Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2380   44
28.06.2020
АР КИМДИ ӨЗҮМДӨЙ ОЙЛОП, АЛДАНА БЕРЕМ!!! Кээ бирки адамдар бүгүн аларды бактылуу кыла турган адам табылса, кече бактылуу кылган адамын унутуп ташташат экен... # Акылың кичирейген сайын тилиң узара берет экен… # Кудай мага сүйлөсүн десең, Куран оку. Сен Кудай менен сүйлөшөм десең намаз оку… # Карызга акча берип турган адам табышың мүмкүн, бирок карызга бакыт берип тура турган адам таба албайсың… # Көчөгө байлыгын таштап салган адамдар жок, бирок баласын таштап салган адамдар чыга баштады… # Устазын урмат кылып, колундагы муздак сууну устазынын даараты үчүн койнуна катып жылыткан шакирттер бар эле. Азыркылар колундагы муздак сууну устазынын койнуна куйганы даяр… Тууган болуп кирип алып койнуңа Жылан болуп оролгон көп мойнуңа Жакшылыкты сезбегендер бездирди Жаным ооруйт, алдаганды койгула!!! Идрис Айитбаев
3172   43
09.05.2020
30 күндө 30 сабак 16-күн 16 мүнөт ойлонолу .............. Балам үчүн жашап жатам-деп, балаңды кошо бактысыз кылып жатасың... ............. Балдарыңар ата-эне бактылуу болмоюнча чыныгы бакыттын даамын сезбей жашайт... ............. Үй-бүлө урушкана эмес... ............. БАЛДАРЫБЫЗ БИЗДЕН ӨТҮШҮ КЕРЕК! Доцент шакирт профессор устазына: - устаз, биз сиздин жарымыңызчалык болсок кана эле! - деген эле, устаздын ачуусу келип ушундай деди: -эй Мурат! Сен менин жарымым, сенин шакиртиң сенин жарымың болсо, акыры ортодо эч нерсе калбайтко! Балам сен менден өтүшүң керек!... Үй-бүлөлөр да ушундай болуусу керек. Ата-энелер да ушинтип ойлонуусу керек. Апасы баласына: "атаңдан көрө көбүрөөк окугун, балам! Себеби перзенти ата-энесинен ашпаган улут алдыга өспөйт!...." .................... Баланын эң керек болгон муктаждыктарын аткарбоо канчалык туура эмес болсо, алардын ар кандай каалоосун аткаруу да ошондой эле ката болуп саналат... .................. БЕЙИШ ЭНЕНИН ТАМАНЫНЫН АСТЫНДА Бир аял казыдан сурады: "Эмне үчүн биз күйөөлөрөбүзгө баш ийүүгө буюрулганбыз. А күйөөлөрүбүз бизге баш ийүүгө эмес". Казы аялдын өзүнөн сурайт: "Канча перзентиңиз бар?". Аял: "Үч уулум бар", деп жооп берет. Казы: "Аллах таала сизди бир эрекке баш ийүүгө буюрду, бирок ошону менен бирге үч эркекти сизге баш ийүүгө буюрду. Алар сиз ыраазы болбосоңуз бейишке кире албайт. Эми өзүңүз айтыңызчы, кимде артыкчылык бар экен, аялдардабы же эркектердеби?!", деп айтты. Ошондо ал аял: "Мени мусулман кылып жараткан Аллахка мактоолор болсун!", деп шүгүр келтирди... 09.05.20 Идрис акын
2664   42
13.05.2020
30 күндө 30 сабак 20-күн АПАЛАРДЫН АКЫЛЫ. Кыз-келиндер үчүн сабак Илгери апаларыбыз өздөрүнө күйөө тандабай, төрөлө турган балдарына АТА тандаган. Аталарыбыз да дал ошондой болочок балдарына татыктуу АПА тандоону биринчи орунга койгон... Бир тойдо Кызын узатып жаткан апанын айтканы эсимде: кызым, барган жериңе таштай батып, суудай сиңип кет. Барган жериңдин кайын ата-кайын энеңди, күйөөңдү бери кой, керек ошол жердин короосундагы итин да жамандап келбегин... Апам айтат: Боюмда бала бүткөн күндөн баштап, тогуз ай төркүнүмө курсагымды көрсөтүп баруудан уялгам. Төрөп бүтүп анан барганмын. Бизде жолдошумсуз төркүнүмө барууну уят эсептечүбүз. Ажырашып келген кыздын ата-энеси эл карагандан уялчу эле ал кезде. Атаңардын айтканын аткаруу аял катары биринчи вазыйпам деп билчүмүн. Анткени апам ушундай тарбиялаптыр. Бышкан тамакты ар дайым биринчи атаңа куям. Атаң жок болсо да, биринчи ал кишиге куюп, алып койом... Дагы бир апа айткан эле: Тогузунчу баламды үйдө эрте менен төрөп, түштөн кийин үйдөгү балдарым ачка калды деп тандырга нан жапканмын. Андан кийин дагы экини төрөгөнмүн балам... АКЫЛДУУ АПАЛАРДАН АЛГАНДАРЫМ: -бир жолу тойдо той ээлери тууралуу маалымат жазып жаткам. Эки жаштын аты-жөнүн апа айтып берди. Анан ата-энесине кезек келди. Атасынын аты, жолдошуңуздун аты ким-десем, "азыр, мен атын айта албайм, кызым, кел атаңдын атын айтып кой" - деп жылмайып кирди... -Кагынчаак кайын энеге, багынчаак келин туш келбейт - дейт кыргызда Келиндерин мактаган кайын энелер көп болсо экен кыргызда -жасанууну сыртка эмес, жолдошуңар үчүн кылганыңарда жакшы жашамаксыңар... -кайын журтта УРМАТ - СЫЙ үчүн аткарыла турган аракеттин баарын, азыркы кединдер КЫСЫМ же СТРЕСС деп баалап калган.... -мурдалары телефон жок, айттырбай келген конокко да акылдуу аялдар жакшы мамиле кылып, кубантырып үйдөн чыгарган. Азыр АЙТТЫРБАЙ КЕЛГЕН КОНОКТУ АТЫП САЛГЫСЫ келген келиндер бар. -ЖАКШЫ ЧЫКСА КЕЛИНИҢ БАЛАҢДЫ БАШТАН ТӨРӨЙСҮҢ, ЖАМАН ЧЫКСА КЕЛИНИҢ ӨЗ УУЛУҢА ӨГӨЙСҮҢ... жолдошуңду ата-энесине өгөй кылба...балдарыңдан кайтат унутпа... 13.05.20 Идрис акын
4438   42
15.05.2020
30 күндө 30 сабак 22-күн КЕРЕГИ ТИЙСЕ КУБАНАМ Балдарга кылган жакшылыкты ата-энелерге кылгыла. Анткени баланын жүрөгүнө ата-эне мээримин салуучу Аллах экенин унутпаңыз. Баланызды жакшы көрсөңүз, балаңызга Аллах баласынын сүйүүсүн салат, сизди суйбой койот... Аныктан, балдарыңарга ата-энени сыйлоону көрсөткүлө, анткени куш уясында көргөнүн кылат!!! Сабр кылуучулар менен шүгүр кылуучулар бейиште... Баягыда бир көрүнүшү жагымсыз болгон кара түстүү кишиге сулуу аял турмушка чыгат экен. Бир топ жыл жашагандан кийин күйөөсү аялына "Кара сен сулуусун, ошончо жыл мага чыдап жашадын" - деп сөзүн баштады. Аңгыча болбой акылдуу аялы "Жок мен күзгүдөн экөөбүздү бейиште көрүп жатам" - деп кирет -Кандайча.... -Сиз мага жетип шүгүр кылдыңыз, мен сизге чыдап сабыр кылдым. Сабыр кылуучулар менен шүгүр кылуучулар бейиште деген хадис бар...😊-деп, жылмайып, жолдошунун желкесине башын жөлөдү.... Илимди алып аны менен жашаган адамга билимдүү дейбиз... Шайма энебиз акындык менен согушту токтотууга себеп болгон... 40 күн беш маал намазга жетишсеңиз оозуңуздан хикмат булагы оргуштап чыгат.... Жашооң кулагыңа айтылган азан менен башталгандай эле, ар бир күнүң намаз менен башталып,намаз менен аякталсын... Үй-бүлөдө эрдин айтканы же аялдын айтканы эмес Алланын айтканы болушу керек. Ошондо ошол үй-бүлө эң бактылуу үй-бүлөлөрдүн сап башында болот... Адеп жыпар жыт сыяктуу. Атырды да сен себесин башкалар рахат алгандай. Сен адептүү бол башкалар сенден рахат алсын.... Башымды сактайын десеңиз тилиңизди сактаңыз... Ийгиликтин сыры Алланын буйругун аткарууда жатат.... Андан башка нерселердин бардыгы ийгилик болуп көрүнсө да бул ааламда калуучу напсинин ийгиликтер болуп саналат. Эгерди анын баары Аллах үчүн аткарылса жана Алланын буйруктары да унутулбаса, анда бул эки дүйнөгө пайдасы тийген ийгилик болуп саналат... 15.05.20 Идрис акын
Загрузка...
2573   39
14.06.2020
ДИЛДЕН ЧЫККАН СӨЗ ЖҮРӨККӨ ЖЕТИП БАРАТ. ТИЛДЕН ЧЫККАН СӨЗ БОЛСО КУЛАКТАН НАРЫ ӨТПӨЙТ. Аял затын кордогондордун баары ислам динин түшүнбөгөн адамдар. Напсинин, шайтандын азгырын ээрчигендер, динге чейинки караңгы доордогу акмакчылыктын артынан ээрчигендер. Ислам дини гана аялзатын сыйлаганды үйрөтөт. Бир эси жок эркектин айынан бүтүндөй эркекти жамандап жаткан адам, өзүнүн бүтүндөй эркек туугандарын кошо жамандап жатканы эсине келет бекен... Бир эси жок аялдын айынан бүтүндөй аялзатын жамандап жаткан адам, өзүнүн бүтүндөй аял туугандарын кошо жамандап жатканы эсине келет бекен... Хасан Басрийден бир киши: "Кызымды кимге турмушка узатайын?" - деп сурайт. Ал: "Кудайдан корко турган адеп-ахлактуу адамга бер. Жакшы көрсө урмат кылат, жаман көрсө да ага зыян кылбайт" - деген экен.... Ислам динин зөөкүрлүк кылган, терроризм жасаган кишилердин сакалы менен топусуна карап түшүнүп албоо керек. Ансыз да динди жаман көрсөтүү үчүн топу-сакалчан кишилерди терс каармандын образында чагылтып кино тартышып жатат. Ал эми реалдуу жашоодо жамандык жасаган мусулман кишилер болсо, ислам динин туура түшүнө албай жаткандар. Ислам динин түшүнбөгөн адамдар: -динди жамандайт, үйрөнүүгө жакын жолобойт -түшүнгөн адам болуп, али түшүнө элек экендигин акмактыгы менен далилдейт. -акыркы таза дин катары ар бир адамга келтирилгенин унутуп, Араптыкы деп таңуулагандан жаагы талбайт. -"топу, сакал, жоолук" булар жөн гана сырттагы көрүнүш. Динди мусулман болуп көрүнүп жаткандан эмес, мусулман болуп жашап жаткан кишиден үйрөнүү керек. Анткени азыр диндин көрүнүшүн беткап катары колдонуп жаткан тарбиясыздар көбөйүп баратат. Унутпа! Окуган намазың сени жамандыктан тыйбаса, демек жөн эле жайнамазда жатып-туруп жатасың деп ойлойм. Бул сөзүм менен окуп жаткан намазыңды дагы да такыбалык менен оку керек демекчимин. "аялың Аллахтын аманыт". Бул хадисти ар бир күйөө бала жана кайын эне түшүнгөндө келинин кордобойт эле. Демек динди түшүнбөгөн адамдын аткарып жаткан ишинин акыбети булар... Динди түлкүдөн үйрөнсөң "тоок урдаганды адал" - деп айтат эмеспи. Динди Кыргызстан Мусулмандар Казыятынын уламамалар кеңеши тарабынан көзөмөлдөн өткөн кишилерден үйрөнөлү, Муфтияттын уруксаты берилген диний фонд
1964   37
27.06.2020
СССР тарагандан кийинки КРИЗИС жана ВИРУС тарагандан кийинки КРИЗИС СССР тараган кезде жокчулукка топук кылып жашаган эл элек. Барына шүгүр келтирип, ыймандын токтугу бар эле. Адамдын кадыры адеп-ахлак жана адамгерчилик менен өлчөнөт эле. Акыркы 20 жылдын аралыгында адамдар материалдык жактан бутка туруп, жашоо шартыбыз бир топ жакшы жакка өзгөрдү. Тоо башына чейин жарыктык жана жылуу суу чыгардык. Жашоо шартыбызды жеңилдеткен техникалар күч алды. Эми алдыда пандемиянын кесепетинен улам экономикалык жана интеллектуалдык чоң кризис келе жатат. Комфортко, жеңилдикке көнүп калгандан кийинки кризисти көтөрө албай калабызбы деп корком. СССР тарагандан кийинки кризисте байлар жок эле. Элдин жашоо шарты бирдей эле. ВИРУСтан кийинки кризисте байлар сараңдыгынын айынан жаман адамдардын кагылышуусуна дуушар болушат. Жамандар биригишип, жакшыларды кыйнашат. Коом бир канча бөлүккө бөлүнүп майдаланат. Улутту ойлогон улукмандар ур тепкиге алынат. Жеңил ишке көнгөн жаныбыз, оор ишке онтоп калат. Күнүмдүк тапканыбыз күнүмдүк жегендей ашпай калат. Тарбиясыздык күч алган коомдо, тарбияга чакырган кишилер жамандалат. Ата-эненин кадыры телефондон төмөн түшүп кетет. Кеп-кеңеш берилбеген коомдо жакшылык болбойт. Кеңеш берген кишини жек көргөн коомдон да жакшылык чыкпайт. Азыр интеллектуалдык, адеп-ахлактык кризис башталды. Ушуга ушунча болуп жатабыз. Бираздан кийин экономикалык катуу кризис башталат. Ал кезде кантээр экенбиз. Келечек муун үчүн чочулайм, келечек үчүн кайгырам... Идрис Айитбаев #коркуп_кетем_ойлосом #Кудай_сактасын #Мекеним_Кыргызстан #жаман_көрбөңүз
2629   37
18.04.2020
5 УБАК НАМАЗ жана БЕТИ ЖОК НАПСИ! Бир күн кечке окуп жаткан НАМАЗГА Бар болгону бир саатыңды бересин Жумушуңдун көп экенин шылтоолоп Жарды болуп ыйманыңан келесин Таң агарып атты мына жаңыдан Бирок аны бааладыбы адамзат БААМДАТ жок напсисине кул болуп Уктаганды кааладыбы адамзат БЕШИМГЕ эмес түштөнүүгө убак бар Тамак менен азанды укпайт кулактар Кыйын болбо мингениңе кычырап Кыяматта кыйын болгон сурак бар АСР келсе акылыңа тутпайсың Чарчадым деп жумушуңан уктайсын Убакытка касам ичкен Аллахтын Курандагы убадасын укпайсын ШАМ киргенде шашыласың тоюңа Шам намазы такыр кирбей оюңа Напсиң бирок тойбойт досум унутпа Бүт ааламды берсе дагы колуңа КУПТАН келсе кыйынсырап болбойсуң Кудай үчүн намаз кылып койбойсуң Кечке тапкан акчаң санап шарактап Кийинки күн кирешеңди ойлойсуң Жетет болду НАПСИҢДИ тый, тыңдаба! Өзүңдү бил өзгөлөрдү сындаба Акыреттин азабынан албетте НАМАЗ сени сактап калат бир гана... Идрис акын АССАЛААТУ ХОЙРУМ МИНАН НАВМ НАМАЗ УЙКУДАН АБЗЕЛ!!!
6365   37
01.05.2020
30 күндө 30 сабак 8-күн УЛУУЛАРГА Мурдагылар балдарга башынан өткөн жакшы-жаманды, кыйынчылык сыноо заманды сүйлөп берген, биз угуп отурат элек. Азыр жаштарга суйлоп берген аксакал жок....баарына интернет... акты - ак, караны - кара - деп сүйлөгөн кишини "АКСАКАЛ"- деп айтат. Сакалына ак түшкөн кишиге "ЧАЛ" - деп айтылат. Аксакалдар азайып Азыр бизде чалдар көп Мына ошонун айынан Адеби жок балдар көп... Идрис ЖАШТАРГА Карантинде карыяларды, ата-энени, улууну сыйлап, телефондон да көбүрөөк аксакалдын акылын, турмуш тажрыйбасын алалы! Ата-энени нааразы кылып-намазыңдан, орозоңдон, зекетиңден, умраңдан, ажыңдан, садакаңдан сооп таба албайсың. Бакытты башка жактан издебей, ата-энеңдин батаасынан изде... БИР ТУУГАНДАРГА -Акеңди сыйласаң - жеңеңе жакшы мамиле кыл -эжеңди сыйласаң - жездеңди урматта -иниңди сыйласаң - келиниңди жамандаба -карындашыңды сыйласаң - күйө балаңды кадырла... мына ушуларды түшүнбөгөн бир туугандар эки жашты эки жакка бөлүп жатышат... ЭКИ ЖАШКА -Кайын энесинин купулуна толгон келин гана башка келиндерге караганда бактылуу жашайт. Өз энеси мактап турган келинди жаман көргөн күйөө баланын же көзү көр, же акылы анча иштебейт. -Аял менен айтышып жаткан эркек, өзүнүн эркектик касиетин жоготот... -Айтышпаганга үйрөн. Айтышкан эркек барибир аялынан акын болсо да жеңилет. 😊 Айтышып кетсең, кайра кучакташып жатканды үйрөнүү керек. -күйөөңдөн сөз укпайын десең, анын көзүнө, кулагына жана мурдуна этият бол. Көз, кулак жана мурдуна жакпаган нерселерден алыс бол. -күйөөм менин айтканымды кылсын десең, сен да анын ата-энесин жана туугандарын сыйла - жат кылба. Мына ошондо сени башында көтөрүп жашайт... Төмөнкү кишилердин намазы кабыл болбойт экен: -эрдин ачуусуна тийген аялдын -момун шеригине 3 күндөн ашык таарынган кишинин -тынымсыз арак ичкен кишинин -коому жактырбаган имамдын. Хадис НАМАЗ, ОРОЗО, САДАКАДАН ДА ДАРАЖАСЫ УЛУУ БОЛГОН АМАЛ БУЛ- АРАЗДАШКАН АДАМДАРДЫ ЭЛДЕШТИРҮҮ. Хадис ДОСТОР, ДОСТУККА КЫЗМАТ КЫЛАЛЫ. анткени ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ КЫЯНАТКА ЧЕЙИН, ЧЫНЫГЫ ДОСТУК КЫЯМАТКА ЧЕЙИН! Кыргыз-казак достугуна көз тийбесин! Балгынбек агабыз менен Кара-Шородон эстелик сүрөт. Атамдын батасын алып берген унутулгус күн 2019-жыл 17-июль 2020 Идрис акын
3093   36
20.05.2020
30 күндө 30 сабак 27-күн ТИЛ БӨЛӨК, СҮЙЛӨӨ БӨЛӨК Төөнүн тили биздин тилибизден кыйла чоң болгонуна карабастан, сүйлөй албайт. Демек, тил башка, сүйлөө башка. Оозубуздан куюлган сөздөр фабрикадан чыккан продукцияны элестетет. Бул сөздөр оболу бир станокто токулуп, бир сүзгүчтөн өтүп, бир натыйжага жетип жана сүйлөөгө чечим кылуубуз менен бирге сөздөр биз айтып түшүндүрө албаган кайыптык иш аракеттер менен үн кошулуп, ички дүйнөбүздөгү жашыруун сөздөр ачыкка чыгарылган. Бирок биз бул иш аракеттердин эч бирин билбейбиз. Оозубуздан чыккан ар бир сөздө үн маани кызматташтыгы бар. Сөзүбүз маектешибиздин кулагына жеткенде, үндүн милдети бүтөт. Эми бул милдетти толкун алып, сөз таптакыр башкача абалга өтөт. Кулактын ичиндеги атайын үн өтчү жерлерден өткөрүлүп, угуу борборунун эшиги кагылат. Ар бир сөздүн толкуну ар башкача болгондуктан, акыл эшиктин кагылыш түрүнөн кимдин келгенин түшүнөт. Анан дагы бир процесс аркылуу толкун кайрадан бир сөзгө айланат. Ушинтип, аң сезимибизде пайда болгон бир сөз, кыска мөөнөттүн ичинде, бир нече ыңкылапты башынан өткөрүп, маңдайыбыздагы маектешке жеткирилет. Телефон менен сүйлөшүп жаткан эки кишини элестеткиле. Бүткүл телефон системасы бул сүйлөшүүгө кызмат кылууда. Бул кишилер бетме бет келишсе, телефонсуз сүйлөшө алышат. ЖЕТИ МИҢ ЖАКШЫЛЫК төмөнкү жети сүйлөмдө 1000ден болуп жыйналган: 1. Унчукпоо – бул, кыймыл аракетсиз ибадат. 2. Унчукпоо – бул, жасалгасыз кооздук. 3. Унчукпоо – бул, авторитетке таянбаган айбат. 4. Унчукпоо – бул, коргонсуз чеп. 5. Унчукпоо эч кимден кечирим суратпайт. 6. Унчукпоо амалдарды туткан периштелердин ырахаты. 7. Унчукпоо – бул, кемчиликтерди жапкан жабуу. -Эй, көптү билген киши, тилиңди тый! Эртең тилсиздерге сурак болбойт. -Эй, акылдуу киши! Элдин айыбын айтпа. Өз айыбыңды көрүп, ошону менен алек бол. -Балээлер ойлонбой жана орунсуз айтылган сөздөрдүн артынан келет -жаңылып сүйлөгөн жалынып тынат. -Өзү каалаган сөздү сүйлөгөн адам, өзү каалабаган сөздү угат. -тилиңди бош койсоң тишиң сынат... Айта берсең кете берет, акылдууга жете берет... Идрис акын