Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
4203   124
20.05.2020
))))) тим эле окшошуп отуруп алганыбызды кантели? Интервьюну монтаждап келип, көргөзүп аткандагы кербез. Кафе ызы - чуу. Чала - бучук чыккан үнүн уга албай убарабыз. )) Сонун съемка жасап келдик деп ичибизде кудуңдаган кубаныч бар. Маектин арты мн далай адамдын энергиясын, жан дүйнөсүн көрүүгө, аны элге көрсөтүүгө өбөлгө түзүлүп атат. Саясатчылар болобу, сахна адамдары болобу, сырттан билгеним менен жан дүйнөсүнө сүңгүп, жакындан эч кимисин тааныбаптырмын. Ар бир адамдын ааламын ача келсең эле бир чоң дүйнө жатат. "Жаман киши жок. Жөн гана жаман адаттары бар ". Жакшы айтылган кеп. Алманбет мырзаны сырттан карап "Менден бетер бапылдаган кандай неме?" дедим. Бирок кепке тартып, жан дүйнөсүн ача келгенде сонун адам чыкты. Чыныгы жүзүн көрсөттү. Бапырактап, шамалдай шуулдаган, куюн болгон байкенин ары жагында жөнөкөй, ата - эненини мээримине зар болуп өскөн, ар кыл жолу бар адам чыкты. Баарыбыз бетибизге башка адамды жамынып, жан дүйнөдөгү чыныгы жүзүбүздү жашырат экенбиз. Бет капты алып, дүйнөсүн сууруп чыгуу мага жакты. Чыныгы жүзүңөр кандай сулуу?! Аны эмнеге жашырабыз бирок? Экөөбүздүн сырдашуубузду ютубдан менин каналыман (Назира Айтбекова) көрүңүз: https://youtu.be/WuXqs9rhqf8
6438   121
01.12.2019
Илгери интернет жок далай айыптар айран болуп төгүлбөй калгандыр ээ? Болбосо, уят, ыйман, намысты эң көп кыйкырган улуу муундун ар кыл окуяларын угуп, төбө чачың тик турат. Улуу муун мн көп сүйлөшөм. Алардын дүйнөсү, жаштыгы, көз карашы, баскан изи кызыктырат. Эң интригага жакыны , бут тоскон жагынан мыктысы да улуу муун экен байкасам. Жаштар интрига мн иши жок. Биз психологияны, эзотериканы, өзүн өзү өнүктүрүүнү окуп, карма, бумерангдарды жакшы түшүнгөнүбүз үчүн, ар бир кылыгыбыз кайсы комплекстен келип чыгып атканын, кайсы сезим кандай таасирин тийгизерин билгенибиз үчүн жазганып тураттырбыз. Бул менин жеке тереземен баш баккан көз караш. Азыр интернет булактары активдүү болгону үчүн жел чыкса деле шамаал болгондой көрүнүп, кыбыр эткенибиз кырды ашкандай эле болуп жатат. "Азыркы жаштар ал эле бул эле, апийимдин гүлү эле" дээрден мурун жаштыгыңарга бир кылчайыңыздар. Улуу муундун, залкарлардын, баатырлардын жашоосун, таржымалын, өмүр баянын окусаң эле бири бирине көр казып, көтөрүп чапмайлары, ириген интригалары айтылат. Интригасы күч улуу муун качан гана бийликтен кетип, таза кандар киргенде көп нерсе өзгөрүлөт, оңолот. Улуу муундан күткөнүбүз көч башында туруп, көрөгөчтүк, даанышмандык касиеттериңерди иштетип, тажрыйбаңардан чыккан кеңешиңерди берип, каны кайнап, иштегенге иши, тиштегенге тиши турган жаштарга жол бошотуп, колдоо кылып турсаңар, керемет эмей эмне?! Тең тайлашып, талашып, чалып, ушагыңарга малып атсаңар, сыйды кантип күтүүгө мүмкүн болот?! Улуулар улуулугун билгенде кичүүлөр кичүүлүгүн кылат. Улуулукту күткөн кичүүлөрдү айып этпеңиздер, улуулар! #жөнэлеойлор
Загрузка...