Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6864   177
11.04.2020
ЖҮРӨК жана ТЕЛЕФОН Кээде чөнтөк телефонумдун бети шире же май болуп кирдеп калганын көрөм. Кичинекей кыздарым мындай кымбат буюмду момпосуй жеп шире, эт ууштап май жуккан колдорун жууп анан кармоо керек экенин кайдан билсин? Кир болгон телефонумду жакшылап тазаламай сайын көңүлүм жайына келбейт. Аны түзүктөп максаттуу колдоно да албай, ичтен жүдөй берем. Жакаң бир аз карарып, кийимиң болор-болбос булганып, минген унааңа ылай чачырап, компьютериңдин мониторун чаң басып, төшөгүң жыйылбай, дасторконуң жыйналбай, үйүң бытырап, корооң чачылып, керек болсо чокоюң майланбай турса деле ошол акыбал: башка ишти астейдил кылууга көңүлүң чаппай, көөдөнүңдү кандайдыр кыжалатчылыктын туманы басып, оюң онго, санааң санга чачырап, өзүңдү рахатсыз сезе бересиң. Бирок, бул маселе эмес: бир аз убакыт бөлүп, аракет кылсаң кир жуулат, чачылган жыйналат, ылай тазаланат, жакаң агарат. Чыныгы көйгөй – бул жүрөктүн, жан дүйнөнүн кирдеши. Кайдагы жоголчу, сынчу, чиричү, эскирчү, ары бассаң артыңда калчу, көздү жумсаң көрүнбөчү, жаңылоого, алмаштырууга, керексиз кезде ыргытып жиберүүгө боло турган буюм-теримдердин кири ошончо мазеңди алса, өмүр өткөнчө бир көз ирмем тынбай айланган каның менен кыбыраган жаныңдын кызматын кылган, ойлоруңдун, ниеттериңдин, пикирлериңдин, амалдарыңдын булагы жана уясы болгон, дене менен рухтун падышасы - жүрөктүн булганышы жашооңду кандай жабыркатып, заманаңды кантип заң-зуң кыларын элестетип көр. Аны буюм сыяктуу самын, айна жана суу менен тазалап жибере албайсың. Алмаштыра койгудай же машиненин дөңгөлөгү сыяктуу кошумча пайы жок. Килем, кийим, көлүк жууган техникалардай жан дүйнөнү жууй турган жабдыкты али эч ким ойлоп таба элек. Таба да албайт. Бирок, жүрөктү таза тутуунун жол-жобосу, шарттары бар. Ал үчүн тообо кыл. Шүгүр келтир. Өлүмдү эсте. Кечиргенди үйрөн. Аз тамак же. Дуба кыл. Түндө ибадат үчүн ойгон. Жакшыга жанаш, жамандан адаш. Адал тамактан. Пайдасыз сөздөн кач ж.б. дешет аалымдар...
4442   91
07.04.2020
2-бөлүк Аты жаман коронавирус оорусу Кыргызстанга да жетип келгенине экинчи аптага баратат. Адегенде, өкмөт бир балээ болуп вирус таркап, эл-журтубуз бөөдө кырсыктын азабынан азып-тозбосун деп мурда таризделген оюн-зоокторду, жыйындарды, ал тургай майрамдык салтанаттарды токтотту. Мектептерди, окуу жайларды карантинге жапты. Анан бала бакчалар убактылуу ишин жыйнаштырды. Теле-радиодон, интернеттен “Сактанганды сактайм деген, жөнү жок эле эшикке чыга бербей үйдө калыңыздар. Канчалык көп баарлашуу, карым-катнаш болсо, вирус ошончолук тез таркайт. Абайлаңыздар!” деген маанидеги чакырык менен кимдер гана чыкпады. Сөзүн калкы кастарлап угат деген эл жакшыларынан, айтылуу аалымдардан баштап, жаштар кумир туткан шоу жылдыздары менен спортчуларга чейин ушул маалыматтык өнөктүккө жандуу катышты. Байкуш, дарыгерлер “Биз силер үчүн жумушка чыктык, силер биз үчүн үйдө отуруп бериңиздер!” деп кан какшап суранып жатышат элибизден. Бирок, кайран энөө, кенебес кыргыз карантинди каникул деп ойлоп көчөдө көйкөлө сейилдегенин, бапырап бала ойнотконун койбоду. Супермаркеттердеги балдар аянтчалары адамдын көптүгүнөн шакардай кайнайт. Базарларда болсо карантин учурунда ачарчылык айттырбай басчудан бетер адамдар ун, күрүч талашканы таң калтырат. Эки адамдин биригүүсү опурталдуу болуп турган шартта миңдеген кишилер аламан улак тартышкансып продукт үчүн кызыл-чеке болуп, бири-бирине шилекейлерин чачырата бакылдашып жүрүшөт. “Бир кезде акыркы жылкысын, соңку согумун мурда-кийин эгерим көрбөгөн, таптакыр тааныбаган кудайы коногуна кубанып союп берчү бийик, айкөл, даанышман элдин урпагы, минтип “Кулдун мекени – курсагы” дегенчелик деңгээлдин ороосуна оңкосунан түшүп баратканына кантип арданбайсың да кейибейсиң? Ушинтип жатып эпидемияны таркатып алышса, тоңколош атып жүрүп топ жарып сатып алып ичкени иримге, жегени желимге айланарын неге ойлошпойт? Элүү кило ун алам деп ошончо адамга вирус жармашса эмне болору оюна да кирбеди го кайрандардын. Эрежени да, мыйзамды да, бийликти да уруп ойнобогон ушундай ээнбаш эл болуп баратабызбы? Оору коркунучун, керек болсо өлүм тооруп турганын капарына албаган калайман, милиция менен прокурорду, министр менен акимди кайдан тоготсун. Уландысы ⬇️⬇️⬇️
6251   250
05.04.2020
КОШТОШУУ Дарыгерлерге арналат Күн батаар маал жакындап калган. Аялы Надырды дасторконго чакырды: - Тамак даяр болду. Келиңиз. Бир топ жаш кичүү болгондуктан, анан да күйөөнү сен деш оройлук катары кабылданчу чөйрөдө таалим-тарбия алгандыктан жубайы дайыма сиз деп кайрылат. Башында өөн учураганы менен, Надырдын бара-бара буга кулагы көнүп кетти. Ал тургай мындай мамиле көңүлүнө жагып, көөдөнүн көлкүтчү болду. Анткени, сөздүн мааниси ортодогу алакага аябай таасирин тийгизет экен. “Сиз” деген сөз кандай шарт, кандай абал болбосун, керек болсо казан-аяк кагышкан учурда да ортодогу сый-урматтын угут-уюткусун сактап, жашоонун берекесине себеп болот тура. Ынтымагы ысык адамдар “Эч качан сен-мен дешпедик” деп калышат го. Анын сыңарындай бирин-бири сен дешкен дос-аяштарыныкына караганда өзүнүн жары менен болгон таттуу мамилеси, Кудайга чексиз шүгүр, асман-жердей айырмаланат. - Азыр, - деди Надыр сегизинчи кабаттагы үйүнүн терезесинен эшикти караган тейде. Ал аллеяда велосипед тепкенди үйрөнүп жаткан жаш балага көмөк көрсөтүп ары-бери басып жүргөн толмоч келинди жана аларга саресеп салып бейкапар турушкан улан-кызды нааразы боло тиктеп: “Тообо, угушпайт экен да. Эшикте энесинин мурасын, атасынын алтынын таркатып жатса да үйлөрүндө отурушпайбы. Бир жумадан бери биз буларга түш же жомок айтып жатабызбы? Өздөрүн болбосо да, кошуна-колоңду, элди-журтту ойлош керек го. Көчөдө талтаңдап, балага велосипед үйрөтчү заманбы азыр?” деп ойлонду куйкасы куруша. Анан ал тазалыкка кирип, колун шашпай самындап, салааларынын арасынан бери ыкшап жууду. Демейде, минтпестен манжаларынын учун сууласа эсеп болуп, даам татмакка отура берчү, бирок, акыркы он күндөн бери колун ушинтип астейдил тазалоону адатка айлантты. Балдарынан да так ушинтүүнү талап кылып, колду мыктылап жууштун жол-жоболорун үйрөтүп койду. Дасторкон үстү дайымкыдай эле берекелүү. Жумшак нан, мөмө-жемиш, бал, каймак, быштак, салат, сүт, кургатылган өрүк жана мейиз коюлган. Аялы нокот талканынан жасаган түрк шорпосун чоң чыныга куюп, үстүнө лимон суусун сыгып, Надырдын алдына койду. Жети жашар уулунун, төрт жана эки жаштагы кыздарынын тарелкаларында картошка фри. Уландысы ⬇️⬇️⬇️
5905   74
05.04.2020
ТАРКАГАН ТҮТҮН Тээтиги кыйырлар качан карасаң калың кара түтүнгө чулганып турчуу. Үйүмдүн терезесинен көргөн сайын эми Бишкектин асманы кыяматка чейин ушинтип ачылбайбы, абасы ыш, кара булоосу жыш бойдон калып, кайран өмүрлөрдү уулай береби деп көңүлүм чөкчүү. Кудайга шүгүр, түтүн таркап, аба акактай арууланганын көрчү күн да бар экен. Карантиндин эң чоң пайдаларынын бири мына ушул болду. Балким, азыркы акыбалда экономикабызга миллиарддаган акчалар түшпөй жатат. Бирок, таза абанын баасы триллиондордон да кымбат. Экономика бул - акча. Таза аба бул - ден соолук, жарык маанай, бакыбат сезим-туюм. Кайсынысы маанилүү экенин көзгө көрүнбөгөн вирустан сактанып адамзаты өндүрүш, соода, өнөр жайдын көбүн кан буугандай токтоткон бул күндөрү аябай сонун түшүнүп жатабыз. Тазар чөйрөм, тазар заманым, тазар жан дүйнөм, тазаралы кыргызым! Жараткан ырыскынын бир эшигин жапса, миң эшигин ачат деген, балким, ушулдур. #позитив
Загрузка...
6193   84
03.04.2020
АКЫЛМАН ТЕШИК ЧАКАГА КАНТИП СУУ ТОЛТУРДУ? (Жаңы чыгармадан үзүндү) Илгери бир акылман адам сабыр тууралуу көп айтып, элди ушул улуу сапатка чакыра берчү экен. Муну байкап жүргөн кыраакы падыша анын сөзүнө амалы шай келеби же жокпу деп текшергени алдына чакыртып, түбү тешик чака берип: “Ушуга толтуруп суу алып келесиң, болбосо зынданга салам!”, - деп шарт коёт. Акылман бир саамга ойлоно калып, падышанын айтканын аткарууга сөз берет, бирок, жүз күн убакыт сурайт. - Макул. Бирок, жүз күндөн бир күн кечиксең, өзүңдөн көр, - дейт падыша. Анан алда эмнени эстегендей өз бешенесин оң колу менен акырын чаап, - Баса, дагы бир шартым - чаканы сууга бир салган бойдон толтуруп сузуп алып келишиң керек, - деп кошумчалайт. - Жарайт, урматтуум, - дейт берки адеп сактай колун көкүрөгүнө алып бир аз ийилип. Анан ал эшигинин алдындагы чоң арыктагы суунунун жайыраак аккан жерин таап, ичин чуңкурураак кылып казып, ылдый тарабына үч казык кагып, ага такап таш менен чым аралаштыра сууну тосуп улуулатат. Падыша берген тешик чаканын боосуна эки бекем, оңойлук менен чирибес зымдарды улап, арыктын эки кырына казык сайып ошолорго чырмап байлап, баягы тоскон көлмөсүнө чөктүрөт. Эсептелгендей эле көлмө чакадан эки барабар терең болуп чыгат. Казыкка катуу байланган чаканы суу агыза албайт. Ошентип, күндөр өтө берет. Бара-бара суу тартылып азайып отуруп, сексен күн дегенде челекти араң көмгөнчөлүк тайыздайт. Ал мезгилде кеч күздүн боз кыроосу жерди тегиз каптап, үшүк түшүп, арыктын четтери тоңо баштаган болот. Токсон үчүнчү күн дегенде кыш күчүнө кирип, токсон түшүп суунун үстүн муз каптайт. Токсон жетинчи күнү суу толук тоңуп, балдар үстүндө жылгаяк тээп ойной башташат. Күн сайын табият кубулушуна назар салып турган акылман ошол күнү арыктан чаканы алганда ичи толо муз кошо чыгат. Ал түз эле падышанын сарайына багыт алат. Ошентип, сабырдуулугу менен өлкө өкүмдарынын тапшырмасын так өтөп, сынынан өтүп, көп сыйлык алып, жакын вазирине айланган экен акылман. Ошон үчүн кээ бир учурда агымга каршы жиребей, маселени тек гана убакытка калтырып коюу туурадыр. #САБЫР ТҮБҮ САРЫ АЛТЫН! БУЛ КҮНДӨР ДА ӨТӨТ, БУЮРСА 3-апрель, 2020-жыл
6368   158
29.03.2020
КАНТТИ ЭКЕН? Мындан көп кылым мурда жашап өткөн Асан кайгы деген атактуу акын, ойчул, даанышман бабабыздын атына бекер жерден “кайгы” деген сөз кошулуп айтылбаптыр. Анткени, ал азиз адамзаты мындай турсун кулан, коён, чымчык, бөкөн, кийик, каз-өрдөк, таш бака, ал тургай пайдасынан зыяны көп чаян, чымын, жылан, доңуз сыяктуу айбанаттардын да көргөн күнүн, туш болгон кыйынчылыгын ойлоп, жай алып жата албай кайгыга батчу тура. Жайдын күнү катуу мөндүр жаап, капилет ызгаар суук түшүп, суулар тоңуп, жерди муз каптаганда: Куйругу жок, жалы жок, Кулан байкуш кантти экен? Чымчып алар жүнү жок, Чыңырарга үнү жок, Боорунда буту жок, Жылан байкуш кантти экен? Баш калкалар үйү жок, Пааналаган жери жок, Курт-кумурска кантти экен? Уясын кар баскан чыгар, Шору таштай каткан чыгар, Муздап карга жаткан чыгар, Чымчык байкуш кантти экен? – деп жан бүткөндүн баары үчүн кыжалатчылыкка түшүптүр, кайран киши. Биз бул башкача мээримдүү, камкор, жүрөгү назик бабабызчалык сойлогон, жорткон, учкандын баарын ойлобосок да, азыркы өзгөчө кырдаалда биз үчүн алтын башын, асыл жанын тобокелге салып, кажыр-кайрат менен тынбастан иштеп жаткандарды аяп, артынан жакшы дубаларды кылалык. Карантин себеп болуп бардыгыбыз үйлөрүбүздө, жакындарыбыздын маңдай-кашында бейкапар отурганыбызда, байкуш дарыгерлер, милициялар, өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери, аскерлер ж.б. калкты кара тумандай каптаган эпидемия коркунучун колкодон алып, күн-түн дебей эл аралап эмгек үстүндө. Коомдук транспорт токтогондуктан, алар жумушуна кантип барып-келип жатат болду экен? Кафе-ресторандар, ашканалар жабык. Анда, курсактары ачканда кайда шам-шум этишүүдө? Жаз жарымына жакындаса да суук сурданып кетпей турат. Үшүгөндө эмне кылып жылынып жатышат? *** Кир десе үйгө кирбеген, Кир дегенди тилдеген. Карантиндин тартибин, Кулак көзгө илбеген. Керек болсо көчөдө, Беткап, колкап кийбеген. Эрке элди жөнгө салам деп, Милиция байкуш кантти экен? Вирустан баары качканда, Бекинип үйдө жатканда. Белин бууп, жеңин түрүнүп, Бел болуп бейтаптарга. Вирус менен кармашкан, Коркунуч менен арбашкан. Атасы качкан жолобой, Оорулууну жандашкан. Дарттууларга кам көрүп, Дары, жайын камдашкан, Дарыгерлер кантти экен? ⬇⬇⬇
7210   177
27.03.2020
ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖЫШААНЫ #Жакшы_кабар - бүгүн асман чайыттай ачык. Мунун кандай жакшылыгы бар дейсизби? Биринчиден, вирустун эң сонун дарысы, акесин таанытар дезинфекциясы болгон күн сонун тийди, буюрса. Экинчиден, күн менен булут - азыркы акыбалдын символикалык каармандары. Эстесеңиз, мурдагы күндөрү кара булут, кечээ ала булут каптаган. Бүгүн болсо булут такыр көрүнбөйт. Муну жакшылыктын белгиси деп билелик. Кудайдан болуп, булут бир ордунда узак калбай каалгып өтүп кеткендей эле, тигил вирус да элибизден, жерибизден, дегеле адамзаттын башынан батыраак өтүп, алыс кетип, көздөн, ойдон биротоло кайым болот экен деп жоруйлук. Буюрса, башыбызга кара булут айланган кыйын учур артта калууда деп ишенелик. Кыргыздын бардык жакшылыктарды камтыган “Асманың ачык болсун” деген мааниси терең жана кенен ак батасы бар. Асманыбыз ачыла берсин! Булут менен кошо көкүрөктөн муң, кыжалатчылык таркап, күн менен бирге кабак-кашыбыз, маанайыбыз жадырасын. Чайыттай асман сыяктуу жолубуз, көңүлүбүз ачылсын. Ошондой эле, ушул сыноону өз башыбызга чакырган пенделик айып-күнөөлөрүбүздү айра таанып, тообо келтирүүгө, кадырын билбей колдон чыгара жаздаган Жараткандын чексиз берекеттери үчүн шүгүр айтууга көзүбүз жана көкүрөгүбүз ачылсын. Соода, бизнес, алакалар азайып, өлкөбүздүн жону жукарып турганда, муктаждарга, оорулууларга жардам берүүгө байлардын колу ачылсын. Бири-бирибизге жакшылык тилеп, оору-сыркоодон, кырсык-балакеттен калкыбызды калкала деп Жаратканга жалбаруу үчүн алаканыбыз ачылсын. *** Кудайга шүгүр, кечээ да “жаңысы табылды” деген кабар болгон жок. Кара булут таркап баратат. Жараткан, өмүрүн тобокелге салып, күн-түн дебей кызматыбызды өтөп жаткан дарыгерлерибизге дарман бер! Күч түзүмдөрүбүзгө күч-кубат ырооло! Азыркы замандын элдин эсендиги, адамзаттын амандыгы үчүн көкүрөгүн дзотко тоскону чуркаган Чолпонбайдай баатырлары ошолор. Жаратканым, элибиздин ынтымагын бекемдеп, мыйзамга карата сый-урматын арттыр. Мыйзамды сыйлоо – бул мамлекетти, демек, өзүбүздүн эбегейсиз эгемендик бактыбызды сыйлоо. Биз оңолсок – абал оңолот, аалам жана заман оңолот! Буюрса, бул күндөр да өтөт... Жумабыз маарек болсун. 27.03. 2020