Idris Aiitbaev official
@aiitbaevidris
Idris Aiitbaev official

Подписчики: 59865
Посты: 516
Подписки: 119
Элсом 0777120185 Жакшы адам бергенин унутуп, алганын унутпайт.
https://www.youtube.com/channel/UCCtQR8k2HbjKNKpSLar0gvw


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2472   29
18.05.2020
30 күндө 30 сабак 23-күн БАЙ жана УСТА Баягыда колу гүл устага колунда бар БАЙ киши бир кооз үй салдырат экен. Эмгегин аяктаган УСТА байдын келип үйдү кабыл алуусун суранат. Үйдүн абдан кооз, кыялындагыдай салганына ыраазы болуп, уста менен маектешип сыртка чыгат. Бай киши, эмгек акысын күтүп турган устага: - мобул үйдүн каршысында турган бош жерге дал ушул үйдүн шеригин сал, анан сүйлөшөбүз" - деп кетип калды. Акчасын ала албаган уста айла жоктун айынан экинчи үйдү баштайт. Үй бүткөнгө чейин: "ушунча үйү бар, бул үйдү эмне кылат, башына тартабы?" - деп, байдын акылы жетпеген жана көрбөгөн жерлерин эптемей кылып, арзан материалдар менен бүтүрүп салат. Экинчи үйдү бүтүрүп, аягына чыгарып байды чакырат. Келген бай экинчи үйдү биринчи үй менен салыштырып, таң кала тиктеп айланып чыгат. Уста болсо, кемчилигин сезбей калса экен-дегендей ой менен үн катпай артыраакта басып бараткан. Бир убакта сыртка чыгып: -устам, колуң дард көрбөсүн. Абдан сонун иш жасадың. Экинчи үйдү каршылык кылбай жасаганыңа да абдан ыраазы болдум. Чынында бул үйгө муктаждыгым жок. Мен аны сендей колу гүл уста менен коңшу болгум келип жасаттым. Ачкычын ал, бул менден сага белек болсун-деп айтат. Ачкычын колуна алган уста үн катпай катып калат. Тилинде рахмат айтып, көзүндө кубанычын билдирген менен ичинде өзөгүн өрттөгөн жалгыз бир ой: "эгерде мен экинчи үйдү өзүм үчүн салып жатканымды билгенимде, биринчиден да кымбат материалдарды колдонмокмун, каап"... Достор, жогорудагы окуядан ала турган сабак чоң. Биз да бул дүйнөдө убактынчалык калуучу үйүбүз менен алаксып, акыретте бара турган үйүбүздү унутуп калбайлы. Ал үйүбүз Аллахтын колдоосу менен буюрса орозо кармагандар үчүн убада кылынган РАЙЯН эшигинен кирип, ФИРДАВСТЫН төртүндө болсун иншаллах. Идрис акын
2381   154
26.06.2020
СОЦБАРАКЧАДА СОГУШКАН БААТЫРЛАРГА Мегин жазган макаламдын баарын ЭРКЕКТЕР үчүн жазам. ЖАШТАР үчүн жазам. Баарына бирдей көңүл буруп, коомдун көйгөйүнө көңүл буруп келем. Окурмандардын арасында менин дарегиме акарат сөздөр айткан адамдап алтөө болс, алкыш айткандар 60,акарат айткандар 60 болсо, алкыш айткандар 600 киши. 60 кишиден жаман сөз уксам да, 600 киши үчүн макала жазып келем. Макала жазбай өзүм менен калгым келет. Башканын жаман сөзүн угуп мага эмне заарыл. Бирок инстаграмда бирөөлөр жеген тамагын салып, бирөөлөр жарым жылаңач бийлегенин салып, көпчүлүккө руханий азык бере албай жатабыз. Битке өчөшүп көйнөгүмдү өрттөй албайм. Макаланын таасиринде бактылуу жашаган кишилердин берген батаасы гана мени интернетте кармап турат. Болбосо эчак эле соцтармактан чыгып кетмекмин... Керегин алгыла, каргабагыла... Чаяндан бетер чага турган, айбандын иши менен алек болгон адамдар оңолсо экен😞😞😞 Атың жаман болсо - дарманың кетет. Аялың жаман болсо - мейманың кетет. Өзүң жаман болсоң - ыйманың кетет. Уулуң жаман болсо -жыйганың кетет Идрис Айитбаев
2380   44
28.06.2020
АР КИМДИ ӨЗҮМДӨЙ ОЙЛОП, АЛДАНА БЕРЕМ!!! Кээ бирки адамдар бүгүн аларды бактылуу кыла турган адам табылса, кече бактылуу кылган адамын унутуп ташташат экен... # Акылың кичирейген сайын тилиң узара берет экен… # Кудай мага сүйлөсүн десең, Куран оку. Сен Кудай менен сүйлөшөм десең намаз оку… # Карызга акча берип турган адам табышың мүмкүн, бирок карызга бакыт берип тура турган адам таба албайсың… # Көчөгө байлыгын таштап салган адамдар жок, бирок баласын таштап салган адамдар чыга баштады… # Устазын урмат кылып, колундагы муздак сууну устазынын даараты үчүн койнуна катып жылыткан шакирттер бар эле. Азыркылар колундагы муздак сууну устазынын койнуна куйганы даяр… Тууган болуп кирип алып койнуңа Жылан болуп оролгон көп мойнуңа Жакшылыкты сезбегендер бездирди Жаным ооруйт, алдаганды койгула!!! Идрис Айитбаев
Загрузка...
2357   45
29.11.2019
БОЙДОКТОРГО Өзүңөргө аял тандабай, болочок БАЛДАРЫҢАРГА АПА-АТА тындагыла!!! ЭРКЕКТЕРДИ 25 жашка чейин зарылчылык болбосо үйлөнүүсүн сунуштабайм... КЫЗДАРДЫ мектепти аяктаган болсо, жогорку окуу жайда окуп жаткан болсо да эң биринчи орунда адеп-ахлактуу ата-эненин уулунан, жакшы үй-бүлөдөн колун сурап келе жаткан болсо, өзү да моралдык жактан даяр болсо, баланын адамгерчилигин кара да мүмкүнчүлүктү качырбай турмушка чыгып кеткен оң деп айтам. АЗГЫРЫЛБА Азыр болочок өмүр шеригинин: Адебин карабай-аудисин карап, Үмүтүн карабай - үйүн карап, Билимин карабай - кийимин карап, Атасын карабай - акчасын карап, Апасын карабай - дүйнө запасын карап, Сөзүн карабай - өзүн карап, Өнөрүн карабай - көйнөгүн карап Ден-соолугун карабай - оролгон жоолугун карап, Сөзүнүн мани-макалын карабай - топу-сакалын карап, Тирлигин карабай - бойолгон каш-кирпигин карап Адеп-ахлагын карабай - авторитетин карап АЛДАНЫП ЖАТКАНДАР ТОЛТУРА!!! Бала кезден баарын ата-энеңден сурап аткаргандан кийин ЭҢ МААНИЛҮҮ УЧУРДА ДА АТА-ЭНЕҢ МЕНЕН КЕҢЕШИП ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУНУ УНУТПА БАЛАМ!!! 29.11.2019 Идрис акын
2254   56
11.05.2020
КАТТАРГА ЖООП Негизи мага "салам алейкум" деген каттар көп келет. Баарына алик алам, бирок баарына жооп жаза албайм. Жалпы каттардын эң зарыл суроо менен кайрылгандарына жооп бергенге аракет кылам. Ошондо да кээ бир суроолорго жооп тапкыча узап кетем. Билгиси келген адам кайра байланышат, жообун таап бергенге аракет кылам. ЭҢ ӨКҮНГӨНҮМ САЛАМГА жооп жазсаң, кандай анан, мени таныдыңбы..... ж.б.у.с. уланып кете берет.... Ушудан безип жооп жазбасаң: "Саламга алик албаган акмак, өзүнчө звезда" - деп чыккандары арбып баратат. Акмак болсом эмнеге бийликтен ылдыйга түштүң, алдыңа алгалай бер.... СҮЙЛӨШҮҮ АДЕБИНЕ, МАМИЛЕНИН МАДАНИЯТЫНА ДА КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК, ДОСТОР... Баракчаңыздан мобуну реклама кылып бериңиз - дегендерге, реклама кылынып жаткан нерсе менин окурмандарыма дал келсе чыгарам, дал келбесе капа болбонуздар. Анын үстүнө соцбаракчамды колдонууну анча эле биле бербейм, болгону акылым макал жазып чыгарууга жетип жатат... Негизи СОЦТАРМАКТАН кетким келет, бирок белгилүү окурмандардын сурануусу менен гана кирип турам... ЖАМАН КӨРӨКЕЙ ЖОК, ДОСТОР...
2196   21
21.05.2020
30 күндө 30 сабак 28-күн АР КИМ ӨЗҮНҮН ЫРЫСКЫСЫ МЕНЕН ЖАРАЛАТ Баягыда бир отунчу болгон экен. Кедейликтин айынан шаарга отун терип келип, мына ошол отунду сатып күн көрчү. Бирок ар дайым отунду сатып болгону 200 сом (дирхам) сабат экен. Эч качан андан көп акча таппайт экен. Күндөрдүн биринде бир оолуя аксакалга жолугуп, аз акча тапканынан арызданып калат. Оолуя аксакал: -уулум, Аллах сенин ырыскыңды 200 сом деп жазган болсо сен эч качан 202 сом да таппайсың - деп жооп берет. Жообуна арданган киши отунчулукту таштап салып, көп акча табуу максатында кара жумуш аткара баштайт. Биро бары бир ошол эле акча табат. Күндөрдүн биринде бир колунда бар бай манапка жолугуп калат. Бай киши: -менин короомдо, багымда жумуш бар. Келип аткар, күнүнө мен сага 200 сом кызмат акы төлөп берейин-деп айтат. Оолуянын "Аллах сенин ырыскыңды 200 сом деп жазган болсо сен эч качан 202 сом да таппайсың" - деген эсине келет да: -макул барайын, бирок жок дегенде 202 сом кызмат акы бериңиз - дейт. Анын бул сунушун уккан бай киши: -жок, короомдо үйүм бош, кааласаң бекер жатып жаша. Бирок ашыкча акча бере албайм - деп жооп берет. Жок дегенде ушул жумуштан кур калбайын деген үмүт менен макулдук берет. Ошентип иштеп жүргөн кишини жумушун бай киши жактырып калат да, аны кенже кызына үйлөп, ошол үйгө жайгаштырып койот. Ошентип биз билген отунчу үйлүү болот, балалуу болот, жерлүү болот. Ушинтип отуруп байып кетет. Күндөрдүн биринде жанагы оолуяны издеп таап: -оолуям, сиз мага ушундай дедиңиз эле. Мына азыр байып кеттим, эми эмне дейсиз! - деп суроо узатат. Оолуя киши баарыбызга сабак боло турган жооп берет: -уулум, сенин ырыскың азыр деле 200 сом. Ал эми сен ээ болгон мына бул байлыктар аялың жана балдарыңдын ырыскысы-деген экен... АНДЫКТАН Урматтуу эркектер, үйлөнгөндөн кийинки ийгилик же береке жалгыз эркектики эмес. Ал ийгиликте аял менен бала-чаканын акысы бар... Идрис акын