетологдук сапатыңарда жакшылыкка колдонсоңор деле ажеп эмес болчу. #жөнэлеойло
3727   68
08.03.2020
Бул Асланайым. Цирк дүйнөсүнүн ханышасы. Каскадер. Ат жалынында укмуш ойнойт. Жаа атат. Кыргыздын байрагын 17 жашынан бери көтөрүп жүрөт. Тилекке каршы, былтыр Сауд Аравиясында уюштуруучулардын жоопкерчиликсиздигинен улам кырсыкка кабылып, эки аттын ортосуна буту кыпчылып калып, бүгүнкү күндө майып болуп отурат. Ата - энесинин жалгыз караган кызы. Операция жасалган. Март айында дагы бир операция кылуусу кажет. Күнөөкөр тарап да эч кандай каражат бөлгөн эмес. 8 - март Аялдардын күнүндө көмөк көрсөтүп, көңүлүн көтөрөсүңөр деп ишенем. 4 миң сом айлыгына карабай, башка өлкөнүн чакыруусунан, мыкты шартынан баш тартып, желегибизди бийик көтөрүп жүргөн кызыбызга бир туугандык кылалы! Атайы элсом капчык ачтык. Көп түкүрсө көл болот! Бири бирибизге бөлүшүп, көмөк кылып жибереличи? 0776 270388 Элсом @itsaslboss бул анын жеке баракчасы. Жеке көмөк көрсөтөм дегендер жазыңыздар.
Загрузка...
2715   67
27.03.2020
Ушул асыл адамдардын, ушул бийик кесиптин кадырына эми жеттик ээ? Алар биздин көзгө көрүнүш үчүн сөзсүз эле адамдар өлүп, карантинге жабылып, чүмкөнүп, үйдөн чыкпай калышыбыз керек беле? Балдарыбыз үйдө болуп, сабак окутуу эмне экенин, мекендештерибиз ооруганда медиктердин көзүн карап, жалдырап жиберип жатабыз. Өмүр бою эле алар каражанын карч уруп келе жатат. Көрбөптүрбүз...Кыргызстандагы адамдардын билимин, медицинанын абалы кандай экенин көрдүк! Мен ойлойм, ушул апаат бүткөн соң, оорукана жабдыктарын жаңылап, мектептерди салып, билим жаатта күчтөндүрүп, алардын маянасын көтөрүп, көбүрөөк салым кошуп, көбүрөөк жөлөп - таяйбыз деп! Маяна өңгөсүн коюп ушулардыкы көбөйсө, билимдүү жаштарыбыз көбөйөт жана калктын саламаттыгы мыкты болот! А бул өнүгүү жолунда эң башкы факторлор! 2020 - жылы жаңы шайланчулар, биз сиздердин программаңыздарда ушул эки пунктту күтөбүз!
3660   65   60106
01.04.2020
- Артис болбойм! Музыкаңар да мага жакпайт" так кесе айтты. - Ким болосуң, балам? Эмнени каалайсың? - Механик, инженер, архитектор, же программист. Бирөөнү тандай элекмин. Балаңдын каалоосу, сезими мн эсептешүү, өз жашоосу мн жашаганга уруксаат берүү абдан маанилүү экен. Чоңдордун эң чоң жаңылыштыгы - таңуулоо. Өз пикирибизди, каалообузду, кыялыбызды таңып берип, "Өмүр бою көтөр!"- дейт экенбиз. Анткени "Биз чоңбуз да", "Тажрыйбалуубуз", "Биз жакшыраак билебиз", "Мен ата - энесимин да" түшүнүгү жашайт. "Мен төрөгөм! Мен билемдикке" салып алып, колубузга камыр карматып койгондой, каалагандай ийлейбиз! Өз эрки жок, көз каранды, чечим чыгара албаган адам каяктан чыкты, кимди тартты суроосунун үстүндө эзилебиз кийин. Экинчи катабыз алардан эң чоң жетишкендикти күтүү. Биздин күткөнүбүздү аңдап, күткөнүбүзгө жараша жыйынтык чыгарам деп миң ирет стресске кирет, көйгөй табат, жан дүйнөсү кыйналат. Мен балама бере турчу эң чоң белек: Сүйүү, Мээрим, Билим, Эркиндик. #Ариет #баламбактым #жөнэлеойлор
2284   63   40615
11.05.2020
Бул баш кийим шөкүлө деп аталат. Кыз турмушка узап атканда илгери кырк өрүм чачын жандырып, жеңелери эки өрүм кылып өрүп, шөкүлө кийгизип, кошок кошуп узаткан. Кыргызда кызды "Эти биздики, сөөгү силердики" дешкен. Анын мааниси биротоло кыз кайын журттун бүлөсү болду, сөөгү ошол жактан чыгат дегенге кептелген. "Эрден чыкты" деген түшүнүк болбосо керек ал учурда. "Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт" деп эби жок эле төркүнүнө каттай бергенди жакшы көргөн эмес. Кызды келин кылып алып келген соң , кайын журту шөкүлөсүн чечип, башына элечек орогон. "Элечек ороо" салты да өзгөчө өткөн. Орогон аял бүлөлүү, бала бакыралуу, барктуу аял болгон. Жаңы келин да анын жолун жолдосун ырымы ал. Бул шөкүлөнү, кийим кечегибиз, элечегибиз, шөкөтөөлөрүбүзгө чейин жасап, карап, кыргыздын каадасын, салтын, маданиятын улап, дүйнөгө таанытып жүргөн жанымдагы эжем Айдай Асангулова. @kiyizduino