Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
6424   83
26.05.2020
Карантин көзүбүздү ачса экен!!! Тазалык ыймандын жарымы. Тазалык болмоюнча ыйман да толук болбойт эмеспи. Карантин же пандемия бизден тазалыкты талап кылып жатат. Карантинге чейин Кудай да тазалыкты ар дайым пендесинен талап кылып келет. Бирок биз адамдар Алланын кулу эмес, тескерисинче напсинин кулу болуп бараткан экенбиз. Раббисин унутуп роборт сыяктуу жашап жаткан адамдар эми ойлонуп калдык. Жөп-жөнөкөй кол жуунун өзүндөгү адепти унутуп калдык эле. Ар бир аракеттен кийин колду тазалоого кылдат мамиле жасайбыз. Ашказанга кирүүчү тамак албетте колдун жардамында болот эмеспи. Азыр баарыбыз тамактан мурда жана кийин колду тазалап жууга абдан көңүл бурабыз. Ал эми муну Пайгамбарыбыз Саллаллахи Алайхи Васаллам бизге 14 кылым мурда эскертти эле… «Убакытым жок», «ишим көп»-деп үйдө отурбаган, үй-бүлөгө көңүл бурбаган адам элек. Көзгө көрүнбөгөн вирус убакытыңды да, ишиңди да карап отурган жок. Эки айдан бери эч жакка кетпей үй-бүлө менен отургузуп койду. Ата-эне катары балдарыбыздын тарбиясы жана билими менен алектенип отурдук. Ата-эне менен маектешүүнүн махабатын байкадык. Күнүмдүк тамак-ашты үнөмдүү жана даамдуу даярдадык. Ысырапка жол бербедик. Акылдуу жандар карантинди үй-бүлөсүнүн бактылуулугуна пайдалана билишти. Тилекке каршы карантинде үй-бүлө менен иши жок, өз билгенин кылып, бир үйдө турса да телефондун же техниканын кулуна айланган маңкурттар да бар экен. Бала менен алектенбей, ПАБИЖИ (атышуу оюну) менен алектенген аталар акылга келсе экен… Интернетте ушак менен убакытын уурдаткандар көп экенбиз. Интернетти интеллект менен колдонбогон көпчүлүктүн арасында АКЫЛДУУ менен АКМАКТЫКТЫН айырмасы калбаптыр. ИНТЕРНЕТТИ ИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН КОЛДОНСОК КАНА ... АТТИҢ... Адептүү макалалар же пикирлер талашып көрүлбөй, ушак-айым аябай популярдулукка жетип жаткан учур... Ушак менен улуулукка жеткендер, адепсиздик менен акча тапкандар пайда болду... (🤔менин сабактарымдын бирөөсүн болсо да бир журналист көрүп калып, коомдук эфирден же сайттардан бере албаганына таң калам кээде... Таанылуу үчүн эмес, жөн гана көбүрөөк адам окуп, пайдаланса дегеним🤔) Идрис акын
2788   78
31.05.2020
САСЫГАН САЯСАТ ПАНДЕМИЯ - ПЕНДЕНИН АШКАЗАНЫН АЧКАЛЫГЫН ЭМЕС, АКЫЛЫНЫН АЧКАЛЫГЫН АЧЫКТАП ЖАТАТ... АДАМЗАТТЫН РУХАНИЙ ЖАРДЫЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ. ЭМИ ЭМГЕКТИ КӨП ЖАСАБАСАК, ЭРТЕҢИБИЗ БҮДӨМҮК... ӨЛКӨНҮ АЖООНУ АЛМАШТЫРУУ МЕНЕН ӨЗГӨРТӨ АЛБАЙБЫЗ! БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ БАШЫНАН АЯГЫНА ЧЕЙИН ЧИРИП КЕТИПТИР. СИСТЕМАНЫ ТОЛУГУ МЕНЕН АЛМАШТЫРУУ КЕРЕК... МАМЛЕКЕТ МАГА ЭМНЕ КЫЛДЫ - ДЕП ЭМЕС, МЕН МАМЛЕКЕТКЕ ЭМНЕ КЫЛДЫМ ЖАНА ЭМНЕ КЫЛА АЛАМЫН-ДЕГЕН СУРООГО ЖООП БЕРИП КӨРӨЛҮ... МЕКЕНИБИЗГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ ҮЧҮН СӨЗСҮЗ ТҮРДӨ БИР КЫЗМАТКА БАРЫП, МАЙЛУУ ОРУНДУККА ОТУРУУ ШАРТ ЭМЕС.... ЭГЕРДЕ МАГА ДОБУШ БЕРСЕҢЕР... УШУНДАЙ.... УШУНДАЙ.... УШУНДАЙ.... ИШТЕРДИ АТКАРАМ-ДЕП ШАРТ КОЙОБУЗ.... АТАЛГАН ЖУМУШТАРДЫ АНСЫЗ ДЕЛЕ АТКАРУУ АТУУЛДУК ВАЗЫЙПАҢ БОЛЧУ. МЕКЕН ҮЧҮН КЫЗМАТ ШАРТ КОЮП АТКАРЫЛБАЙТ... ТАЛКУУЛАЙ ТУРГАН ТОЛТУРА МАСЕЛЕ ТУРГАНДА, ПАРЛАМЕНТТЕГИ САЯСАТ САДИККЕ АЙЛАНЫП БАРАТАТ. ЭЛ ӨЗҮБҮЗ ШАЙЛАГАН ЭР АЗАМАТТАР ОШОЛОР. АНДЫКТАН ЭЛДИН АЙЫБЫ ЭМКИ ШАЙЛООДО КАЙРА КАЙТАЛАНБАШЫ КЕРЕК... КЕДЕЙ МАМЛЕКЕТТЕ МАМЛЕКЕТТИК ЧИНОВНИКТИН БАЙЫП КЕТИШИ МҮМКҮН ЭМЕС. БИР ГАНА АЙЛЫК АКЫ МЕНЕН АНТИП ЗАҢГЫРАГАН ҮЙ САЛУУ ДА МҮМКҮН ЭМЕС... БАШ МЕНЕН ЧЕЧИЛЕ ТУРГАН МАСЕЛЕНИ ТАШ МЕНЕН ТАЛКАЛАП ЖАТАСЫҢАР, ЧИНОВНИКТЕР 😔😔😔 ДИАЛОГ МЕНЕН ЧЕЧИЛЕ ТУРГАН ЖЕРГЕ ПУЛЕМЁТ КОЛДОНУП ОТУРАСЫҢАР🙁 БИЙЛИКТЕГИЛЕРГЕ! ЧЕК АРАНЫ ЧЕЧИП КОЮП, ПАРЛАМЕНТТЕГИ ПАРТАДА УКТАСАҢАР ДА МЕЙЛИ ЭЛЕ😔😥😢
4405   72
25.04.2020
30 күнгө 30 сабак 2-күн ЖҮРӨК Күнөөкөр жүрөктөн Аллах да чыгып кетет... Жаман көргөн адамың "Идрис" - деп келсе, "Идрис дебей эле койчу"-дейсиң. Дал ушундай эле Кудай дагы күнөөдөн кайтпаган пенделердин жүрөгүнөн чыгып кетет. Натыйжада алар "Аллах" - дей албай коюшат.... ЭРКЕК Сен ЭРКЕК болмоюнча аялың да АЯЛ болбойт. Эркек эркектей болсун... Алгач сен "АЛТЫНЫМ"- де, ал дагы сага "АРСТАНЫМ" десин... АТА-ЭНЕ Адамды адам кылып тарбиялоо ташты куруудан, үйдү куруудан да маанилүү. 6 жашар балаңды чоңойгондо ААЛЫМ болсун десең, азыртадан баштап аалым менен мамиле кылгандай мамиле кыл.... Бала тарбиялоо баамдатка тургандай кыйын иш... ОРОЗО "Орозо кармоонун эң жеңили: бул кечке ачка жүрүүгө чыдоо. Эң кыйыны: тилдин, көздүн, кулактын, кол-буттун, напсинин орозо кармай билүүсү, арамдан тыйыла билүүсү". Рамазанда жин-шайтандын кол-буту кишенделген менен, напсиң өзүңдүн колуңда, аны башкаруу сана калган... РАМАЗАН СООПТУН СЕЗОНУ!!! 25.04.2020 ИДРИС АКЫН
Загрузка...
3318   58
27.05.2020
БИЗ АЗЫР Ар дайым ар кимден кеңеш алууну жакшы көрөм. Кеңешүүнү адатым деп билем. Тилекке каршы азыр адамдардан акыл сурасаң бир заматта сени билимсизге чыгарып койот экен. "Идрис эмнени билет эле? Ар дайым менден акыл сурайт" - дегенин уктум, бирок таң калбадым. Чындыгында да билгенимден биле элегим толтура. Бирок, билгеним аздык кылып, дагы да көп билейин, же дагы да көп маалымат тактап алайын - деп кайрыла берет элем... Аллахка жагынуу үчүн илим алган адамдар, азыр коомго таанылуу үчүн илим алып жаткандайбыз... Ошончолук илимдин даражасына чыксак да, Жараткандын буйругуна моюн суна элекпиз... БИЗ АЗЫР: ИЛИМДИ АЙТУУДА АЛДЫДА БОЛГОНУБУЗ МЕНЕН, ИЛИМДИ ЖАШАП КӨРСӨТҮҮДӨ ЭҢ АКЫРКЫ ОРУНГА БАРАТАБЫЗ!!! БИР НЕРСЕ БИЛБЕГЕНДИН ДА БУЛ ӨМҮРДӨ ӨЗГӨЧӨ ОРДУ БАР ЭКЕНИН УНУТПАСАК. ТАМГА ТААНЫБАСА ДА ТАТЫНАКАЙ ЖАШАП ЖАТКАН ЖАКШЫ АДАМДАРДАН ӨРНӨК АЛСА БОЛОТ. ИНТЕЛЛИГЕНТТЕРДИН иш жүзүндө бириге албаганына ичим өрттөнөт. Жамандар тил табышып, алкаш менен алкаш достошуп кеткени качан. Жакшылар жанаша басканды унутуп жатат!!!... АТАЛАР СӨЗҮ - АКЫЛДЫН КӨЗҮ. -Өткөн өмүр, кеткен көңүл табылбайт. -Күйүк жарасы айыгат, күйүт жарасы айыкпайт. -Өзүңдү зорсунба, өзгөнү корсунба. -Отуз жыл ийилип өскөн тал бир жылда түзөлбөйт. -Көлөкөнү түздөп убара болбо, талдын өзү ийри болгон соң... Идрис акын (фото архив)
2041   57
26.06.2020
АКЫЛДУУ АДАМДАРГА АЛТЫНДАН КЫМБАТ КЕҢЕШТЕР Адамдын адам менен болгон мамилеси, унаанын унаа менен болгон мамилесине окшойт. эгерде өзүң менен адамдар ортосунда белгилүү даражада аралык сакталбаса, кырсык көп катталат....ар кимге ачыла бербей, сырдуу бол! *** Адамдарга ар дайым жакшы сүйлөй бербе. Анткени кээде абал үн катпай турууну мажбурлаганда, «Бизди жактырбай калыптыр, тоготпой жатат», деп күмөн санашат… *** Бир киши имам Шафинин жанына келиип, «Паланча киши сизди жамандады», деп айтат. Ошоондо имам Шафий: «жалган айтпаган болсоң, анда чакымчы (сөз ташыган киши) экенсиң. Сөзүңдүн чындыгы жок болсо, анда жалганчы экенсиң», деп айтат. Сөз ташып келген кишинин бети кызарып алыстап кетти… *** Бирөөнүн адебин билгиң келсе, аны ачуусу келгенде көр. Бирөөнүн өсө тургандыгын билгиң келсе, өзүнө жамандык кылгандарга кылып жаткан мамилесин көр. Бирөөнүн акылын билгиң келсе, анын пикирине каршы чыккандар менен жасап жаткан мамилесин көр. *** Куран китебиңдин үстүндө чаң көрсөң абалыңа ыйлагын. Ким 3 күн Куран окууну себеби жок таштаса, Курандан алыстаган болуп саналат. Макаланы окуп бүтүп, Кураныңызды да барактап коюңуз. *** Илимди үйрөнүп, бирок аны айтпаган киши байлык чогултуп, бирок ал байлыкты колдонбогон кишиге окшойт. Хадис *** Бир киши: «Аялдар бут кийимге окшош. Өзүңө ылайыктуусун тапсаң, алмаштырып ала бересиң», деп айтат. Жанындагылар ошол жердеги аалым кишиден: «Бул кишинин сөзүнө эмне дейсиз?» деп сурашат. Ошондо аалым киши: «Бул кишинин сөзү туура» деп айтат. Кандайча дегендей таң кала карап калган элге сөзүн ушинтип улантат: «Өзүн бут менен теңеген киши аялды бут кийимге теңейт. Ал эми өзүн падыша деп эсептеген киши үчүн аял киши башка кийилген таажы сыяктуу. Бул кишиге жаман сөз айтып урушпагыла, бирок өзүн эмнеге салыштырып жатканын билдирип койгула», деген экен… *** Эх адамдар! Кедейликтен корккончолук дозоктон да коркушканда, экөөнөн тең кутулушмак. Байлыкты сүйгөнчөлүк Бейишти да сүйүшкөндө, экөөнө тең жетишмек. Адамдардын сөзүнөн корккончолук, Алланын сөзүнөн да корккушканда, дүйнөдө жана акыретте бактылуу болушмак… Топтоштурган: Идрис Айитбаев
3943   57
25.05.2020
ОРОЗОДОН АЛГАН ОЙ АШКАЗАНДЫН КУЛУ БОЛУП КАЛГАН ЭКЕНБИЗ... АЛЛАНЫН КУЛУ БОЛУУ КЕРЕК!!! Көпчүлүк адамдар өмүр бою белгилүү убакытта эрте мененки, түшкү жана кечки тамактарды жегенди шарт деп ойлошот жана ушинтип отуруп ашказандын кулуна айланып калышкан. Ачпы, токпу, мунун мааниси жок, алар азыктана беришет. Байкуш денеге кирген ашыкча азыкты, анын үстүнө керексиз жана пайдасыз азыкты ашказан сиңире албай, дене да ооруп баштайт. Көп ооруулар ачкалыктан же жокчулуктан эмес, ТОКЧУЛУКТАН болуп жатат. Мурдагылар "адам өзүнө бычак жана вилка менен кабыр казат" - дегени туура. "Өлчөмүнөн ашыкча жээлген тамак адамды жейт" - деп туура айтылган. Биз аш казанды дем алдырбай жатабыз. Анын далили орозонун бүтөрү менен көрүнүп турат.... Ашказан, боор, ичек, өпкө, тери... ж.б.у.с. Тамак сиңирүүчү органдарга чегинен ашыкча иш жүктөп баштадык. Жыйынтыгында ашыкча иш дене мүчөлөрдү чарчатат жана иштен чыгарат.... ДЕН СООЛУК БЕКЕМ БОЛУУСУН КААЛАСАҢЫЗ АПТАНЫН БИРИНЧИ ЖАНА ТӨРТҮНЧҮ КҮНДӨРҮ ОРОЗО КАРМАГАНДЫ АДАТ КЫЛЫҢЫЗ... Орозо менен коштошпой, жаман адаттар менен коштошолу. Ал эми аптанын дүйшөмбү-бейшемби күндөрү орозо биз менен жүрсүн 😊😊😊 Майрамыңыздар менен достор! 25.05.20 Идрис акын
5837   56
24.04.2020
30 күнгө 30 сабак. 1-сабак Президентке жакындоо үчүн, анын жакын адамдары менен жакшы мамиледе болуу абдан маанилүү. Ал эми Аллахка жакындоо үчүн да, Анын жакын-жакшы көргөн адамдары менен жакшы мамиледе болуу керек. Аллахтын жакын жана жакшы көргөн адамдары:жетим-жесирлер, жардылар, мискиндер, мусапырлар, зулум чеккендер жана албетте аалым-оолуялар, устаттар... Бул айда садаканы күчөтүү керек. Бул айда ыйманды бекемдөө керек Бул айда кечирүү керек Бул айда аз уктап, аз жеп, көп окуп, көп ибадатта болуу керек Бул айда Куран жаттоо керек Бул айда ифтар берүү керек Бул айда таарынбоо, урушпоо керек Бул айда берешендикти, жоомарттыкты күчөтүү керек... Байлар бул айда көп садака кылганы үчүн сооп табышат. Эгерде рамазан айы болбогондо кедейлер, байларды жек көрүп калышмак! ООБА, ТУУРА РАМАЗАН ДЕН-СООЛУКТУН КЕПИЛДИГИ!!! БИРОК Орозо ден-соолук үчүн кармалбайт, ОРОЗО ПАРЗ БОЛГОН ҮЧҮН КАРМАЛАТ! Орозо кармап бирок намаз окубагандар бар. Бир парзды аткарып экинчи парзды аткарбай коюу туура эмес. Намазды да чогуу окуйлу! Аллах баарыбыздан ыраазы болсун! 24.04.2020 ИДРИС АКЫН
2254   56
11.05.2020
КАТТАРГА ЖООП Негизи мага "салам алейкум" деген каттар көп келет. Баарына алик алам, бирок баарына жооп жаза албайм. Жалпы каттардын эң зарыл суроо менен кайрылгандарына жооп бергенге аракет кылам. Ошондо да кээ бир суроолорго жооп тапкыча узап кетем. Билгиси келген адам кайра байланышат, жообун таап бергенге аракет кылам. ЭҢ ӨКҮНГӨНҮМ САЛАМГА жооп жазсаң, кандай анан, мени таныдыңбы..... ж.б.у.с. уланып кете берет.... Ушудан безип жооп жазбасаң: "Саламга алик албаган акмак, өзүнчө звезда" - деп чыккандары арбып баратат. Акмак болсом эмнеге бийликтен ылдыйга түштүң, алдыңа алгалай бер.... СҮЙЛӨШҮҮ АДЕБИНЕ, МАМИЛЕНИН МАДАНИЯТЫНА ДА КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК, ДОСТОР... Баракчаңыздан мобуну реклама кылып бериңиз - дегендерге, реклама кылынып жаткан нерсе менин окурмандарыма дал келсе чыгарам, дал келбесе капа болбонуздар. Анын үстүнө соцбаракчамды колдонууну анча эле биле бербейм, болгону акылым макал жазып чыгарууга жетип жатат... Негизи СОЦТАРМАКТАН кетким келет, бирок белгилүү окурмандардын сурануусу менен гана кирип турам... ЖАМАН КӨРӨКЕЙ ЖОК, ДОСТОР...