Нуржигит Кадырбеков
@nurzhigit_kadyrbekov_official
Нуржигит Кадырбеков

Подписчики: 200473
Посты: 470
Подписки: 52
- КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары - Коомдук ишмер, акын, жазуучу Суроолор боюнча @dooron_kubatbekov'го DIRECT❌
https://www.youtube.com/channel/UCXc5HafUIbB1P_Z3ebGbBZw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
7532  
26.10.2019
Казань... Жүрөгүмдө куш канатынын алдындай жылуулукка айланып уюп калды. Татар бир боорлор абдан сонун тосуп алышты. Музейлерин, эс алуу борборлорун, тарыхый жайларын, заманбап маданий мекемелерин көрсөтүштү. Жаштар министри Фаттахов Дамирь Ильдусович болсо убагында азыркы Украин лидери Зеленский менен бирге кадимки Масляковдун КВН таймашына чыгып жүргөн атактуу жигит экен. Тааныштык, баарлаштык, пикир алыштык. Айдоочусу менен жардамчысын мен Казандан кайткыча карамагыма табыштап берди. “Мы своих гостей без внимания не можем оставить” дейт жылмая. Меймандоспуз деп мактанабыз, бирок, татарлар бул жагынан бизге да өрнөк болчудай. Дүйнөлүк универсиаданы, футбол чемпионатынын беттештерин ж.б. биринчиликтерди өткөзө берип конок күтүп, кадырлаганды ушунчалык үйрөнүшүптүр. Кыргыз мигранттарына жолугуп, “Мекендештерим кечки тамакка чакырып жатат. Анан өздөрү таштап коюшат экен” деп араң кетирдим министрдин жардамчысы Раиль менен айдоочуну. Болбосо, мейманканага жеткирмейин канча саат болсо да кызматыңды кылып жүрө берчүдөй. Бут менен кошо кут кирип, Казань таанылгыстай өсүптүр, өзгөрүптүр. 2005-жылы барганымда укмуш көрүнгөн, азыр андан да ачылыптыр, чырайына чыгыптыр. Тазалыгын, жашылдыгын, бейпилдигин жана сулуулугун айт. Кыйырсыз түзөңдө этек-жеңи жайыла кериле кеңирсийт тим эле. Азырынча, Орусияда Казанга теңдеш кооз, жанга жагымдуу шаарды көрө элекмин. Тамактары да биздикине окшош: адал, даамдуу, берекелүү. Жылкынын этин жакшы көрүп жешет экен... Кыргыз диаспорасы менен жолуктук. Ала-Тоонун эпкинин аябай сагынышкан белем, Instagram аркылуу келгенимди жаза койсом, топтоло калып чакырышты. Сагынычтарды жазыштык. Ошол жерде кыргыз бөбөктөрүн эне тилибизге акысыз үйрөткөн бир мугалим бар экен. Алыста ата салтын, эне наркын, улут тилин сактоо далалатын кылган ысык ыкласыңардан айланса болот, кандаштарым... Айтор, тили, теги, тамыры бир алыстагы татар туугандар менен жүздөшүп, дидарлашып, боор батырышып кайттык. Таасирлер Казанды бойлой аккан Волга дайрасындай учу-кыйырсыз, мол. Көп нерсени үйрөндүк, ийгиликтерге шыктандык... Бар бол, Казань. Бар болгула, татар бир туугандар... #Рахмат_Татарстан #Дамир_Ильдусович #Прекрасный_Казань #Спасибо_Раиль
7210   177
27.03.2020
ЖАКШЫЛЫКТЫН ЖЫШААНЫ #Жакшы_кабар - бүгүн асман чайыттай ачык. Мунун кандай жакшылыгы бар дейсизби? Биринчиден, вирустун эң сонун дарысы, акесин таанытар дезинфекциясы болгон күн сонун тийди, буюрса. Экинчиден, күн менен булут - азыркы акыбалдын символикалык каармандары. Эстесеңиз, мурдагы күндөрү кара булут, кечээ ала булут каптаган. Бүгүн болсо булут такыр көрүнбөйт. Муну жакшылыктын белгиси деп билелик. Кудайдан болуп, булут бир ордунда узак калбай каалгып өтүп кеткендей эле, тигил вирус да элибизден, жерибизден, дегеле адамзаттын башынан батыраак өтүп, алыс кетип, көздөн, ойдон биротоло кайым болот экен деп жоруйлук. Буюрса, башыбызга кара булут айланган кыйын учур артта калууда деп ишенелик. Кыргыздын бардык жакшылыктарды камтыган “Асманың ачык болсун” деген мааниси терең жана кенен ак батасы бар. Асманыбыз ачыла берсин! Булут менен кошо көкүрөктөн муң, кыжалатчылык таркап, күн менен бирге кабак-кашыбыз, маанайыбыз жадырасын. Чайыттай асман сыяктуу жолубуз, көңүлүбүз ачылсын. Ошондой эле, ушул сыноону өз башыбызга чакырган пенделик айып-күнөөлөрүбүздү айра таанып, тообо келтирүүгө, кадырын билбей колдон чыгара жаздаган Жараткандын чексиз берекеттери үчүн шүгүр айтууга көзүбүз жана көкүрөгүбүз ачылсын. Соода, бизнес, алакалар азайып, өлкөбүздүн жону жукарып турганда, муктаждарга, оорулууларга жардам берүүгө байлардын колу ачылсын. Бири-бирибизге жакшылык тилеп, оору-сыркоодон, кырсык-балакеттен калкыбызды калкала деп Жаратканга жалбаруу үчүн алаканыбыз ачылсын. *** Кудайга шүгүр, кечээ да “жаңысы табылды” деген кабар болгон жок. Кара булут таркап баратат. Жараткан, өмүрүн тобокелге салып, күн-түн дебей кызматыбызды өтөп жаткан дарыгерлерибизге дарман бер! Күч түзүмдөрүбүзгө күч-кубат ырооло! Азыркы замандын элдин эсендиги, адамзаттын амандыгы үчүн көкүрөгүн дзотко тоскону чуркаган Чолпонбайдай баатырлары ошолор. Жаратканым, элибиздин ынтымагын бекемдеп, мыйзамга карата сый-урматын арттыр. Мыйзамды сыйлоо – бул мамлекетти, демек, өзүбүздүн эбегейсиз эгемендик бактыбызды сыйлоо. Биз оңолсок – абал оңолот, аалам жана заман оңолот! Буюрса, бул күндөр да өтөт... Жумабыз маарек болсун. 27.03. 2020
7104   67
19.06.2020
ӨЗҮБҮЗ ЖЕТПЕСЕК ДА СӨЗҮБҮЗ ЖЕТЕТ. #ТАРЫХТЫ_ТАЛКАЛАБА! Бул - жөн гана дөңсөө-дөбөлөр эмес. Бул – б.з.ч. VII – б.з. II кылымдарына таандык Сак доорунан калган өтө маанилүү археологиялык тарыхый эстеликтер. Мында байыркы тарыхтын табышмактары жана баалуу сырлары катылган - адам сөөктөрү менен кошо элибиздин өтмүшүн аныктоодо баа жеткис маалымат болчу ар-түрдүү буюмдар көмүлгөн болушу мүмкүн. Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылындагы бул көрүстөн тарыхый эстелик катары таанылган. Тарыхтын ошол куттуу коломтосун минтип сүрдүрүп ташташыптыр. Ким кылды? Кантип колу барды? Кантип дити чыдап жасады ушуну? *** Биз космоско учкан, айфон чыгарган, атом бомбасын камдап алган өлкө эмеспиз. Мактанарыбыз, сыймыктанарыбыз – тарыхыбыз, маданиятыбыз гана. Башка элдер кечээги эле тарыхын көбүртүп-жабыртып дүйнөгө дүңгүрөтүп жатса, биз байыркы, бай тарыхыбызды ушинтип бульдозер менен сүрдүрүп таштайбызбы? Тарыхты таптап жок кылуу – өз тамырыңды балталап кыркуу деген эле сөз. Атасынын мүрзөсүн тегиздешке ким жол берет? Маданий эстеликтерди сактоо – бир эле манадият министрлигинин иши эмес го акыры. Айыл өкмөттөрү, жергиликтүү бийликтер буга башы менен жооп бериши бар. Керек болсо ар бир жаран парасат салып, күзөтүп, маданий мурастарды сактоого салым кошушу шарт. Анткени, тарыхтын ээси – баарыбыз. Байыркы элбиз деп мактанабыз. Эртең башка элдер байыркы экениңди далилде десе, эмне, ушул көрүстөндөрдү сүргөн тракторлорду көрсөтөбүзбү? *** Эмнеге сүрдүрүштү экен? Киреше тапканыбы? Жер айдаганыбы? Бул жерди түздөсө, ашып барса бир имарат курулар. А бирок, тарых менен миллиондогон туристтерди тартып, кирешеге тунса болорун тарыхын аярлап, барктаган ар бир эл далилдеп келатат го. Туристтер бизге тарых издеп келет. Уникалдуу маданият издеп келет. Болбосо, биздин жүзүбүз менен көзүбүздү көргөнү келмек эмес. Биздикиндей сары тери, кара баш, тумуйган көз элдер дүйнөнүн үчтөн бирин түзөт. *** Мына бул – чыныгы мыйзам бузуу, оор кылмыш. Райондук маданият бөлүмүндөгү кызматкерлерибизди жиберип, бул иштин жолун тородук. Бирок, бизге билдирбей кылынган ушундай безериликтер канча? Кыргызстан боюнча болгону 180 мамлекеттик кызматкерлерибиз бар. ⤵⤵⤵
Загрузка...
6864   177
11.04.2020
ЖҮРӨК жана ТЕЛЕФОН Кээде чөнтөк телефонумдун бети шире же май болуп кирдеп калганын көрөм. Кичинекей кыздарым мындай кымбат буюмду момпосуй жеп шире, эт ууштап май жуккан колдорун жууп анан кармоо керек экенин кайдан билсин? Кир болгон телефонумду жакшылап тазаламай сайын көңүлүм жайына келбейт. Аны түзүктөп максаттуу колдоно да албай, ичтен жүдөй берем. Жакаң бир аз карарып, кийимиң болор-болбос булганып, минген унааңа ылай чачырап, компьютериңдин мониторун чаң басып, төшөгүң жыйылбай, дасторконуң жыйналбай, үйүң бытырап, корооң чачылып, керек болсо чокоюң майланбай турса деле ошол акыбал: башка ишти астейдил кылууга көңүлүң чаппай, көөдөнүңдү кандайдыр кыжалатчылыктын туманы басып, оюң онго, санааң санга чачырап, өзүңдү рахатсыз сезе бересиң. Бирок, бул маселе эмес: бир аз убакыт бөлүп, аракет кылсаң кир жуулат, чачылган жыйналат, ылай тазаланат, жакаң агарат. Чыныгы көйгөй – бул жүрөктүн, жан дүйнөнүн кирдеши. Кайдагы жоголчу, сынчу, чиричү, эскирчү, ары бассаң артыңда калчу, көздү жумсаң көрүнбөчү, жаңылоого, алмаштырууга, керексиз кезде ыргытып жиберүүгө боло турган буюм-теримдердин кири ошончо мазеңди алса, өмүр өткөнчө бир көз ирмем тынбай айланган каның менен кыбыраган жаныңдын кызматын кылган, ойлоруңдун, ниеттериңдин, пикирлериңдин, амалдарыңдын булагы жана уясы болгон, дене менен рухтун падышасы - жүрөктүн булганышы жашооңду кандай жабыркатып, заманаңды кантип заң-зуң кыларын элестетип көр. Аны буюм сыяктуу самын, айна жана суу менен тазалап жибере албайсың. Алмаштыра койгудай же машиненин дөңгөлөгү сыяктуу кошумча пайы жок. Килем, кийим, көлүк жууган техникалардай жан дүйнөнү жууй турган жабдыкты али эч ким ойлоп таба элек. Таба да албайт. Бирок, жүрөктү таза тутуунун жол-жобосу, шарттары бар. Ал үчүн тообо кыл. Шүгүр келтир. Өлүмдү эсте. Кечиргенди үйрөн. Аз тамак же. Дуба кыл. Түндө ибадат үчүн ойгон. Жакшыга жанаш, жамандан адаш. Адал тамактан. Пайдасыз сөздөн кач ж.б. дешет аалымдар...
6778  
25.09.2019
Бай болуунун планын түзөбүз, бирок, бактылуу болуунун планын түзбөйбүз. Бай болууда бизнес, соода, акча, алтын кандай керек болсо, бактылуу болууда ыйман, адеп, акыл, рух, билим, тазалык жана чынчылдык андан да маанилүү... Акча банкта, сөз берметтери, акыл жана рух кенчи китептерде сакталат. Сөз баккан, акыл нурданткан, салт, нарк билген, билим кенин казган, жан дүйнөсү бай берекелүү адамдарда өмүр улайт... Окуйлу. Убакыт болгондо эмес, атайын убакыт таап окуйлу. Жакшыларга жанашалы – ырысы, ооматы, акылы, асыл сыпаттары өтсүн. Жакшынын, даанышмандын, аалымдын жанында биртке болуу – жылдап кылган ибадаттардан артык дешет... Айтылуу акын, байманалуу аксакалыбыз Надырбек Алымбековду ошон үчүн чакырып, кеп-кеңешин, насаатын уктук. Жаштар ойгонду. Эми уктап жаткандарды ойготкула. Эң чоң сооп иштердин бири - мына ушул... Дүйнөнүң эң китепкөй өлкөсү курулууда, буюрса... Арстан ойгонду... #китепкй_өлкө #китеп_жарманкеси