Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5298   58
27.11.2019 Kyrgyzstan
Жүзүмө түкүрбө! _ Ойлоп көрсөк, төөдөн башка эч бир айбан деле түкүрбөйт экен. А биздин, адамдардын арасында, көчөдө баратып туш келген жерге “Каак тфу” деп жаба түкүрбөгөндөр аз эле го... _ *** _ Адамдан айланалы, ал - өлкөбүздүн эң чоң дөөлөтү, байлыгы, ырыскысы... Бирок, көчөдө баскандар, сейилдегендер канчалык көп болсо жолдордо ТАШТАНДЫЛАР, ЧЫЛЫМДАР, ТҮКҮРҮКТӨР да ошончолук көбөйөөрүн ким тана алат? Өзгөчө, бизде Кыргызстанда, эл топтолгон майрамдык оюн-зооктордон же митингдерден кийин ал жерде калган таштандыларды тазалоо иши канча күндөргө чейин уланат. А жапондор жетелеп бараткан ити чоң заара кылып салса (итке баары бир эмеспи), ошону да калтырбай, тазалап, пакетке сала кетишет. Биздин болсо итибиз тургай өзүбүз да чөйрөнү булгаганга ант бергендей, касам ичкендей түкүрөбүз, таштандыларды туш келди ыргытабыз, коомдук жайларды семичке чагабыз ... _ *** _ Эч ким жеке менчик үйүнүн ичине, шыбына, дубалына түкүрбөйт жана түккүрттүрбөйт. Анткени, ал - ӨЗҮНҮКҮ. Анда, биз түкүргөн, таштанды ыргыткан көчөлөр кимдики? БӨТӨН БИРӨӨНҮКҮБҮ? Индияныкыбы? Түркия, Жапония, Кытай же Польшаныкыбы? Ал да өзүбүздүкү! Ким, эгерде, Лейлектин Кулундусунда же Ысык-Көлдүн Ак-Суусунда көчөгө түкүрсө же чылымын ыргытса, ал Нарындын Ат-Башысындагы, Таластын Кара-Буурасындагы, Оштун Ноокатындагы ж. б. ар бир атуулдун акысына кирип, ар намысын тебелейт. Анткени, Кыргызстандын ар бир чымчым топурагы, ар бир миллиметр жери – биздин ар бирибиздики: сеники жана меники! _ *** _ Түкүрүү деген илдетти дарылайлы. Анын дарысы – “ТҮКҮРБӨҢҮЗ, ага, иним, эже, карындашым, ата, апа” деп жакшы сөз менен бетке айтуу, сылык-сыпаа эскертүү. Көз ачкандан көрүп чоңойгонубуздан улам биз коомдук жайларда түкүргөндөрдү, семичке чаккандарды, чылымдын калдыгын, желим бөтөлкөнү, момпосуйдун кабыгын же пакетти ыргыткандарды өөн көрбөйбүз. Бирок, чет элден келгендер буга таң калып да, жийиркенип да, кыргыздан ирээнжип да жатканы – ачуу чындык. Башкаларды кыргыздан ирээнжитүү – бул кыргыздын аброюна, кадырына, намысына түкүрүү! Ата-бабалардын арбагын таарынтуу! Демек өз жүзүбүзгө өзүбүздүн түкүргөнүбүз. Мекенибиз – жүзүбүз. ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, МЕКЕНДЕШИМ! Башкалардын алдында кыргызды кемсинтпе, уят кылба. ⏩⏩⏩
4262  
16.11.2019
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лу мырза менен К.Баялинов атындагы китепканада "Maker space" борборун ачтык. Бул жерде балдар, өспүрүмдөр китеп эле окубастан робот жасаса, комикс тартса, ойлоп табуу иштерин жүргүзсө, кол өнөрчүлүк кылса, жаңы технологиялык идеяларды талкууласа, акыл баарлашууларын өткөрсө, өзүндөй жөндөмдүү пикирлештерди тапса болот. Окурман эми китепканада керектөөчү эле эмес жемиш берүүчү бак сыяктуу. Китепкана, көп профилдүү акыл, өнөр, билим, чыгармачылык жана достук борборуна айлануусу керек. Ушул концепция боюнча бүт Кыргызстанда иш жылганы турат. Сунуштар болсо бөлүшөлү. Демөөрчүлөр чыкса айылдарда да ушундай шарттары менен оргиналдуу дизайндагы китепканаларды куруп баштайлы. Кайсыл айыл биринчи бул демилгени ишке ашырат болду экен, көрөлү... Качанга чейин мындай иштерге четтен демөөрчү издейбиз... Баса, элчи мырзанын ийкемдүүлүгүнө ыраазы болдук. #maker_space #посол_США
Загрузка...
14525  
13.11.2019
Чоң энем ыраматылыкка аябай окшош экен. Тообо, эркелеткендей жылмая караганы, жумшак сүйлөп көңүлдү көтөргөнү, маегине ак бата аралашып аруу тилек айта сүйлөгөнү, ал тургай белинин бекчейгени, үнүнүн ыргагы куюп койгондой окшош экен. Бул энеге Кара-Койдо жолуктум. Балалыгында, байкуш, жетим инилери менен өлбөстүн күнүн көрүп чөптөрдүн тамырын казып жептир. Азыр өзүнөн көбөйүп, өнүп-өскөн байтеректей тамыры жайылган ак жолтой байбиче экен. Жетим жетилет деген ушул... Энем да жетим чоңоюптур. Жумшактыкка жана тоодой сабырга тарбиялаган жетимдик катаал устат болсо керек. Эч ким жетим болбосун. Жетимге жөлөк, жесирге желек болгондорго сансыз алкыштар... Энемди көргөндөй болдум. Бир жашымдан баштап баккан берекелүү жанга болгон сагынычымды бир аз болсо да жазгансыдым... Бул да ырыскы. Берген батасы кабыл болгой, бул чоң энемдин копиясынын... #ЧОҢ_ЭНЕМДИН көчүрмөсү
2367  
07.11.2019
ЭҢ КОРКУНУЧТУУ ТӨРТ КУРАЛ ЖЕ ООР ЖҮКТҮ АРТЫНГАН КААРМАНДАР Бул замандын эң кубаттуу төрт “согуштук куралы” бар: калем, фотоаппарат, микрофон жана камера. Булар менен досту каршылаш, жакынды алыс, шериктешти атаандаш кылып, сүйүүнү душмандыкка, биримдикти ыдыроого айлантып, чыкпас жерден өрт, көчпөс жерден көчкү, атылбас жерден жанар чыгарсаң болот. Антейин десең, араздашууну токтотуп, урушкандарды жараштырып, ажырымды аштоого, чөккөн көңүлдү көтөрүп, түшкөн духту бийиктетүүгө, карайган дилди аруулап, тарыган пейилди кеңейтүүгө, мокогон акылды курчутуп, жабыккан сезимди ачууга дары болор негизги жабдыктар да ушул төртөө деп билем: калем, фотоапарат, микрофон жана камера. Булардын акты кара, чынды төгүн, акыйкатты жалган, же тескерисинче жокту бар, чөлдү шаар, кумду кар көрсөтөр шумдук өзгөчөлүктөрү бар. Же жаңылышып жатамбы? Балким... Анткени, калем да, фотоаппарат да, микрофон да, камера да, болгону - буюмдар. Пайдаланбасак көчөдө жаткан темир-тезектен, же желим пакет, бөтөлкөлөрдөн айырмасы канча. Демек, кеп аларды колдонгон адамда! Кандай ниетте кармаса, иштетсе, ал макулуктар ошол максатка кызмат кылып берет. Ошондуктан, ушул төртөө аркылуу ырыскысын таап, эл-журтка эмгегин арнап жаткан басма сөз, интернет басма, радио жана теле кызматкерлерине ир алды менен чың ден соолук тилейм. Анан, албетте, кесипкөйлүк жоопкерчилик каалайм. Антпесе, жөнөкөй кишиден айырмаланып аларды уккандар, көргөндөр жана окугандар огеле көп. Ошол көпчүлүктүн адашуусуна эмес чындыкты көрүүсүнө жана билүүсүнө, баштарынын айлануусуна эмес, түпөйүл суроолоруна туура жооп табуусуна себеп болуу - мүмкүн, бул кесиптин башкы миссиясыдыр. Сиздер болгонду гана чагылтпастан, көбүнесе, саясаттын агымын бурууга, нугун өзгөртүүгө, өтө олуттуу чечимдердин кабыл алынышына себепкерсиздер. Артынган жүгүңүздөр аябай оор. Ошол жүктүн эсеп-кысабын алчу абийириңиздер ар дайым айрандай ак, булактай тунук болсун. Калемгерлер жана теле, радио жане интернет оболорунун каармандары, менин #ЖУРНАЛИСТ ДОСТОРУМ, кайсыл бир деңгээлде кесиптештерим! Баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайм. Ар бириңиздерге ийгилик, оомат, береке жана үй-бүлөлүк бакыт тилейм! Урматтоо менен, Нуржигит
6577  
06.11.2019
КАРДЕШЛЕРГЕ ТААЗИМ же #КЫРГЫЗ ӨҢҮ Түркияга сапар алдым. Бурсадагы Улуу Даг (Uludag) университетине келдик. Университет деген эле аты болбосо жетимиш миңден ашуун студенти бар, шаардын окчун жайгашкан өзүнчө калаа экен. Биз Holiday Inn отелине жайгаштык. Университеттин башкы имаратынын кире беришиндеги жаркыраган фоеде кыргыздын эки жаркын жылдызынын – Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын фото көргөзмөсү уюштурулуптур. Айтылуу актер атабыздын келишимдүү келбети, баатыр кабак айбаты, ыманы ысык маңдайы чагылган сүрөттөрдү карап, аргасыз “Кыргыз өңү - Сүймөнкулдун өңүндөй” деген саптарын эстеп, ичимден сыймыктандым. А Таттыбүбү эжекебиз тууралуу сөз жок. Анчалык татынакай аялзаты ар дайым эле жарала бербес... Болгону 37 гана жыл өмүр сүрүптүр. Эсибизде аккуудай койкоюп, ак кайыңдай суйсайып жапжаш, супсулуу бойдон кала берди. Анын картайганда кандай болорун эч ким элестете да албайт. Көргөзмөнү Улудаг университетинин ректору, профессор Ахмет Саим Кылавуз экөөбүз ачтык. Соң эки залкарды эскерүү кечеси башталды. Кыргыз гимни жаңырганда маңдайдагы чоң экрандагы кыргыз туусунун сүрөтүнүн үстүнөн караоке сыяктуу түрк тамгалары менен ыр саптары жазылып чыгып турду, ошондуктан түрктөр да кошо ырдашты. Кожогелди акын эки талант жөнүндө мыкты маалымат даядаган экен, айтып берди. Кожекемдин алтымыштын астанасында туруп кечээ эле таптакыр билбеген түрк тилинде бүгүн түш жоруп калганына таң берип, ыраазы болдум. Жапжаш кезинде эле “убакыт өтүп кетти” деп, билимин байытууга, жаңыны өздөштүрүүгө карата көрөңгөсүн катырып, тоңдуруп, керекке жаратпай калгандар үчүн бул да өсүп-өнүгүү өмүр өткүчө токтобой турганын көрсөткөн өрнөктүү мисалдыр... Мага сөз берилгенде, каармандардын арбактарын сыйлап, атын атап, кутун сүйүнтүп, ошол аркылуу кыргыз элине карата сыйын, урматын жана сүйүүсүн туюнтканы үчүн түрк бир боорлорго чын дилден ракмат айттым. Сүймөнкул атабыз 54үндө, Таттыбүбү эжебиз 37синде жаш каза болгонун эстеп, “Түрктөрдө көз тийет деген түшүнүк барбы?” – десем ооба дешти. “Экөөнө тең көз тийген болуш керек. Көз деген төөнү казанга, адамды мазарга салат тура” – деп уладым сөзүмдү. О, Жаратканым, эли-жерибиздимыкты адамдарыбызды суук көздөрдөн асыра...