Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5742  
01.12.2019
Аялдын түрү болот. Үйдүн аялы бар. Үйгө кут төшөйт. Аны менен жылуулук кирет. Ырыскы төгүлөт. Үйүңө келсең, таза, тыкан, тамактын даамдуу жыты турат. Балдарды бапыратып төрөп, тууган - урук мн катташат. Ал чыныгы аял. Бакыт тартуулай турчу аял. Сырттагы аял бар. Үй мн байланбай турчу аял ал. Даамдуу тамак жегенди жактырат. Жасап эмес жасатып жеген жагат. Ишин сенден да катуу сүйөт. Иш дегенде ичкен ашын таштай чуркайт. Ак кол, ак чүч болот андайлар. Өзүн сүйүүсү мүмкүн, өзгөгө жетпей калат ал сүйүү. Өзүнүн тынчтыгы, эркиндиги, жыргалы алдыда турат. Эгерде сиз экинчи түрүнө кире турган болсоңуз, сураныч, бир эркектин бактысын байлабаңыз! Кыйратпаган соң, тийип не кажет? Биринчи түргө кире турган болсоңуз, андайлар жолдо калбашы керек! Сөзсүз турмуш куруп, бактылуу болуңуз, бапырата төрөңүз! Турмуш кураарда эркек да, аял дагы мен бирөөнү түбөлүккө бактылуу кылганга кудуретим жетеби деп миң ойлонуп , бир кесиңиз! Өзүңүздүн бактыңызды эмес өзгөнүн бактысын бузган жаман. #жөнэлеойлор
4755   192
01.12.2019
Жаңы жыл сезими болгону үчүн кышты сүйөм. Жомоктор жашообузга кирип, жашың кереметке ишенген жаштан алда канча өтсө деле, ошол ишеничке сүйрөгөнү үчүн сүйөм. Кышты лапылдап аппапакай болуп жааган кары үчүн, кышкы эс алуу, кыштан кийин келе турчу жаз үчүн сүйөм. Ар бир мөөнөттүн, ар бир мезгилдин, убактын түстүү боегу, ар башка даамы бар. Таттууну эле сүйбөгөн сыңары, кээде кычкыл, кээде ачуу, кээде туздуу сүйөбүз, эңсейбиз. Өйдө - ылдый ойлор, ак - кара турмуш, ысык - суугу, катуусу - жумшагы бар үчүн бул жашоого тойбой, дагы жашагыбыз келсе керек. Кээде наалып баратып, "тык" токтойсуң. Наалымаң "шүгүр" сөзүнө айланат. Жаратканга тобоо келтирип, жакаңды кармайсың да, наалып аткан нерсеңди кабыл алып, кадам таштайсың. Олку - солку болуп турбаса, пайдасы болмок беле жашоонун?)) Шүгүр, Жаратканым. Жадымымдасың. Жардамыңды туюп турам. Ар бир бергениңе ыраазы, пендең. #жөнэлеойлор
3809   196
01.12.2019
Чоң энем..өлгөнүнө таарынып жүрдүм көпкө. Энем мени кантип таштап кетти дедим? Куудураган алаканын жүзүмө сүртүп, таттуу жытын жыттай албай, баарынан качканда күрөң костюмунун ичине башымды ката албай, тизесине жатып алып, даттанып ыйлай албай, түшүмө кирген сайын өпкөм көөп, көз жашым жүзүмдү жууп, кучактап алып ыйлайм. Энем тагдырына карама - каршы келе албаган чыгар, же балким мени күндө көргөндүн айласы ушул десе керектир. Ата - энем ажырашканы эки жээкте калдык. Сагынычыбыз артып, эки дөө согушканда кор болгон эки чымын биз элек. Энемдин көлөкөсү сыңары, этегинен чыкпаган жаным энемди этеги жок дан дүйнөм үшүп, коркуп, жалгызсырап жүрдүм. Өлгөндөн кийин кудайдын куттуу күнү күндө келди түшүмө. Тизесине отурам мурункудай, бабырап сүйлөп берем. Жаңылыгымды айтам. Жытын жыттайм. Энемдин да, менин да кумарым канып, көкүрөгүбүз толуп, жыргап калабыз. Азыр түшүмө кирбейт. Кааласам да, чакырсам да изи жок. Киндик байланышыбыз үзүлүп калган сыңары алыс. Энем мага ынак эле. Уулум айткандай периштеликтен баш тартып, жанымда болуу үчүн балким кайра жаралгандыр. Жанымда жүргөндүр...деп жоошутам. Энемен кийин баардык энелерди жакшы көрдүм. Энемдин жылуулугун издедим, мээримин күттүм....бирок эч ким энемчелик боло албады.
6438   121
01.12.2019
Илгери интернет жок далай айыптар айран болуп төгүлбөй калгандыр ээ? Болбосо, уят, ыйман, намысты эң көп кыйкырган улуу муундун ар кыл окуяларын угуп, төбө чачың тик турат. Улуу муун мн көп сүйлөшөм. Алардын дүйнөсү, жаштыгы, көз карашы, баскан изи кызыктырат. Эң интригага жакыны , бут тоскон жагынан мыктысы да улуу муун экен байкасам. Жаштар интрига мн иши жок. Биз психологияны, эзотериканы, өзүн өзү өнүктүрүүнү окуп, карма, бумерангдарды жакшы түшүнгөнүбүз үчүн, ар бир кылыгыбыз кайсы комплекстен келип чыгып атканын, кайсы сезим кандай таасирин тийгизерин билгенибиз үчүн жазганып тураттырбыз. Бул менин жеке тереземен баш баккан көз караш. Азыр интернет булактары активдүү болгону үчүн жел чыкса деле шамаал болгондой көрүнүп, кыбыр эткенибиз кырды ашкандай эле болуп жатат. "Азыркы жаштар ал эле бул эле, апийимдин гүлү эле" дээрден мурун жаштыгыңарга бир кылчайыңыздар. Улуу муундун, залкарлардын, баатырлардын жашоосун, таржымалын, өмүр баянын окусаң эле бири бирине көр казып, көтөрүп чапмайлары, ириген интригалары айтылат. Интригасы күч улуу муун качан гана бийликтен кетип, таза кандар киргенде көп нерсе өзгөрүлөт, оңолот. Улуу муундан күткөнүбүз көч башында туруп, көрөгөчтүк, даанышмандык касиеттериңерди иштетип, тажрыйбаңардан чыккан кеңешиңерди берип, каны кайнап, иштегенге иши, тиштегенге тиши турган жаштарга жол бошотуп, колдоо кылып турсаңар, керемет эмей эмне?! Тең тайлашып, талашып, чалып, ушагыңарга малып атсаңар, сыйды кантип күтүүгө мүмкүн болот?! Улуулар улуулугун билгенде кичүүлөр кичүүлүгүн кылат. Улуулукту күткөн кичүүлөрдү айып этпеңиздер, улуулар! #жөнэлеойлор
5963  
28.11.2019
Адам толукшуп, бактылуу болуп, канат байлап турганда иши кадимкидей жүрүшүп, энергиясы ашып - ташып, колунан баары келип, элдин да назарына эгедер болуп, көп иш бүтүрүп, жолу да шыр кетип, өзүнө өзү сулуу көрүнүп, элге да жагып, ырас эле төрөлүп, ырас эле жашап жатыптырмын деген ойго кептелип калат! Дүйнөдөн кынтык , өзүнөн кемтик таппай, төгөрөк төп келишип, атайы издесең да мүчүлүштүк кыйын болуп, жашоо өзгөчө өңүткө чыга келет. Маанайың бузулуп турган кезде, бечелге жөтөл жабышып, аксанга муштаган болуп, үстөккө босток үйүлүшүп, ишиң ичинен чыкпай, түз кетпей ийри жүрүп, ичкениң ирим болуп, иштериң ирип кетет. Тогуз толгооң бир келип томолонуп, толгонуп, оңунан чыкпай, солунан кетип, кыйчалыш жүрүп баары, кыйналып жаның, кыйышка туура келип, кынтыгы бүтпөй табылып, куурайсың. Күзгүдөн карасаң, күлүмсүрөгөн эч ким жок, кебетең огош бетер келишип, жүдөө чыга келесиң. Ишиң жүрүп, итиң чөп жеш үчүн дайыма жакшы толкундан түшпөй, каткырык, позитив бар жерде жүрүш кк окшойт. Ал толкундан үңүрөйгөн, наалыган толкунга түшүп калдың дегиче өлдүң! Наалыта турчунун баары ээрчишип келет. Кээде жолумду таппай, караңгылык келген учурда көйгөйүмдү көтөрө албай калганымда Жаратканга жалынып туруп, өзүң каалагандай чечип бер деп, колуна салып, тапшырып берем. Көп учурда Жараткандан талашып алып, өзүм жасайм деп тырбалаңдай беребиз. Саздын түбүнө түшүп кеткенге чейин тырбалаңдайбыз. Ошон үчүн ситуацияны кое берип салам. Ойлонбой жүрө берем. Оюмдун баарын башка эле нерсеге топтойм. Түбөлүгүң түз болсо, түйшөлгөндөн не пайда дейм. Бир күнү убагы келгенде ар бир ташы өз ордуна отурат. Ошого бекем ишенем. Отузга келгиче үйрөнгөнүм ошол. Ошон үчүн позитивде, жакшы толкунда жүрөлү, жакшыларым! #жөнэлеойлор
5206   296
28.11.2019
Кечээ бир таанышым бирөөнө чалып, - Баланча деген сенин жумушуңда иштейт экен. Ошону көтөрүп коюш кк болуп атат,- дейт. "Баланчаң анан мээси бош болсочу? Ал жакты өнүктүрө турчу бирөө келсе жакшы эмеспи?! Тааныш - билиш кылган уят эле! - дедим. Унчуккан жок. Ушу тааныш аркылуу жалаң көк мээлер алдыга жылып, мээси барлар көрүнгөн жумушта жүрөт. Ушу башыма жүн чыкканы көлдүктөр келип, " Көлдүк экенсиң. Жардам берип коелу"- дегенин укпаптырмын. Менин туугандарым деле мени мн иши жок. Эмне кылып ким жүргөнүмдү деле билишпесе керек. Депутаттарыбыз мн деле бири бирибиз мн ишибиз жок. Кандай депутатыбыз бар экенин деле билбептирмин. Уран казылып жатканда кыйкырып жүрүп, эки штук депутат бар экенин көрүп, тарс жыгылгам. Тууган - уругун ээрчитпеген президент керек десеңер, (үч жылдан кийин дейм да) биз тарапка ышкырып койгула. Анын президент экени мн деле ишибиз жок , анын деле биз мн иши жок жүрө беребиз. Силерди бирөө түртмөлөп атканда колуман келеби деп сурап койгула да өзүңөрдөн! Жердешчилик, тууганчылык, тааныш - тунуш деген болбош кк экен өсөлү десек. Адам каяктан болбосун кесипкөйлүгүнө, адамгерчилигине каралсын! Ар бир облустан укмуш сонун досторум бар. Алар мн достошуп атканда жердигин, чөнтөгүн, динин, ж.б. сын караган эмесмин! Жүрөгүнө үңүлгөм, жүрөгүн сүйгөм. Жүрөгүнө үңүлөлү адамдын!
Загрузка...
373  
26.11.2019
Приближается Новый Год🎄❄️ - праздник волшебства✨ и сюрпризов🎁! Каждый год наши родители и родные дарили нам подарки и радовали нас. Пришел наш черед отблагодарить наших родных и близких и подарить им волшебный вечер👍🏼! 🗓18 декабря ресторан "Алтын Казына" организует специальный новогодний вечер "Ата Энеме Жаны Жылдык таазим". Вас ожидают: - интересная шоу-программа - живая музыка 🎶 - выступления кумиров наших родителей - конкурсы и куча призов - ну и конечно же аппетитные блюда ———— По вопросам бронирования 🔹Банкетный зал Алтын Казына и VIP-зал📲0555447575 Наши родители заслуживают лучшего! Подарите родным волшебный новогодний вечер. ———— Сыйкырдуу майрам Жаңы жылга аз калды. Жыл сайын биздин ата-энелер жана жакындар белегин берип, бизди кубандырып келишти. Эми биздин кезек! 18-декабрда "Алтын Казына" рестораны "Ата Энеме Жаны Жылдык таазим" аттуу атайын жаңы жылдык иш-чара өткөрөт. Сизди төмөндөгүлөр күтөт: - кызыктуу шоу-программа - жандуу музыка - ата-энелерибиздин кумирлери - сынактар жана белектер - даамдуу дасторкон Биздин ата-энелер мыктыга татыктуу! Жакын адамдарга укмуш кече белек кылыңыз! ——— ""Алтын Казына"" банкеттик залы жана 🔸VIP-зал 0555447575 🔹Mary Park залы жана ""Monroe” бары 0555331131 #АлтынКазына#банкетбишкек#ресторанбишкек
9440   295
24.11.2019
Раим айсбергдин чокусу эле. Бир эле үлгү, бир эле көрүнүш, бир эле мисал. Алдында кандай гана чырмалышкан коррупция жатат. Баскан изибиз коррупция. Кеп Азаттыктын маалыматына эле дүрбөп жатабыз дегендик эмес. Ал маалымат болсо да, болбосо да ичибизде дүрбөлөң жүрүп жатат. Баарыбыз эле бул маалыматты мурунтан билгенбиз, туйганбыз. Ызырынганыбыздын себеби, жөн эле бийликтин кайдыгерлиги, көңүл коштугу, унчукпастыгы, иштин үстүн өрт - бас кылууга аракет жасоосу, калкалоосу. Жеке эле Раимди эмес. Жалпы коррупционерлерди. Эртең эле жаңы шайлоо болот. Аз калды. Маанилүүсү ошол шайлоодо күнү мага тийет деп эле трайбалисттик көз карашты курчутуп, өзүң жакты сүйрөй берүү эмес же акчасы көп экен деп ыргыткан жугундусуна эртеңкиңди сатуу да эмес, чыныгы күйгөн, билимдүү, илимдүүлөрдү сүйрөө, аларга көмөк болуу! Буга чейин бир да шайлоодо иштеген эмесмин. Бул сапар иштегим келип турат. Мейли алып баруучу, журналист, мейли актриса, блогер, мейли аны жарнамалоого катышып, айтор татыктуусун сүйрөгүм келип жатат. Акчасы жок бирок күчтүү бирөө болсо, бекер иштегенге да даяр бололу! Жапа тырмак киришип, ынтымагыбызды күчөтсөк эле колубуздан келет. Күчтүү бирок шайлоого катышканга акчасы жок балдар - кыздар толтура! Шайлоого сөзсүз эле бизнесмендер, соодагерлер, криминалдар катышышы керек эмес! Шайлоого мугалимдер, юристтер, карапайым калктар да катышышы керек! Өлкөмдү көтөргөндөр келсин ! Эзели маршруткага түшүп көрбөгөндү, эзели айылды аралабаганды шайлап алып, карапайым калкты көтөр дейбиз! Ач бала мн ток бала ойнобоорун билбейбизби? Элиме жана эртеңкиме болгон салымым балким ушу болоор! Колуман келгени ушул экен. Сахналаш кесиптештерим да колдойт деп ишенем. Анткени алардын арасында эртеңки күнүбүзгө кайдыгер карабаганы, сатылбагандары бар!
11772  
22.11.2019
Менин балам, баламдын балдары кандай өлкөдө жашайт? Ошол мени тынчсыздандырат! Бүгүнкү күндө өлкөнүн абалы, саясый абал мени канааттандырбайт. Эртеңки жарык келечегибизден күмөнүм бар. Ишенип, күтүп, ообузубузду ачып жүрүп, отуз жыл өттү. Эки төңкөрүш, бийликке каршы күрөш оңунан чыккан жок жана майнап берген жок. Жөн эле бөөдө өлүм болду. Мурункунун акчасын кийинки ээлеп, иштемиш болгон сүрдү көргөзүп, жең ичинен ичип - жеп, ирип келе жатышат. Кыргызстандын жараны катары жана уулумдун келечегин ойлогон эне катары коңгуроо кагам. Туура эмес жолдо баратабыз! Туура эмес адамдар бийликте отурат! Кимдин эмнеге шыгы бар, колунан кандай кокон келет көрдүк. Шайлоо жакындап калды. Көзүбүздү чоң ачып, көкүрөгү тазаларга шайлап калсак, кутулганыбыз. Эски адатыбызга сала турган болсок, ушуну менен үмүтүңдү үзүп, өз алдынча ар кимиң оокатыңды кыл дегендик. Ансыз деле оокатыбызды кылып жүрөбүз деңизчи бирок биротоло өлкөм, желегим, мекеним деп өпкө какпай калаарыбыз бышык. Анткени белчебизден сазда болобуз. Уурдап жетишкендер келемиштей чөгүп бараткан кемеден качкан сыңары кача берет. Менин балама, сенин балаңа океандын түбүндө баткан кемедей өлкө калат. Азыркы тапта ар бирибиз биригип, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Манас атабыздын жети осуятын кыт кылып куюп, үмүттүн шамын жагып алып, керт башыбызды ойлобой келечегибизди ойлоого мезгил келди! Эски көздөр этегиңерди жыйып, жаңы көздөргө орун бергиле!
6553  
21.11.2019
Жашоомдо көп жакшы кыз көрдүм. Кудум эле энем сүрөттөгөн зымга тарткандай зымырайган кыздар. Ушунчалык ыймандуу, дүйнөсү таза, баеоо кыздар. Энесинен бөлөгү жыттай элек! Бирок жалгыз! Эркек мн ээрчишип көрбөгөн немелер! Жашы 30 га таяп калганы, отуздан өтүп калганы да бар. Жалгыздыктын себеби: ылайыктуу мырза жок . Ылайыктуу мырзаларды ылайыксыз кыздар түнкү клубдан кийин ээрчитип кетип, мурдуна чүлүк салып алышкан. Берки мен тааныган кыздар үй - жумуш маршрутунан сырткары чыкпайт. Кафе, клуб, эс алуучу жайлардан издесең таппайсың. Кээде тамашалап, кыйшактап койгула да анча - мынча деп калам. Дегеним мн дээринде кыйшактагандык жок болсо, кантмек эле? Жеңил - желпи жүргөн, ачык айрымдар, кашты серпигенди билгендер, "тажрыйбалуулардын" товары бат өтөт экен байкашымча. Шыңкылдап, шылкылдап атып эле имерип алышат. Эркектерге төшөгү таттулар, өңдүү - түстүүлөр маанилүү окшойт деп калдым. Ыя, не дедиңер? Калп эле жан дүйнөдөн кеп кыла бересиңер го, негизи)))))) #жөнэлеойлор