Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
5695  
10.09.2019
#ТИЛ ТУУРАЛУУ Тилиңизден жана колуңуздан башкаларга пайда жетсин, пайда жетпесе, кур дегенде зыян жетпесин. Өзгөчө тилди сактаңыз. Согуш учурунда миңдеген чакырымдан бутага так тийчү ракеталардын кнопкасын басууну эсепке албаганда, кол менен болгону маңдайда турган жанга гана залал келтиришиң ыктымал. Тил менен ай-талаанын, керек болсо океандын ары жагындагыларга, ал тургай жерде туруп асмандагыларга акаарат айтып, аброй-ызатын тепсеп, жаргылчактан өткөргөндөй бырчалап салыш эч кеп эмес. Жүрөккө сайыш үчүн колго канжар же кылыч кармоо керек, а тил андай шайман-куралы жок эле көз ирмемде миллиондордун, а балким, миллиарддардын жүрөгүн жаралайт, сезимин уулайт жана көңүлүн сыздатат. Муштан пайда болгон жаракат Жараткан жалгаса бир күн айыгат, а бирок тилден бүткөн жаракаттын оорусу, залакасы, тагы кетпестен кала берет жана эстеген сайын жүрөктү мыжыгып ызага сала берет. Зыяндан жана зыяндуу болуудан өтө сактаныңыз, анткени зыяндын аягы бактысыздык...
5298   58
27.11.2019 Kyrgyzstan
Жүзүмө түкүрбө! _ Ойлоп көрсөк, төөдөн башка эч бир айбан деле түкүрбөйт экен. А биздин, адамдардын арасында, көчөдө баратып туш келген жерге “Каак тфу” деп жаба түкүрбөгөндөр аз эле го... _ *** _ Адамдан айланалы, ал - өлкөбүздүн эң чоң дөөлөтү, байлыгы, ырыскысы... Бирок, көчөдө баскандар, сейилдегендер канчалык көп болсо жолдордо ТАШТАНДЫЛАР, ЧЫЛЫМДАР, ТҮКҮРҮКТӨР да ошончолук көбөйөөрүн ким тана алат? Өзгөчө, бизде Кыргызстанда, эл топтолгон майрамдык оюн-зооктордон же митингдерден кийин ал жерде калган таштандыларды тазалоо иши канча күндөргө чейин уланат. А жапондор жетелеп бараткан ити чоң заара кылып салса (итке баары бир эмеспи), ошону да калтырбай, тазалап, пакетке сала кетишет. Биздин болсо итибиз тургай өзүбүз да чөйрөнү булгаганга ант бергендей, касам ичкендей түкүрөбүз, таштандыларды туш келди ыргытабыз, коомдук жайларды семичке чагабыз ... _ *** _ Эч ким жеке менчик үйүнүн ичине, шыбына, дубалына түкүрбөйт жана түккүрттүрбөйт. Анткени, ал - ӨЗҮНҮКҮ. Анда, биз түкүргөн, таштанды ыргыткан көчөлөр кимдики? БӨТӨН БИРӨӨНҮКҮБҮ? Индияныкыбы? Түркия, Жапония, Кытай же Польшаныкыбы? Ал да өзүбүздүкү! Ким, эгерде, Лейлектин Кулундусунда же Ысык-Көлдүн Ак-Суусунда көчөгө түкүрсө же чылымын ыргытса, ал Нарындын Ат-Башысындагы, Таластын Кара-Буурасындагы, Оштун Ноокатындагы ж. б. ар бир атуулдун акысына кирип, ар намысын тебелейт. Анткени, Кыргызстандын ар бир чымчым топурагы, ар бир миллиметр жери – биздин ар бирибиздики: сеники жана меники! _ *** _ Түкүрүү деген илдетти дарылайлы. Анын дарысы – “ТҮКҮРБӨҢҮЗ, ага, иним, эже, карындашым, ата, апа” деп жакшы сөз менен бетке айтуу, сылык-сыпаа эскертүү. Көз ачкандан көрүп чоңойгонубуздан улам биз коомдук жайларда түкүргөндөрдү, семичке чаккандарды, чылымдын калдыгын, желим бөтөлкөнү, момпосуйдун кабыгын же пакетти ыргыткандарды өөн көрбөйбүз. Бирок, чет элден келгендер буга таң калып да, жийиркенип да, кыргыздан ирээнжип да жатканы – ачуу чындык. Башкаларды кыргыздан ирээнжитүү – бул кыргыздын аброюна, кадырына, намысына түкүрүү! Ата-бабалардын арбагын таарынтуу! Демек өз жүзүбүзгө өзүбүздүн түкүргөнүбүз. Мекенибиз – жүзүбүз. ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, МЕКЕНДЕШИМ! Башкалардын алдында кыргызды кемсинтпе, уят кылба. ⏩⏩⏩
Загрузка...
5007  
20.10.2019
ЖАЗЫЛГАН КУСАЛЫК Москвада айылдаш туугандарыма жолуктум. Аяш энем, аксакал агалар, ага-эжелерим, кошуналарым, классташтарым, досторум, ини-карындаштарым, жээн-таякелерим, ал тургай мен айылдан кеткен соң туулган улан-кыздар бир ресторанда топтолуп, дасторкон жайып жаркырап-жайнап тосуп алышты. Айрымдарын көрбөгөнүмө дээрлик чейрек кылым болуптур. Алардын жылмайыңкы жүздөрүнөн туулуп өскөн өрөөнүмдүн көркөм элесин, эргиткен эпкинин, жыпар желаргысын туюп, сезип, ушунчалык толкундана кубандым. Тууганды көрүү – тагдырыңа жана тамырыңа кылчаюу, үңүлүү белем, айтор алар аркылуу мезгил мерчеминин алкагынан аттап, тээ айылдагы бактылуу балалыгыма, таттуу күндөрүмө, сезимдериме саякаттап кайттым. Баарыбыз бир чөлкөмдө жашоо кечирген алыскы жылдары бир кезде башка улуу өлкөнүн борбор калаасында дидарлашабыз деп бирибиз да ойлобосок, боолгобосок керек. Тагдырдын сырдуулугу ушунда тура... Колдо бар алтындын баркы жок болуп, бир абадан кере дем алып, бир булактын суусун ичкен замандарда жакындарымдын мынчалык жакын экененин таптакыр түшүнбөптүрмүн. Жакындын жакындыгын билиш үчүн алыстарга кетүү керек окшойт, айтор, ал жерде кезиккен ар бир инсан өз боорумдай, өз карегимдей сезилди. Аманчылыкта кайрадан ырысташ, табакташ кылган Жаратканга чексиз шүгүрлөр болсун. Ырыскың кенен, өмүрүң узун, дениң сак болушу үчүн туугандыкты бекемде деген улуу накыл бар го. Ушундай жагымдуу жүздөшүүнү демилгелеген, уюштургандардын баарына чын ыкластан ыраазымын. Москвада мусапыр абалда аябай жүрөгүм жылыды. Ошол – силерге берген ак батам, аруу тилегим болсун. Бар болгула, боордошторум. Ыйманда жашап, ырыскы берекесин тапкыла... Жаратканым жар болуп, колдой берсин... #Москва #Боордоштор