6136 180
08.03.2020
Сүйүү жөнүндө, эне, жөнүндө, жубай жөнүндө ырлар толтура экен. А бирок, аялзаты тууралуу ырлар жокко эсе тура. Ошону ойлоп, үч күн мурда ушул саптарды шилтедим. Чындап эле аялзаты бар үчүн – өмүр көчү уланып келет. Ойлосоңуз, эгер жер шарындагы жети миллиард элдин баары эркек болсо, жүз жылдан кийин ким кылат? Сыйлайлы, кадырлайлы, сүйөлү, аяйлы. Бирок, жаздын бир жаркын күнүндө эле эмес, жылына 365 күн!!! Майрамыңыздар менен, асылзат аялзаты.
#АЯЛЗАТЫ
Аялзаты – кут, береке булагы,
Аялзаты – маанай таңы, чырагы.
Адамзатты жеңиштерге сүрөгөн,
Ар намыстын, ийгиликтин урааны.
Аялзаты – жашообуздун ырысы,
Жан бүткөндүн мээримдүүсү, сулуусу.
Күн суукта мештей жылуу, ысыкта,
Ак жамгырды алып келген булуту.
Аялзаты – ыйык эне, асыл жар,
Ал бар үчүн адамзат бар, өмүр бар.
Гүлсүз шалбаа, мөңгүсүз тоо сыяктуу,
Аялзатсыз жашоо супсак, дүйнө тар.
Аялзаты – көңүлдөрдүн шаттыгы,
Аялзаты – мырзалардын марттыгы.
Аялзатка бакыт сунган азамат,
Өзү болор эки дүйнө бактылуу.
Аялзаты – бөбөктөрдүн бактысы,
Аялзаты – эргүүлөрдүн ачкычы.
Аялзатын туудай тутуп кадырлайт,
Ааламдагы мырзанын эң жакшысы.
08.03.2020