Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7607   97   34803
17.05.2020
Суудай таза, сезимтал назик гүлдөй, Жүрөк болбос эненин жүрөгүндөй. Биздер үчүн сүттөй ак, тоодой бийик, Тилек болбос эненин тилегиндей, Кетсең дагы дайынсыз кылым күтөр, Күдөр болбос эненин күдөрүндөй. Жатам ойлоп, ойлорум убап-чубап, Жараткандан энеге кайрат сурап. Жөжөсүнө кол сунсаң башка түгүл, Сес көрсөтүп тоок деле айбат кылат. Ойлоп турдум адамдан башка дагы, Бөлтүрүгүн издеген Акбараны. Балапанын уядан таппай калып, Боюн урган бүркүттү аскадагы. Айланчыктап уясын учкан кушту, Туш-туш жактан аткылап жатса дагы. Ойду омкорот, жер тырмайт, кайыр сурайт... Бергин десең ойлонбой жанын кыят. Көтөр десең көтөрөр Ала-Тоону, Керек десең дүйнөнү кезип чыгат. Кадырына эмне үчүн жете албайбыз?! Эне байкуш бала үчүн баарын кылат. Эгер алсаң батасын ушундайсың, Бак табасың, эч убак утулбайсың. Он сегиз миң ааламды сурасаң да, Эненин бир чачынын учундайсың. Жөө көтөрүп Меккеге алып барсан да, Ак сүтүнөн бир түндүк кутулбайсың. Тепсеп өткөн жериңден гүл өнүшү, Кыйын кайра. Ушуну билеличи. Гүл сыяктуу көңүлүн энелердин, Аярлайлы бапестеп жүрөлүчү. Апалар бар дүйнө өлбөй жашап келет, Билеличи, ушуну билеличи! НК
10843   113
09.05.2020
Чоң атам... Азыр ойлоп көрсөм кыргыз дөөлөтүнүн өзүнчө бир энциклопедиясы экен. Тарыхты, санжыраны, салтты, адепти, динди, мамилени, эң башкысы тоголок жетим чоңойгондуктан турмушту терең билчү. Ок жамгырдай жааган согуштан аман келгенине чексиз шүгүр. Беларусь фронтунда кыл чайнашкан майданга кирип эки жолу ок тийип, катуу жараат алган. Ошого байланыштуу мыйзам боюнча согуштан бошотулган экен. Бирок, “Улам арыз жазып суранып жатып кайрадан фронтко киргем” деп калчу жарыктык. Ошол бойдон согуш аяктаганча колунан куралын таштаган эмес. Бомбабы же гранатабы, айтор жарылып, денесине кирген темир чачырандылары өмүр бою кыйнады. Карылыктан улам арыктап, көк тамырлары көрүнүп калган колундагы бөлтөйгөн темир сыныгын мен да далай жолу кызыгып кармагам. Жаштыгында операция кылып алып коюу сунушу айтылса, эчтеме эмес деп көктүгүнө салып макул болбой койсо керек. Күн суукта кээде өзү айткандай “осколка сыздаткан" колун ушалап, кыйналганын билдирбөөгө тырышып, эрдин кымтып бир топко отурчу. Колунда чоңоюп, тарбиясын татып, жан дүйнөсүндөгү жана акылындагы ошончо кенчтен үлүш алып калганыбызга канымет. Чоң атам тууралуу бир аз гана “Ант” романында жаздым. Каармандын чоң атасынын прототиби өз чоң атам - АДИ АКНАЗАР уулу. Жаныңыз бейиште болсун, ылайым, менин каарманым жана баатырым. Бүгүн сиз жана сиздин замандаштар канын төгүп, жанын садага чаап жеткен жеңишти майрамдап отурабыз... Ушул мээнетиңерди актап, татыктуу урпак болсок экен! 9-май, 2020-жыл
Загрузка...
9468   190
03.05.2020
“Бул эмне?” деп сурайттырсыз. Бул “Бир гана Сенсиң” китеби. Брайль деп аталган тамгалар менен көзү көрбөгөндөр үчүн чыгарылды. Жамалидин деген көзү азиз жигит бар. Китептериңиздин электрондук вариантын жиберсеңиз, брайль тамгаларына өткөрмөкмүн деген. Бат эле даярдап коюптур. Жараткан жарык дүйнөнү көз менен көрүү мүмкүнчүлүгүн бербей сынаган асыл пенделер да китеп окуп жатышат. Мээнет кылып манжаларынын учу менен окушат экен. Ошончо тамганы тери менен сезип үйрөнүштү айт... Окуган бир кыз китеп жөнүндө пикирин видео аркылуу жибериптир. Угуп көзүмө жаш айланды. Эки көз деген кандай чексиз бакыт. Ушундай улуу бакытты көрбөй үйдө туз кемисе ошого кабак чытып, кыжалат болобуз. Шүгүр дегенди үйрөнөлү! Канчалык көп айтсак, ошончолук өзүбүзгө жакшы. Анан китеп окуйлу. Кайран көздөрдүн нурун соткадагы ботколорго коротпой, пайдалуу китептерди таап окуп, акысын берели. Ушул көзү көрбөгөн азиз бир туугандарыбыздын аракет-мээнети ар бирибиз үчүн өрнөк болушу керек. 3-май, 2020-жыл
11379   231
29.04.2020
КҮЛСӨҢ ДҮЙНӨ КОШО ЖЫЛМАЙЧУ Кайран досум... Адегенде сыртыңдан бааладым. Сүрдүү, салабаттуу өңүңдү көрүп, адам менен баарлашууга анчейин ынтызар эмес бир сырдуу неме го деп ойлогом. Капысынан жолубуз кесилишип маектешип калдык. Ошондо оргуп, төгүлүп, ушундай бир ачылдың. Мен өзүмдү акындын толкуп-ташкан жан дүйнө деңизинин чок ортосундагы бир кемедей, болбосо ак чардактай сездим. Кааап, ошондо моокум канганча кобурашып калбай... Башка бизде андай мүмкүнчүлүк да, убакыт да табылбады. Жараткандын жакшы күндөрүнүн биринде жүрөк менен баарлашуунун ыракатына тоёрбуз деп тариздеп жүргөм. Аттиң, насип болбоптур! *** Маянасы жакшы жумушта иштечүсүң. Бирок, ошол бакыбат турмушуңа анчейин ыраазы эмес элең. Анткени, сенин чыныгы байлыгың поэзия саптары экенин билчүсүң. Бирок, кара калемиңди кармап, ак барагыңа үңүлүп орошон ойлоруңду жоргодой шыдыр уйкаш саптарга айлантып отуруп алсаң казаныңа ким аш салып бермек? Ошон үчүн, ырыңды төшөктөй жыйыштырып коюп, калемди микрофонго алмаштырып, ар адамдан сукпат сурап жүрдүң. Бирок, саясат темасында сагыздай чайналуудан боюңду жаа бою ала качып, маданият майданынында баба дыйканчылык кылдың. Сенин темаң, сенин көтөргөн көйгөйүң арабакечтин арык атындай жүдөө абалга келген кыргыз маданияты болду. Китеп, обон, поэзия, искусство темасын кыябына келтире айттың дагы, жаздың дагы... *** Китепкөй жаштар менен Кыргыздын кыйырларына чейин кыдырып келдиң. Зал толо жаштарга, адабият ышкыбоздоруна жанардай жалындаган ырларыңды окуп, китеп өзгөртүп, китеп жакшылыкка бурган таалайлуу тагдырыңды айтып бердиң. Сен тилиң эмес жүрөгүң менен айтып берчүсүң. Ошон үчүн көпчүлүк муюп, эргип тыңдайт эле. Китеп окуу үрөнүн сепкен жаштардын артында турган опол тоосуна айлангансың. Алардын ат көтөргүс асыл эмгектери сенин макала-репортаждарың аркылуу улуу элдин учуна чейин жетти. *** Кызыңды аябай жакшы көрчүсүң. Сени көрүп, “атаңгөрү, ата деген ушундай мээримдүү, күйүмдүү болсо” деп суктангандар көп болсо керек. Эми,ошол кенжетайың үчүн ордуңду эч ким жана эч нерсе толтура албас. Ошону ойлоп буулугуп, ыйлагым келип турат. Уулуң менен сыймыктанчусуң! ⬇⬇⬇
10647   75
23.04.2020
Бүгүн 23-апрель ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП КҮНҮ. Жаратканга шүгүр, кыргыз жаштары арасында китеп окуу модага, трендге айланып барат. Жети дубаныбыздын алыскы айылдарына, керек болсо генералдар энесин ээрчитип кире алгыс жабык аскер бөлүктөрүнө чейин китепкөйлүк дух жайылды. Берлин паркында, Чикагодогу аянтта, Токиодогу аллеяда, Москвадагы скверде, Египеттеги Нил дайрасынын жээгинде кыргызча китеп окуп отурган кыргыз жаштарынын соцтармактардагы сүрөттөрү көргөн көздү кубантып турду. Китепке талап өскөн сайын китеп дүкөндөрү нөшөрдөн кийинки козу карындай көбөйдү. “Шанс”, “Жамгыр”, “Шам”, “Маңыз” ж.б.басмалары ачылып, эбактан басылбай эстен чыгып бараткан улуттук адабияттын классикаларын шакылдатып чыгара башташты. Орто мектептерде бир кезде рекеттик кылган тентектер авторитет болгон доор бир жылда 70-80 китеп окуган Батырдай балдар кадыр-барк сересин багынткан заманга ордун бошотту. Китеп кыймылынын жайылышы, китеп агымынын күчөшү ал тургай Жогорку Кеңешти бул темага бурулууга мажбурлады. Ошентип, биз быйылкы китеп күнүнө өзгөчө дем, ири ийгилик, өрнөктүү амалдар менен келдик. Биз бул жылы китеп сүйүү, китеп окуу жагынан КМШда алдыга суурулуп чыктык. Биз алдыдагы китеп майрамын ооз учунан гана даңазалабастан, эң сонун демилгелер, изги иштер менен тосуп жатабыз. Тагдыр экен, азыр ааламды каптаган апаат оорудан сактанып карантинде отурабыз. Болбосо, көпчүлүктүн күчүн, каражатын эле эмес, жүрөгүн, акылын жана мээримин бириктирген “Китепкөй өлкө” идеологиясынын күрдөөлү дагы далайларга угулуп калмак. “Мен үчүн майрам бул – күнөө жасабай өткөргөн күн” деген экен бир даанышман. Майрамдарды оюн-зоок уулап, ичимдик ичип, пайдасыз кеп сүйлөп өткөрбөй, айып-күнөөдөн аруу болууга маани берип, өзүбүз менен кошо өзгөлөргө пайда жеткирип, кубаныч тартуулап белгилейли. Башкага пайда жеткирип, кубандырган адам өзү сөзсүз кубанычка бөлөнөрү талашсыз акыйкат. “Алгандын колу, бергендин жүрөгү толот” деп бекер айтпайт акылман элибиз. Бул күнү китеп белекке бермей акциясын өткөрмөкпүз. Бирок, пандемия шартында мындай кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, окуган китептерибиз тууралуу социалдык тармактарда пикирлерди бөлүшүп, бири-бирибизди китепке тарталыып! Майрамың менен, #КИТЕКӨЙ_ӨЛКӨ!
16496   433
21.04.2020
БҮТҮНДӨЙ ЗАМАН-ДООР КЕТТИ, АРМАН (Элмирбек Иманалиевге) Жакшынын саны суюлуп турат, Жабыгып көөнүм буюгуп турат. Чымындай жаны Аллага кайтып, Чынарың, кыргыз, кыйылып турат. Акынды жоктоп бозоруп-боздоп, Ай-аалам муңдуу туюлуп турат. Артыңдан эми чын баркың билип, Армандар ичте жыйылып турат. Жараткан, кечир! Бейишиң бер деп, Жалпы журт ыйлап, сыйынып турат. Элимден да бир бийик тоо кулап, Көзүмдөн жашым куюлуп турат. Тилиңден асел төгүлүп турчу, Жүзүңдөн жылдыз көрүнүп турчу. Жүрөккө толгон ак сүйүүң балкып, Өнөрүң менен өрүлүп турчу. Талантың айдай жылдыздуу түндө, Таптаасын болуп бөлүнүп турчу. Жарышка түшсөң тулпарың туйлап, Намысты бербей теминип турчу. Нарк-насаат айтсаң жандүйнө жаркып, Көңүлгө кубанч себилип турчу. Деңиздей терең мааниңе муюп, Аскалар дагы чөмүлүп турчу. Карарып асман түнөрдү минтип, Кайгыга салып бир элди минтип. Алкынып учкан ак шумкар кулап, Аманат өмүр түгөндү минтип. Миң сырдуу ажал тооруду минтип, Мүрөктүн суусу соолуду минтип. Маарага дайым алдыда келчү, Дулдулдун жону жооруду минтип. Таскактай сызып соңуна жетип, Түгөттүң даңгыр жолуңу минтип. Таппайбыз эми асылды сендей, Издеген менен ааламды тинтип. Арадан залкар зор кетти, арман, Агылган улуу кол кетти, арман. Колдо бар алтын бааланбай балким, Билинбей баркы шор кетти, арман. Бир акын жана бир инсан эмес, Бүтүндөй заман-доор кетти, арман. Келген соң кайра кетмейиң чындык, Бул дүйнө закым, бул дүйнө жалган. Намыска дайым турчусуң чамдап, Пейилиң болчу тоолордой калбаат. Өмүрдү бекер коротпой бошко, Рухтан кеттиң казына камдап. Мунара курдуң жандүйнө үчүн, Ой, сөздүн жалаң гүлдөрүн тандап. Уланат жашооң тарыхта эми, Жеңижок, Коргоол, Барпыны жандап. НК, 21-апрель, 2020-жыл
9952   144
17.04.2020
Биздин министрликтин алдындагы бул көйкөлгөн сулуу гүлдөрдөн баарыңыздарга салам. Жумуштан чыгып келе жатсам таажыларын дилдиретип, жалбырактарын жаңсап өздөрүнө чакырып алышты. “Баары жакшы. Буюрса, мындан да жакшы болот. Жолугушуубузга аз калды. Силерден сабыр, бизден ак бата” деп ишаралагансып жаздын жагымдуу шамалына эркелей ыргалышат. “Балким, ушундай гүлдөрдүн суктанткан сулуулугу, жыпар жыты тигил вирустун эң чоң душманы, бузуп өтө алгыс чебидир!” деген ой көөдөнүмдө шам болуп жанып, көңүлүмдү көкөлөттү... Бүгүн күн да сонун ысыды.Адистер вирус ысыкка туруштук бере албайт дейт. Буга чейин кыйлага созулган жамгыр аркылуу Жараткан бүт кыргыз жерин дезинфекциялап берген эле. Төгүлгөн нөшөр, жаркырап тийген күн, жайнап ачылган гүлдөр, тазарган аба, бараалына келген көктөм... Мунун баарын жакшылыкка жоруйлу . Буюрса, бурулуш күндөр башталды. Келген "конокту" эч качан кайтып келбегендей кылып узатуу насип этсин элибизге. Аз калды. Чыдайлы! Анан, аманчылык болсо, түлөө кылабыз. НК, 17-апрель, 2020-жыл