1570 15
11.03.2020
Коронавирус – бул адамзаттын башына келген апаат. Анын кара тумандай жайылып баратышы ар бир инсандын көңүл көйгөйүнө, жүрөк санаасына айланды. Деген менен, эпидемиядан коркуп, ызы-чуу салып, кымкуут түшүүнүн зыяны мол, бирок, ныпым пайдасы жок. Сыноо бир же бир нече адамга эмес, бүтүндөй коомдун башына түшүп турган соң, кырдаалдан бир муштумдай түйүлгөн ынтымак менен чыгуубуз мүмкүн. Ооба, ынтымак жана биримдик менен гана! Анткени, ынтымагы бар элдин ырыскысы мол болот. Ырыскы деген жакшылыктын келиши эле эмес, жамандыктын тосулушу. Ир алдыда ааламды заматта айланган вирус тууралуу суук кабарлар көңүлдү кыраа кылып турганда бири-бирибизге дем берели, маанайларды көтөрөлү. Кыйын күндөрдө бирибизге бирибиз эш болуп, колдоо көрсөтөлү. Ким кандай жагдайга тушукса да жалгыз калбасын, кандаштар, мекендештер жардам колун сунууга даяр экенин сезип, духу бийиктегендей болсун. Эгер, карантинге алынгандарды кармоого жайлар жетишпей баратса, ден-соолукту чыңдачу мекемелерде тек гана пофилактика үчүн дарыланып жаткандар кабагым-кашым дебей орундарын бошотуп бергенге даяр болсо. Бирөөнүн бир муктаждыгын чечсең, Жараткан сенин көп муктаждыктарыңды бүтүрүп берет! Кайрымдуулуктун, боорукерликтин мыйзамы ушундай. Анан жаман айтпай жакшы жок, эгер бирөө-жарым вирустан шекшинип жардам сураса, дарыгерлерибиз демейде боло жүргөндөй “катталган жериңе кайрыл!” деп сөөмөйү менен көчөнү көрсөтүп койбосо. Гиппократтын анты – документине, тек-жайына же дарегине эмес, муктаждыгына карап ар бир сыркоого чын ыкластан жардам берүүгө милдеттендирет. Капылет, “түкүнчөгө оору жугуптур” деген сөз таркаса, жийиркенбейли, жерибейли. Жийиркенүү – илдетти өзүнө чакырат дешет аалымдар. Жок дегенде ага ичибизден ак батабызды арнап, ак халатчандардын кароосуна тапшыралы. Дарыгерлерибизге ишенели. Эң оор милдет ошолордуку: илдетти алдын алуу жана бир балакет болсо өмүрүн тобокелге, көңүлүн санаага салып, дарылоо озуйпасы мойнунда. Бул Чолпонбай баатыр көкүрөгү менен окту тосуп, миңдеген омүрлөрдүн сакаталышына жана душмандын сазайын берүүгө огожо болгондой улуу эрдик. Дарыгерлерибизди аяп, колдоп, айткандарын аткаралы. ⤵
⬇⬇⬇