Nazira Aytbekova
@naziraaytbekova
Nazira Aytbekova

Подписчики: 944672
Посты: 2249
Подписки: 738

https://www.youtube.com/channel/UCzhziVlpQXR3RIc2MQ63qAg?view_as=subscriber\u0026pbjreload=10


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6536  
05.11.2019
Жаңы ажырашканда эркектен алгач көңүлүң айланат. Тим эле итиркейиң келет! Баары эле оппокшош бп бир эле "бабник", "сволуч", "калпычы" "жеткен шүмшүк" бет кабын кийип алгандай көрүнөт. Көргөндө эле тырмана баштайсың, аллергия болуп. Өзгөчө "движение " кылып баштаганда тим эле "котур" болгон немедей эле тырманасың! " Экинчи эрге тийсем элеби! Өзүңө өзүң өмүр бою жалгыз жашап өтөм!" деген ант бересиң! Убакыт өтөт. Кечиресиң. Жүрөгүң жумшарат. Мээңдеги ылай тунат. Көп нерсе көрүнө баштайт, көзүң ачылат. Жаныңа жуутпай, "Желкемдин чуңкуру көрсүн! " дегендер мн сүйлөшүп көрөсүң. Сүйлөшсөөөөң эле ары жагынан жакшы эле адам көрүнө баштайт. Дагы жакшылап үңүлөсүң. Үңүлсөң эле алардын да сеникиндей жүрөгү, көңүлү, сезими бар экенин байкайсың. Ишенбейсиңер бирок "однолюбдарын" да кезиктирдим. Болгондо да аялдан көңүлү калып, экинчи аял алсам элеби дегендер! Анан аларды аяй баштайсың. Энелигиң ойгонуп, өлүп калган ичиңдеги "аялдыгың" тириле баштайт. Кээде ушунчалык аяйсың, жолунан адашып жүргөнүн көрүп, жетелеп, жолун таап, көңүлүнүн канаганын көрүп, таңып бергиң келет. Бергиң келет бирок коркосуң! Мурунку жашооңду, таарынычыңды кое бергениңдин белгиси алгач башкаларды сени сүйүүгө уруксаат бересиң. Анан ичиңдеги кандайдыр бир инстинкт "Түгөйүңдү тап!"деп укуй баштайт. Бирөөгө башыңды жөлөп, эркелегиң келип, жүрөгүң сүйүү издейт. Ким жакшы сүйлөсө эле, "болочоктогу түгөй" деген текчеге теңей баштайсың. Мурунку тажрыйбаң жардамга келет. Мурункусу мындай болчу. Демек, тигиндейи керек деген эсеп - кысаптар башыңда пайда боло баштайт. Иши кылып өткөндөгү каталар кайталанбашы керек. Ошон үчүн кыздар, балдар, ооруган жүрөк айыгып, өлө албай жатып, өлөң айтат болуп, жаратынан жаңы айыгып алып эле жүрөк кургур сүйгүсү келе баштайт экен. Баары бүттү дегендер, бүтө элек! #жөнэлеойлор
7943  
03.11.2019
Чамгарактаган жан дүйнөнү тынчытканда гана ылай суу тунуп, айлананы көрүүгө, тунук акыл мн ой жүгүртүүгө мүмкүн экен. Жан дүйнөңдө башаламандык жүрүп жатканда үстөккө босток ката кетиресиң! Алдыңдагыны көңтөрүп, далайды бүлдүрүп - сындырасың. Тынчытыш керек экен башкысы. Жан дүйнөнү тынчыт. Куюндай кайнаган ойду, энергияны бир калыпка сал. Тун, жаратылыш мн жуурул, өзүңдү тыңша. Өткөндө бир жакшы адам айтты эле. Кыйналып турсаң: 1. Жаратканга кайрыл. Сүйлөш, сыйын. 2. Жаратылышка чык. 3. Жакшы адам мн сүйлөш. Жан дүйнөңө даба тап. Көңүлүңдү өйүткөн көйгөй мн беттеш. Качпа. Ооруп аткан жараңдын ириңин жалкып качпай басып адып сыгып, ириңин чыгарып, микробун өлтүргөндө гана аның айыга баштайт. Качып жүрө берсең, далай сызып, ириңдеп, лукулдатып ооруйт. Акыры чоң көйгөйгө айланат. Өзүбүздөн өзүбүз качабыз. Сырттан душман күтүүнүн кажети жок. Өзүбүздү өзүбүз мүлжүп , өзүбүзгө өзүбүз көр казабыз. Өзүң мн достошуп, беттешкенди үйрөнгөндө көп жакшылык келет жашооңо. #жөнэлеойлор Сүрөттү @azamatkurmanaliev чекчейтти.
Загрузка...
8424  
31.10.2019
Кагылган каалганын баары эле дароо ачыла берсе, үмүттүн, сабырдын мааниси калат беле, уулум? Күткөндү үйрөн. Төгөрөгү төп келип, тузу кемибеген адам болбойт. Кемтигиңди толуктап, үзүлгөнүңдү улап, чачылганыңды жыйнап отуруп гана бакыттын , жеңиштин, өрүштүн даамын билүү мүмкүн. Аңга түшкөндөн коркпо. Бир жолу түш! Андан кийин алдыңан чыккан миң аңды аттап өтөсүң. Бийиктикке чыккандан да жазганба. Алгач башың айланат. Дендароо болосуң. Атактын, даңктын жүгүн азаптын жүгүн көтөргөндөн да оор, балам. Апамдын мага үйрөткөн сабагын сага калтырам: "Жеткен чегим ушул десең, атагыңа мас болосуң. Дагы өсөм десең, жөнөкөй бол. Көтөрө бил." Башыңа бакыт кушу конгон кезде көзүңдү тунук тут. Май баспасын. Көңүлдү ток карма. Алкым деген жаман нерсе. Жан дүйнөң жетиле элек болсо, бакыт кушун кармап туруш кыйын болот. Аны багып, бапестегенди, бийик бийик учурганда билүү кажет. Оор күнүң келет. Башыңа мүшкүл түшкөндө жабалактаган дос да, тууган да азаят. Ал пендечилик, балам. Кекчил болбо, кечире бил. Кабыргаң майышып турганда ишенип анан таяна турчу тек Жараткан анан өзүң барсың! Эч ким сага милдеттүү эмес! Ата - энең дагы! Өзүңдө өзүң гана барсың! 18 ге чыгып, толук кандуу жаран болгуча насаатым, айтчу акылым, кеп кылчу кеңешим да болот. Чоң киши болгон соң, тандоону өзүңө коем. Жашоонун калемин колго аласың. Кандай чиймелесең да, өмүрүңдүн соңунда өкүнбөгөндөй бол! Шартсыз, милдет жүктөбөгөн, сенден эч нерсе үмүттөнүп, күтпөй, жашоодо бар экениңе кубанып, чын ыкласы мн жакшы көргөн апаң бар, балам. Караңгыда карайлап, калсаң, жарыгым сага белен! #жөнэлеойлор
8745  
29.10.2019
Аялдардын жан дүйнөсү мн тааныштырууну улантам. Бизди кулагы мн сүйөт дешет. Ошол чын! Кыз киши жылуу сөз уккандачы дароо эле кулак аркылуу кирип, жүрөккө барып тийет. Сөзүңөр "Сагындым", "Сүйөм", "Көргүм келип жатат", "Жытың сонун" ж.б.у.с жылуу сөздөрдү камтыганда ичибиздеги көпөлөктөр ойгонуп, мээдеги жана кандагы серотониндер, эндорфиндер ойгонуп, көз тунарып, жүрөктүн согушу ылдамданып, дене козголуп, көз коюлай түшөт. Бул ыкманы "бабниктер" жакшы билгени үчүн көп колдонот. Тилдин учунан гана сүйлөп, жан дүйнөсү аркылуу денесине кирүүгө аракет кылат. Эркектердин "бабник" сортунда жан дүйнө башкы максат эмес. Дене кумары - башкы максат. Мага окшош "карышкыр " келиндер жылуу сөз тилдин учунан же аркы көкүрөктөн чыгып атканын дароо аңдайт. Фальш ноталар кулакка тээп баштайт. Жаш, эч нерсени көрө элек кыздар андай "самопал" сөзгө тамтаңдап "мас " болуп калып, далай алданышат. Жан дүйнөдөн чыкканда гана жан дүйнөдөн орун алаарын эркегиң да, аялың билип алгыла. "Однолюб" деген да эркектин сорту болот. Көрүнгөн көйнөктү карап, көңүлү көрүнгөн жакта жүрбөйт андайдын. Көңүлүндө өмүр бою бирөө гана түнөйт. Менин оюмча "бабниктер" энесинин сүйүүсүн жетишээрлик деңгээлде ала албай калып, көрүнгөн аялдан сүйүү, жылуулук, мээрим издей бергендер жана өзүн сүйө албагандар. Өзүндө жок сүйүүнү башкага бере албай, кыйналгандар. Толук кандуу жетилген адам жетилген сүйүү мн сүйүп, өзүн да өңгөсүн да бактылуу кыла алгандар. Кыздардан деле көптү сүйгөндөр болот. Өзүн таппай, өзүнө эмне керек экенин билбей, кыйналып жүргөндөр болушу ыктымал. Өз адамын тапкан адам өзгөгө жабык болот. Көздөрү дале ойноп турса, жанындагы жары убактылуу дегенди билдирет. Ошооо. Иттей тажрыйбалуу өңдөнө берейин. #жөнэлеойлор ♥♥♥
5712  
28.10.2019
Ушунчалык шашмамын. "Сабыры жок. Түгөнүп калган" деген справка жазып берсеңиз жаңылбайсыз! Жыйынтыкты чагылгандан бат чыгарам. Туура жыйынтык болсо бир жөн. Ии кыйраттым дейсиң да! Кыйратпай калып, бармак тиштегениң болот. Былжырап, чоюлуп, эзилген кишини көрсөм, нерфффим түрдүү музыкада кол ойното баштайт. Тарса - турсмун. Бирок ошонум да тоскоолдук жаратат. Күткөндү, сабыр кылганды үйрөнсөм...Жараткан ар бир сабагында "Төбөң мн жер казсаң да, убактысы келмейин майнабы жок! " деп үйрөтөт. Ичимдеги бир үн жакшы чыйпылыктап "Күт. Кое тур. Ашыкпа. " дейт. Аны уккан бир киши барбы? Уффф, Назира, сабырдын түбү сары алтын экенин бир билсең! Ичимде бир нерсе эле кайнап, шашкалактап турам. Ошону басаңдатсам, жети жолу өлчөп кескенди, убактысын күткөндү үйрөнөм дейм. Дейм эле...убактысы келгиче куурулуп кетет заманам... Ичиңдеги өзүңдү өзүң соттоочуң чокудан ары бир койгондо гана ойгонуп алып ойлоносуң го! Дал ошол мезгил азыр. Бирок бир нерсени үйрөнүш үчүн жаңылыш керек деп жоошутам өзүмдү. Жаңылмайын сабакты кантип алабыз?
5181  
28.10.2019
Чоң энемдин ырым - жырымдары же доктурлугу : Очоктун жанына отургузуп алып, баланын эмгегин көрөт эле. Жүрөгү түшкөн деген диагноз коет жарыктык . Балканы алып, очоктун этегине отуруп алып, балканын учун жерге тийгизип, күбүрөнүп, баланын жүрөгүнө бир тийгизип, "жүрөк көтөрүү " ырымын жасайт да, акырында сөөмөйүн оозуна салып үч жолу апаптайт. Ал ырымы ачкарын жасалышы керек. Ошону үчүн биз уктап атканда таң атпай келин - кесек, бала - бакыралары мн келишер эле. Анан чоңдордун башын теңдейт. Башым ооруп жатат дегендерди отургучка отургузуп алып, атамдын курун алат да башын салып өлчөп - өкчөп, чойгулап, "тең - тең" деп сүйлөнүп, теңдей баштайт. Кадимкидей ооруп аткан баш токтоп, жыргап калышаар эле. Ичим ооруп атат десең, чалкаңан жаткырып алып, койдун майын ысытып келип, күбүрөнүп, "Менин колум эмес, Умай эненин колу!"деп баштайт. Сааттын жебесиндей, оң тарапка ушалап, көпкө сүйлөнөт. Анан тыбыт жоолугу мн таңып койсо, таң аткыча "былк" этпей уктайбыз. Шалдырап, кусуп калсам, нанды жетиге бөлө коюп, колуна уучтап алып, "Сук, сук, менин жаман кызымда эмнең бар? Чык - чык" деп күбүрөнүп, башыман таманыма чейин суксуктап чыгат. Ал учурда аябай эстеп, көзүнөн жашы куюлуп, кекирип, кыйналып чыгат. Бүткөн соң, токочту итке ыргытып жиберет эле. Болбосо, ушул эле ырымды кагаз мн жасачу. Кагазды жетиге бөлүп алып ырымдап, бүткөндө өрттөп салчу. А кокус түндө чочуп, уктай албай жатсам, макисин алып жаздыгымдын алдына макинин учу мн чиймелеп, макини коюп койчу. Мемиреп уктачумун. Ар бир ырымын "Быссымылда ракман райым" деп баштачу. Ал тургай чачымды тарап, өрүп берип атканда да жакшы тилек мн тарап, өрүп бүткөндө "Беш күндө белге жет, жети күндө жерге жет " деп чоюп - чоюп коер эле. Таң атпай энем экөөбүз туруп алып, түш жоруйт элек. Ар бирибиз бирибизге бирибиз түшүбүздү айтып алып жоруйбуз. Жаман түш көрсөм, сууга агыз деп сууга айттырып, "Түшүң түлкүнүн богу" деп коет. Көзүкпөсүн деп бетимди суу мн жууп, өзүнүн этеги мн аарчыйт. Тишим ооруганда атамдын тамекисин алып, аны күгүзүп, бир - эки соруп алат. Күйгөн чылымын гезиттин кенедей кесиндисине салып, оройт дагы тишимдин тешигине салып койчу. Айтор, толтура болчу ырымдар. #жөнэлеойлор Сүрөт:@nurtazimphoto